КИРДИ-ЧЫКТЫ ЭСИ БАР
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Өтө акылдуу болбосо да, анча-мынча эси бар, кээде бир нерселерге түшүнө коймосу бар. Кирди-чыкты эси бар кичи пейил уул экен («Эр Табылды»). 2. Бирде түшүнсө, бирде түшүнбөгөн, элдир-селдир эсине келе калган (көбүнчө оорукчан адамга карата). Жалгыз баласынын жоодо калганын угуп, шордуу эне эсинен танып жыгылды, ошондон бери кирди-чыкты эси бар (Укаев).