Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерседен катуу корккондуктан же аябай уялгандыктан эмне кыларын билбей калуу, айласы кетүү. Башкы врачтын көзүн көргөндө бөйпөңдөп, кирерге жер таппай калат (Бердикеев). Коркконунан үрөйү учуп, кирерге жер таппайт (Тойбаев). Ал ошондо гана кыздын эмне максат менен келгендигине түшүнүп, кирерге жер таппай, бети чымырады (Саатов).