Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өтө акылдуу болбосо да, анча-мынча эси бар, кээде бир нерселерге түшүнө коймосу бар. Кирди-чыкты эси бар, Кичи пейил уул экен («Эр Табылды»). 2. Бирде түшүнсө, бирде түшүнбөгөн, элдир-селдир эсине келе калган (көбүнчө оорукчан адамга карата). Жалгыз баласынын жоодо калганын угуп, шордуу эне эсинен танып жыгылды, ошондон бери кирди-чыкты эси бар (Укаев). В.: Кирди-чыкты акылы бар. Койчубектин кирди-чыкты акылы бар, мага окшогон бир байкуш (Байтемиров).