Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I: кириш сөз — сөз башы, алгачкы сөз. Бул кириш сөздө.. бир катар пикирлер айтмакпыз (Аалы). Кириш бөлүм — негизги курстан мурдагы бөлүк.
КИРИШ II киреше менен бирдей.
КИРИШ III этиш. 1. Бир ишти иштөөгө баш коюу, иштей баштоо, аракеттенүү. Дүкөнчү соода жүргүзүүгө киришти (Убукеев). Жылдызкан уйду саап коюп, тамак жасоого киришти (Байтемиров).
2. Кийлигишүү, кошула кетүү. Бул ишке сиздин киришкениңиз эң туура (Жантөшев). Аш-тамакка киришкен, Башка эле сенин кыялың (Тоголок Молдо).