Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Кок компоненти бир катар түрк тилдеринде «сасык жыт» деген мааниде өз алдынча колдонулат (ЭСТЯ: 1980:32). Азыркы түрк тилинде бул сөз этиш сөз түркүмүнө кирет жана «1. пахнуть, издавать запах»; 2. завонять; протухнуть» деген маанилерди билдирет. Мындан тышкары, атооч катары өз алдынча колдонулбаганы менен «кокла – «нюхать, вздыхать запах», «коклаш – обнюхиваться» деген туунду формалары бар (ТРС 1994:555).