Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кир жуккан, булганган абалда болуу, кир болуу, булгануу. Сыя тамган жер ак шейшепке ылай тийгендей кирдеп калды (Сыдыкбеков). Бүткөн боюң тердебейт, Жууган жакаң кирдебейт (Үмөталиев). 2. өт. Жаманатты болуу, кепке сөзгө калып, баркы кетүү. Азыр эски актив сөрөйлөр кирдеп, элге жаман көрүнө баштаган сыяктуу («Ала-Тоо»). 3. өт. Көңүлү калуу, капа болуу, таарынуу. Кетериңде дүнүйө, Кайгылуу көңүл кирдейсиң (Токтогул). Келген жаш Толубай чалга минтип сүйлөйт, Сен кимсиң? Билбей кайтсам көңүлүм кирдейт (Осмонов).