КИРИШ СӨЗ
Энциклопедия "Манас". ч.1.«КИРИШ СӨЗ» — Б. Керимжанованын «Манас» эпосунун курама вариантынын экинчи бөлүгү «Семетей» (Фр., 1959) эпосуна жазган баш макаласы. Макала эпостун вариантында чагылдырылган доордун мүнөзүн жана генеологиялык циклдешүү принцибинин өзгөчөлүгүн иликтөөгө арналган. Ушул максатта эпостогу байыркы элементтер каралып, жомоктук-мифтик катмарлардын орун алышы тийиштүү деңгээлде көрсөтүлөт. Чыгарманын сюжеттик канвасы жана чагылдырылган доору талданат. Генеологиялык циклдештирүүнүн классикалык үлгүсү болгон «Семетей» эпосунун айрым сюжеттик мотивдери, образдары, поэтикасы сөзгө алынат. Эпос биринчиден, эл-жер үчүн ички жана тышкы душмандар менен күрөшүү — баатырдык темасы, экинчиден, романтикалык сүйүү темасына бөлүнөт. Ал темалар бири-бири менен айкалышып, поэманын сюжетин түзөт жана ал сюжеттик окуялар Семетейдин кыймыл-аракети, ой-дүйнөсү, турмуштук көз караштары менен ажырагыс байланышта өнүгөт. Аны ички жана сырткы душмандарга каршы жүргүзгөн күрөшүнөн баамдайбыз. Эч себепсиз эле бөтөн элди чаап алуу поэманын духуна жат. Ал эми Семетейдин Коңурбайга каршы аттануусу эки себепке негизделген. Биринчиден, алыстагы Коңурбай капылеттен кол салбасын деген тактикалык максат, экинчиден, ата-бабаларынын өткөн өчүн, кеткен кегин алуу экендиги белгиленет.
«Семетей» поэмасынын экинчи сюжеттик өзөгүн лирикалык тема түзүп, махабат мамилелери орчундуу орун ээлейт. Семетей менен Айчүрөк табиятынан эле бири-бирине ылайык жаралгандай, ата салты боюнча да, тунук махабаттын салтанаты боюнча да үйлөнүү поэмада оригиналдуу чечилген. Жыйынтыктап айтканда эпостун вариантынын бардык тутумдук бөлүктөрү өз жайын тапкан. Сүрөттөлгөн окуялар, көрүнүштөр ырааттуу берилген — органикалык ички биримдик бекем сакталган, өзүнчө бүткөн. «Семетей» поэмасы кыргыз элинин нечен кылымдар бою башынан өткөргөн тарыхый, социалдык турмушун, прогрессивдүү ой-тилегин, патриоттук күрөшүн жогорку пафосто, чебер сүрөттөп берген көркөм чыгарма катары бааланат.
Ж. Сагынов