Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Басуу, бир жакты көздөй кетүү, жөнөө, баруу. [Мусабек].. жүрүп кетти (Сасыкбаев). Жүрүп бараткан пароходдун.. түтүнү (Сыдыкбеков).
  1. 2.           Кыймыл-аракетте болуу, кыймылдоо (шамалга, желге карата). Көк бетине жылдыз жайнап, сыдырым шамал жүрдү (Каимов). Акырын жүрүп турган жел бороонго айланып, көчөдөгү ыпыр-сыпырлар чаңга аралаша түштү (Жаш ленинчи»).
  2. 3.           Белгилүү бир жайда болуу, күн өткөрүү, жашоо. Базарда жүргөн эле. Эсен-соо жүрүшөбү? Нарында жүрөт. Шаарда жүрөт.
  3. 4.           Бирөөгө жалдануу, кызматын кылуу абалында болуу. Нечен жыл кызматын кылып, малай жүрдүк («Ала-Тоо»).
  4. 5.           Шахмат, дойбу, тогуз кумалак же карта оюндарында фигураларды жылдырып ойнотуу, жүрүү; кезеги келгенде оюнду аракетке келтирүү.
  5. 6.           Аракетте болуу, күчүндө туруу. Үстөмдүк жүрө баштады. Бийлик жүрдү. Жүрүп турган закондор. Бул акча жүрөбү?
  6. 7.           Иштелүү, аткарылуу процессинде болуу. Сабак жүрүп жатат. Ремонт жүрдү.
  7. 8.           Ойноштук, көңүлү жакындык абалында болуу. Жүргөн кишиси ким экен? Экөө качантан бери жүрө башташыптыр?
  8. 9.           Көмөкчү этиш катарында колдонулат. Шаарда окуп жүрөт. Күнүгө келип жүрөт.

¨ Жүр нары — эптемей, эптеп бүтүрө салмай, халтура.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. (в эпосе, а в некоторых говорах и теперь имеет форму жүрү-: жүрүмүн, жүрүсүң и т.д.) двигаться, быть в движении; ходить, ездить;
жүрүп кетти он двинулся с места, он отправился, пришёл в движение;
эртең шаарга жүрөм завтра я еду в город;
жүрү! ну-ка!; иди!, идём!;
жүрү, баралы! ну-ка, пойдём!; пойдём-ка!;
жүрү, чоң эне, бат! ну, бабушка, скорее!;
жүрү, Тарагайга баралык! ну, едем в Тарагай!;
кайдасың? бери жүрү! где ты? иди сюда!;
"Элдияр, ыл- дам жүрү!" деп, Табылды үнү барк этет фольк. раздался громкий голос Табылды: "Элдияр, иди скорее!";
жүрү, төрөм, баралы! айдай болгон Канышай, ажыратып алалы! фольк. ну, господин мой, едем! луноликую Канышай вызволим!;
2. жить; находиться, пребывать в каком-л. состоянии;
ал Нарында жүрөт он находится в Нарыне;
Асан мында жүрү Асан находится здесь (в этих местах);
ар кимдин жүргөн жери - Мисир погов. всяк кулик своё болото хвалит (букв. для каждого место, где он живёт, - Египет, т.е. благодать);
эсен-соо жүрөбүз мы живы-здоровы;
ар короодо беш-алты адам боштон жүрү фольк. в каждом дворе пять-шесть человек пребывают в праздности;
3. служить, работать (по найму у частного лица);
ал байга жүргөн он служил у бая;
малай жүр- или малайлыкка жүр- служить в качестве работника, батрака у кого-л.;
ар кимдин эшигинде малай жүргөн он был батраком у разных лиц;
бир жылдык кызмат кылмакка тайга жүрдүн, кедейлер стих. чтобы прослужить год (у бая), вы, бедняки, нанимались за одного жеребёнка;
4. быть в действии, действовать (о законе); иметь хождение (о деньгах);
жүрүп турган закондор действующие законы;
бул акча жүрөбү? эти деньги имеют хождение?
5. (о ветре) дуть (прим. см. жел I 1);
6. (о женщине) находиться в любовной связи;
жүргөн кишиси её любовник;
7. карт. ходить;
көзүрдү жүрдүм я пошёл с козыря;
8. с предшеств. прич. прош. вр. намереваться; быть близким к чему-л.;
ат алганы жүрөм я собираюсь купить лошадь;
душманым ушул бети жок болгону жүрөт моим врагом хочет стать вот этот бесстыдник;
өлгөнү жүрөт его смертный час близок;
9. с гл. бол- оказаться кем-чем-л.;
болуп жүрбөсүн? (а это) случайно не...?
ай, мунуң Карабай болуп жүрбөсүн? да это уж не Карабай ли?
сен Токтогул болуп жүрбөгүн? да ты случайно уж не Токтогул ли?
акча дагы керек болуп жүрбөсүн! как бы ещё и деньги не понадобились!;
билип коюп жүрбөсүн как бы он случайно не обнаружил;
10. в роли вспомогательного глагола придаёт действию основного глагола характер длительности, постоянства;
ал Фрунзеде окуп жүрөт он учится во Фрунзе;
ушул убакка чейин текшерилбей жүрөт до сих пор не расследуется;
сен мындан ары тентек болбой жүр ты впредь не будь озорником;
адамдарга сез кылып, аркы-терки жүрүп жүр фольк. для острастки ты прохаживайся туда-сюда (говорят страже);
бул китепти окуп жүр эту книгу ты почитывай;
азырынча айыл мектебинде окуп жүрсүн, кийин көрөрбүз пока пусть он учится в сельской школе, потом посмотрим;
эмне болуп жыгылып кетип жүрөсүң? как это ты умудряешься падать?
анда-санда ооруп коюп жүрөт он прихварывает;
үмүтүм үзүп жүрөмүн я теряю надежду;
мурда да соттолуп жүргөн адам (этот) человек и раньше привлекался к судебной ответственности (букв. к суду);
деп жүр- предполагать, думать;
"эл чогулса эле, той берет" деп жүрбөнүз не думайте, что если собрался народ, то уж, мол, лир устраивается;
"быйыл курортко барайын" деп жүрдүм эле, болбой калды думал было я в этом году поехать на курорт - не вышло;
кайдан туруп жүрөйүн! зачем мне вставать и беспокоиться! (да ну его!);
жүр нары (или жүрнары) кыла сал- или жүр нарыга сал- делать кое-как, делать шаляй-валяй;
жүр-жүргө алып подгоняя и понукая (ну, живо-живо!, поворачивайся!);
жүр-жүргө алып, көчүрүп, жүдөтпөсүн майдасын фольк. как бы не изнурил мелкоту, понукая к перекочёвке.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир жакты көздөй басуу, кадам шилтөө, багыт алуу, бастырып чыгуу, транспорт менен жөнөө, сапар тартуу, жолдо болуу. Адымдап ыкчам жүрөлүк (Бөкөнбаев). Катуу жүрбөй, жай жүрүп, Келди Курман жууктап («Саринжи-Бөкөй»). Араба менен жүрчү эле, Семиздиктен баса албай (Маликов). Кечке жүрдүк, адыр, белес, дөң бастык (Токомбаев). 2. Барууга, бирге жөнөөгө ж. б. чакыруу иретинде колдонулат. Ким болсоң да үйгө жүрчү (Сыдыкбеков). Жүр, кино башталганча үйгө кирип олтуралык (Сасыкбаев). Эй, балдарым, кайдасыңар, жүргүлө! (Токомбаев). 3. Кандайдыр бир жерде болуу, туруу, жашоо. Көр азабын көрүптүр, Жети жыл анда жүрүптүр («Манас»). 4. Иштелүү, аткаруу процессинде болуу. Зор иштер жүрүп жатат (Сыдыкбеков). 5. Бирөөгө жалданып иш иштөө, жалданып жумуш кылуу. Малай жүрдүм жалданып, Чоң курсак байга алданып (Бөкөнбаев). 6. Бир нерсенин ордун алмаштыруу, ага барабар келүү, анын ордуна колдонулуу. Кой ордуна жүргөн козу. Арзан баага жүрдү. Эгин акча ордуна жүрдү. 7. Транспорт, механизмдер ж. б. кыймылга келүү, иштөө. Машина жүрсө бүлкүлдөп, чаң чыгат жолдон бурулдап (Мидин). Токтобостон жүрө берди тегирмен (Токомбаев) 8. Суу, жаан, сел ж. б. каптоо, катуу агуу. Балгарттын суусу кириптир, Башынан кыян жүрүптүр («Эр Табылды»). Өкүрүп тентек суу жүрсө, Өзөндүн көркүн сай берет (Токомбаев). 9. Агымда болуу, согуп туруу. Бир кезде туман өйдө көтөрүлүп, Кар учуп, борошолоп шамал жүрүп (Шүкүрбеков). 10. Көңүлү жакын болуу. Анын аялы менен жүрүп алыптыр деген ушак. 11. Шахмат, шашка, тогуз кумалак, карта ж. б. оюндарында фигураларды жылдыруу, оюнга аралашып жүрүшкө ылайык жооп берүү, жооп кайтаруу. Он биринчи жүрүштө актар атты жүрдү. 12. Белгилүү бир абалда, жагдайда, жүрүш-турушта болуу. Каникулга чыктык деп, Бош жүрбөйлү айылда (Осмонкул). Адам сүйгөн ишинде жүрсө көңүлү ачылса керек (Сыдыкбеков). Жакшы жүрүп үлгү алгын. Арааны жүрдү. 13. Бар болуу, болуу. Ташы жүрөт, ташын бирден терейин, Мыя жүрөт, мыяларын элейин (Осмонов). Көңүлүндө Пушкин жүргөн (Маликов). 14. Көмөкчү этиш катарында колдонулат. Жолоочу айланчыктап басып жүрдү (Токомбаев). Кайгырып жүрөм сен үчүн капалуу болуп бул жайда (Үсөнбаев) Акын Током сөзү деп, Айтып жүр сөздү баштарда (Токтогул).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. проезжий, прохожий; путник; пассажир;
жүргүнчүнүн жолу проезжая дорога, большая дорога;
кедей, байы тыйылбас жүргүнчүнүн жолу эле фольк. это была большая дорога, на которой не прекращалось движение бедняков и богачей;
2. ист. торговец, ведущий разъездную (караванную) торговлю.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖҮРГҮНЧҮЛӨР БАРАКЧАСЫ – учак же кеме жүргүнчүлөрүнүн тизмеси жазылган баракча. Анда алардын аты-жөнү менен дагы башка маалыматтар камтылат, өлкө бекетинен чыгып жатканда же четөлкө бекетине келип жеткенде, эмиграциялык бийлик өкүлдөрүнө көрсөтүлөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖҮРГҮНЧҮЛӨРДҮ ТАШЫП ЖЕТКИРҮҮ КЕЛИШИМИ – ташуучу жүргүнчүнү тийштүү жерине жеткирүүгө, а жүргүнчү жанжүк тапшырган кырдаалда аны да жерине жеткирип, жанжүктү алууга ыйгарым укуктуу адамга тапшырууга милдеттенген келишим; жүргүнчү өзүн жана жанжүгүн жеткиргендиги үчүн белгилүү акыны төлөөгө милдеттенет. Ж. т. ж. к. билет, ал эми жүргүнчүнүн жанжүк тапшырганы – жанжүк дүмүрчөгү менен күбөлөнөт. Билет жана дүмүрчөк тариздери унаа уставдарында жана кодекстеринде белгиленген тартипте аныкталат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тез жүргөн, өктөм, жүрүшү мыкты (унаага карата). Жүрдөөк жылкы. Жүрдөөк ат. 2. Жайылганда, оттогондо алдыга түшүп алып, артынан башка малды ээрчитип кете берүүчү, бир жерге токтоп турбай кете берүүчү, баштаак. Кула бээ жүрдөөк эле, жылкы алыс кетип калат, тушап койчу («Ала-Тоо»). 3. Аягы суюк, ойношчул. Жүрдөөк эркек.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кайдыгерлик, көңүл коштук менен эптеп-септеп бүтүрө коюу, көздөн далда кылуу. Жүр-нарыга салбастан, сапаттуу иштеп көнгүлө (Осмонкул). Ошондо биздин колхоздо уятсыз жүр нарыга салчулар эски журтта улуп калган күчүктөй болушар (Жантөшев). Ал кендин жумушуна кайдыгерлик менен карап, жүр-нарыга салууга өттү (Сасыкбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кайдыгерлик, көңүл коштук менен эптеп-септеп бүгүрө коюу, көздөн далда кылуу. Жүр нарыга салбастан, сапаттуу иштеп көнгүлө (Осмонкул). Ошондо биздин колхоздо уятсыз жүр нары салчулар эски журтта улуп калган күчүктөй болушар (Жангөшев). Алкендин жумушуна кайдыгерлик менен карап, жүр-нарыга салууга өттү (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көңүлү калуу, жек көрүү сезими пайда болуу, эч кечире албоо, Курумбай кудасына берген сөзүн жокко чыгарган Осмонкулга эми жүрөгү агарбай калган (Өгөбаев). В.: жүрөгү жибибөө. Ошондон кийин Айнанын күйөөсүнө жүрөгү жибибей койду («Кыргызстан маданияты»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кускусу келүү, окшуй тургандай болуп, өзүн начар сезүү, жипкирүү. Жүрөгүм айланып, башымды көтөрө албай жатам («Ленинчил жаш»). Жүрөгү айланып, окшуганы араң турат. В.: Жүрөгү айнуу. Эмнегедир жүрөгүм айнып турат, – деп, чекесин басты («Ала-Тоо»). Жүрөгү аңтарылуу. Ай, үйдө ким бар? чылапчын алып чык жүрөгүм аңтарылып кетти! (Байтемиров). Жүрөгү көтөрүлүү. Көңүлүм караңгылап, жүрөгүм көтөрүлүп турат («Ала-Тоо»). Көңүлү айнуу. Көңүлүм айнып, жипкире баштадым.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Каңдайдыр бир кооптуу же кубанычтуу нерсени күткөндөй тынчсыздана берүү, көңүлү эргип, токтоно албай, алеп-желеп болуу. Жүрөгү алып учуп, өзүнөн-өзү ээликкен Батийна айылда ыйлап-сыктаган катын-калачтын арасында калалбай баягы ойсоктогон кер бээни жетелеп келип токунду (Сыдыкбеков). Көңүлүм көптү санатат Алып учуп жүрөгүм («Семетей»). Турсун кубанып, жүрөгү алып учуп, апкаарый түштү (Сасыкбаев).Көзүм тартып болкулдайт, Көңүлүм көптү саматат, Алып учуп жүрөгүм («Семетей»). В.: Жүрөгү туйлоо. Жүрөгүм туйлап, эки-үч ирет эңкейип карасам да эч нерсе көрүнбөдү (Жантөшев). – Куттуктайм! – Кыздын алаканы ысык эле. Ошол жылуу илепке Ашырбектин жүрөгү туйлап кетти (Ашымбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандайдыр бир кооптуу же кубанычтуу нерсени күткөндөй тынчсыздана берүү, көңүлү эргип, токтоно албай, алеп-желеп болуу. Жүрөгү алып учуп, өзүнөн-өзү ээликкен Батийна айылда ыйлап-сыктаган катын-калачтын арасында калалбай баягы ойсоктогон кер бээни жетелеп келип токунду (Сыдыкбеков). Турсун кубанып, жүрөгү алып учуп, апкаарый түштү (Сасыкбаев). Көзүм тартып болкулдайт, Көңүлүм көптү саматат, Алып учуп жүрөгүм («Семетей»). Топ ичинен кызды таанып, жүрөгү алып учту (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Күтүлбөгөн жерден, капысынан боло калган кубанычтуу же коркунучтуу нерсеге карата катуу таасирленүү, апкаарып алдастай түшүү. Кубанган жүрөгүм атып кетти өңдөнөт. Аны укканда бечара эненин жүрөгү атып кетти го? («Ала-Тоо»). В.: Жүрөгү болк дей түшүү. Чоконун жүрөгү болк дей түштү (Жантөшев). Байымбеттин жүрөгү болк дей түшүп, өзүнүн Сейдешин эскере мууну бошой имерилди (Бейшеналиев). Жүрөгү болкулдоо. Мен дагы догдур же маалим экен деп, жүрөгүм болкулдап, жаным калсачы («Чалкан»). Жүрөгү кабынан чыгуу. Алымкулдун бүрсүгүнкү жөнөй турганын угуп, Гүлайымдын жүрөгү кабынан чыгып кете жаздады (Абдукаримов). Менин жүрөгүм кабынан чыгып кетчүдөй катуу сого баштады («Ала-Тоо»). Жүрөгү болк этүү. Алардын караанын көргөндө жүрөгүм болк этип кетти («Ленинчил жаш»). Ок чуу этип кулагымдын жанынан өтүп кеткенде «кудай сактаа, бөйдө өлүм боло жаздадым ээ», – деп, жүрөгүм болк эте түштү (Бейшеналиев). Жүрөгү солк дей түшүү. Ал жигит жакындап келгенде Сатардын болбой чыгышына Сабиранын жүрөгү солк дей түшүп, денеси дуркүрөдү (Алыбаев). Жүрөгү селт дей түшүү. Макмалдын жүрөгү селт дей түшүп, кызына жайындагы Кетмен-Төбөлүк жаш ырчынын көңүлү түшүп кеткенин, баягы Жеңижок акундун кепке тартканын эстеди (Касымбеков). Жүрөгү солк этүү. Көзү көзүнө бир урунуп, Беделбайдын жүрөгү солк этти (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Күтүлбөгөн жерден, капысынан боло калган кубанычтуу же коркунучтуу нерсеге карата катуу таасирленүү, апкаарып алдастай түшүү. Кубанган жүрөгүм атып кетти өңдөнөт. Аны укканда бечара эненин жүрөгү атып кетти го? («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсеге аябай кайгыруу, капа болуп туталануу, жүрөгү сыздоо. Бакенин эстегенде мына ушул сүйүнүчкө аралаш жүрөгү ачышып кетет (Өмүрбаев). Бул саам ызалана айлык акы доолаганына жакшы эле токтоо Шволиктин жүрөгү ачышты (Ашымбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерсеге аябай кайгыруу, капа болуп туталануу, жүрөгү сыздоо. Бакенин эстегенде мына ушул сүйүнүчкө аралаш жүрөгү ачышып кетет (Өмүрбаев). Бул саам ызалана айлык акы доолаганына жакшы эле токтоо Шволиктин жүрөгү ачышты (Ашымбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. ЖҮРӨГҮ АТЫП КЕТҮҮ Алардын караанын көргөндө жүрөгүм болк этип кетти («Ленинчил жаш»). Ок чуу этип кулагымдын жанынан өтүп кеткенде «кудай сактаа, бөйдө өлүм боло жаздадым ээ», - деп, жүрөгүм болк эте түштү (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Санаасы тынып, эс ала түшүү. Чынарды карасам денесин мотурайтып сопсонун болуп уктап жатыптыр, ошондо жүрөгүм кичине бөксөрө түштү (Бердикеев). В.: Жүрөгү ылдыйлоо. Чоң атасы бакка киргенде Сабырдын жүрөгү ылдыйлап, а тургай коркконун билгизбейин деди (Жусупов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерсеге чечкиндүүлүк кыла албоо, белсенип кирише албоо, батына албоо, тарткынчыктанган абалда болуу. Кундуз демин ичине жыйып, жакшы эле бир нерсе айтмакчы болот, бирок, кайра эле ошого жүрөгү даап бара албай оозун жыйып алат (Акматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Батына албоо, кооптонгон, тарткынчактаган абалда болуу. Эшикти ачып кароого жүрөгү даабады (Жантөшев). Кундуз демин ичине жыйып, жакшы эле бир нерсе айтмакчы болот, бирок, кайра эле ошого жүрөгү даап бара албай оозун жыйып алат (Акматов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өтө сүйүнүп же катуу коркуудан аябай толкундоо, абдан алдастоо, апкааруу абалына карата. Бек армиядан келгенде Жыпардын жүрөгү жарыла жаздаган (Каимов). Козучак-чайып ачкычынын жүрөгү жарыла жаздады (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өтө сүйүнүп же катуу коркуудан аябай толкундоо, абдан алдастоо, апкааруу абалына карата. Бек армиядан келгенде Жыпардын жүрөгү жарыла жаздаган (Каимов). В.: Жүрөгү жарылып кете жаздоо. Кожокенин үнүн укканда Кудайбергендин жүрөгү жарылып кете жаздады (Сыдыгалиев). Жүрөгү ыргып кете жаздоо. Акнаардын жүрөгү ыргып кете жаздайт (Осмоналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ийигүү, жакшы көрүү, ыраазы болуп калуу. Ага жүрөгүм жибип калды. Аны көргөндө эле жүрөгүм жибиди. Ушунун себебин Жаманкулдан көрүп, жүрөгүжибип, ичи-тышы бирдей даалдаган жигитти анык боорундай көрүп жүрөт (Өгөбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ийигүү, жакшы көрүү, ыраазы болуп калуу. Ага жүрөгүм жибип калды. Аны көргөндө эле жүрөгүм жибиди, Ушунун себебин Жаманкулдан көрүп, жүрөгү жибип, ичи-тышы бирдей даалдаган жигитти анык боорундай көрүп жүрөт (Өгөбаев). В.: Жүрөгү жылуу. Кыз босогодон көрүнгөндө Осмонкулдун жүрөгү жылый түшүп, өзүнө көптөн тааныш кымбат адамын көргөндөй болду (Өгөбаев). Алардын эмгеги бөтөнчө ачык пейилдүүлүгүн белгилеп... келген адамдардын жүрөгү жылыды (Байтемиров). Жүрөгү ысуу. Ошентип, Тазабектин тиги экөө үчүн муздап жүргөн жүрөгүнүн бир чети жанагыдай мамиледен улам ысып калат (Медетов). – Иш оңунда! –Нүзүптүн жүрөгү ысып кетти (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Коркок, өтүмү жок, кайратсыз. Болуптур эмесе, жүрөгү жок коркоктор (Каимов). Жүрөгү жок ургандар, Качып берип сайдырар (фольк.). - Айрөк, айрөк, кыз менче жүрөгү жок, балбан туруп (Бейшеналиев). 2. Ырайымсыз, таш боор. - О, -о журт, ансыз да бөлүнүп-чабылып бүттүк. Бу жүрөгү жок канкоррлор элдин убалынан коркобу? Абайлап, аялдагыла. Анан көрө жатаарбыз (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Коркок, өтүмү жок, кайратсыз. Болуптур эмесе, жүрөгү жок коркоктор (Каимов). Жүрөгү жок кургандар, Качып берип сайдырар («Эр Табылды»). – Айрөк, айрөк, кыз менче жүрөгү жок, балбан туруп (Бейшеналиев). 2. Ырайымсыз, таш боор. – О, – о журт, ансыз да бөлүнүп-чабылып бүттүк. Бу жүрөгү жок канкорлор элдин убалынан коркобу? Абайлап, аялдагыла. Анан көрө жатаарбыз (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. ЖҮРӨГҮ ЖИБҮҮ Кыз босогодон көрүнгөндө Осмонкулдун жүрөгү жылый түшүп, өзүнө көптөн тааныш кымбат адамын көргөндөй болду (Өгөбаев). Алардын эмгеги бөтөнчө ачык пейилдүүлүгүн белгилеп... келген адамдардын жүрөгү жылыды (Байтемиров).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандайдыр бир көркунучтуу же кайгылуу нерсени эстегендей, оюна түшүргөндөй өзүн начар сезип, тынчы кете түшүү, сары санаа болуу. Токой менен чоң суу коркунучтуу. «Жалгыз кантип өтөмүн?»- деген суроо көңүлүнө келе команда жүрөгүзыр дей түштү (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир коркунучтуу же кайгылуу нерсени эстегеңдей, оюна түшүргөндөй өзүн начар сезип, тынчы кете түшүү, сары санаа болуу. Токой менен чоң суу коркунучтуу. «Жалгыз кантип өтөмүн?» – деген суроо көңүлүнө келе калганда жүрөгү зыр дей түштү (Каимов). В.: Жүрөгү зырп эте түшүү. Кемпирдин бир сөзүнөн улам эмнегедир Мыскалдын жүрөгү зырп эте түштү да, өңү өзгөрүп кетти (Элебаев). Жүрөгү зыр этүү. Булутту тиктеп телмирген Адылбектин жүрөгү зыр этип, ачышып калат далайга (Өмүрбаев). Жүрөгү зил болуу. Өзү мурунтан күдүк болгон абал туулуп, жумушчулардын каарданган толкуну күчөгөндө Бугимовдун жүрөгү зил болду (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерседен катуу коркуп же тажап көргүсү келбөө, жалкуу, жалкоотой болуу, экинчи кайрылгыс, кайталагыс болуу. Өөдө жерде майышкан, жүрөгү калган сайыштан («Манас»). В.: Жүрөгү кайт болуу. Мындай бир окуядан жүрөгү кайт болгону бар (Ашымбаев). Жүрөгү кайтуу. Экөө тең жаш. Экөөнүн тең жүрөктөрү кайта элек (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жаны кейүү, кайгыруу. Булар үчүн жүрөгү канап отурган ушул кемпир – Мандаштын кемпири Күлкан (Өмүрбаев). Ысыгы-сууктан жарылып канталаган кызынын жумуру балтырын кыяк чөп кесип кеткенине эненин жүрөгү кошо канап жалбарат (Акматов). В.: Жүрөгү мыкчылуу. Жоголуу жышаанасын кабардаган жаман белги болуп кишилердин жүрөгү мыкчылды (Сыдыкбеков). Жүрөгү куушурулуу. Ишенсең сенин тааныш карааның менден алыстаган сайын жүрөгүм куушурулуп баратты (Сайдуллаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жаны кейүү, кыйналуу. Булар үчүн жүрөгү канап отурган ушул кемпир - Мандаттын кемпири Күлкан (Өмүрбаев). Ысылы-сууктан жарылып канталаган кызынын жумуру балтырын кыяк чөп кесип кеткенине эненин жүрөгү кошо канап жалбарат (Акматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Мээримсиз, боору жок, кайрымы жок, таш боор. Эгерде ал дити супсак, жүрөгү муз адам болсо, Данияр азыр минтип ырдай албайт эле (Айтматов). В.: Муз жүрөк. Согум союшчудай шымаланышкан төрт-беш жигитине буйрук берген тигил муз жүрөк Адыке (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көңүлү калуу, жаман көрүү, жек көрө баштоо, ичи жылыбоо. Жеңелери канча алаксытып, канча жооткотушса да, Батийнанын жүрөгү муздагандан муздады (Сыдыкбеков). В.: Жүрөгү муз болуу. Жанатан ажаандай жалаңдап качырган каракчылардан анча чочубаган Зууракан эми алсыз, аргасыз, каруусуз эзилип ыйлаган өз эринин тигил кебетесин көргөндө жүрөгү муз болду (Сыдыкбеков). Ичи муздоо. Энемдин ошол тамаша сөзү эсиме түшө калганда, көпкө чейин ичим муздай түшүп жүрдү (Убукеев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аябай коркутуп көкөйүнө тийүү, дайыма чочулап, санааркап, коркуп жүрө турган абалга келтирүү. Бу жүргөн журттун баарысын, Жүрөгүн алып болтурду («Манас»). Байлар кедейлерге ыза көрсөтүүнү, алардын жүрөгүн алууну максат кылып койгон (Элебаев). Бектен өзүнө каршы мансап талашкан бай-манаптардын да жүрөгүнүн сары суусун алат (Баялинов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Абдан берилип, чын ыкласы менен жадырап-жайноо, өтө мээримдүү кабылдоо. Ага кошумча астейдил жадырап кубанып, жүрөгүн ачып, өлчөмсүз ыклас менен тосту (Касымбеков). Келиңиз, Теңирберди, аке, келиңиз! - деп жүрөгүн ачып, меймандарын төшөккө чыгарып калдастады (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан берилип, чын ыкласы менен жадырап-жайноо, өтө мээримдүү кабылдоо. Ат кошумча астейдил жадырап кубанып, жүрөгүн ачып, өлчөмсүз ыклас менен тосту (Касымбеков). Келиңиз, Теңир берди, аке, келиңиз! – деп жүрөгүн ачып, меймандарын төшөккө чыгарып калдастады (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Тайманбас баатыр, эр жүрөк, өткүр курч. Жүрөгүндө кара жок, Өкүмдүгү бар экен («Семетей»). Эр эле жүрөгүндө карасы жок, көгөрсө душманынан кун төлөткөн (фольк.). 2. Ичинде арамдыгы жок, ак ниет, пейли таза, көңүлүндө кири жок. Менин жүрөгүмдө кара жок. Сен ага туура түшүн («Ала-Тоо»). Жүрөгүндө кара жок, бажактаган Тезекбай эми чындоочудай тебетейин тизесине кийгизе, багжайды досуна (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тайманбас баатыр, эр жүрөк, өткүр курч. Жүрөгүндө кара жок, Өкүмдүгү бар экен («Семетей»). Эр эле жүрөгүндө карасы жок, көгөрсө душманынан кун төлөткөн (фольк.). 2. Ичинде арамдыгы жок, ак ниет, пейли таза, көңүлүндө кири жок. Менин жүрөгүмдө кара жок. Сен ага туура түшүн («Ала-Тоо»). Жүрөгүндө кара жок, бажактаган Тезекбай эми чындоочудай тебетейин тизесине кийгизе, багжайды досуна (Бейшеналиев). В.: Жүрөгү майлуу. – Бала да... Жүрөгү майлуу да азыр булардын (Өмүрбаев). Майлуу жүрөк. Бир мүнөз баатырлар бар майлуу жүрөк, Башында далай жанга салган дүбөк (Тоголок Молдо).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өткүр, курч, эч тартынбаган, өтүмдүү. Жүрөгүндө оту бар, билегинде күчү бар Балтабай катуу бекинип, катуу сактанды («Кыргызстан маданияты»). Жүрөгүндө оту бар эр-азаматтар сөз менен даңазаланат («Ленинчил жаш»). В.: Жүрөгүндө жалыны бар. – Айланайын агай, ушул баланы мага чакырып бер, бир сүйлөшөйүн. Жүрөгүндө жалыны бар бала окшойт, – деп жанындагы полдомочен суранды (Жантөшев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өткүр, курч, эч тартынбаган, өтүмдүү. Жүрөгүндө оту бар, билегинде күчү бар Балтабай катуу бекинип, катуу сактанды («Кыргызстан маданияты»). Жүрөгүндө оту бар эр-азаматтар сөз менен даңазаланат («Ленинчил жаш»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Катуу кейитүү, өтө оор кайгыга салуу, тынчын алып кабыргасын кайыштыруу, жанына батуу. Байкуштардын канчоосунун өлүмү кунсуз унутулуп көпчүлүктүн жүрөгүн жаралады (Бейшеналиев). В.: Жүрөгүн зилдетүү. Анын ушул сөзү көптөн бери жүрөгүн зилдетип келген кеселдин өзүнө окшоду (Ашымбаев). Жүрөгүн сыздатуу. Калыйчанын каргышы Арукени селт чочутуп, жүрөгүн сыздатты (Осмоналиев). Жүрөгүн канатуу. Эми аялдын таш боор аяры жүрөгүн канатканда ал үйүнө түнөбөй безип жүрөт (Абдукаимов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ийиктирүү, жумшартып өзүнө имере баштоо, жакындатуу, макулдатуу. Байбиченин пейли, мамилеси Талчанын жүрөгүн жибшпип, көңүлүндөгу кара оюн айдап чыга баштады (Байтемиров). Өгөй кайнененин сустайган мамилеси Батийнанын жүрөгүн жибите алган жок (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көңүл калуу, нааразылык, ишенбестик пайда болуу. Ошондон бери кыздын жүрөгүнө жик кетип, атасы менен сүйлөшпөй жүрөт (Сыдыгалиев). В.: Жүрөгүнө зил калтыруу. Куралына чиренип достошуу жүрөгүнө зил калтырат (Осмоналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандайдыр бир нерседен тынчсызданып, сары санаа болуу, санаркап ойлоно берүү, жүрөк заада болуу. Анын сөзү жүрөгүн өйүптурупалды (Ашымбаев). Өзү менен бирге болуп, бирге жүргөн адам жөнүндө анын санаасы тынса да, жүрөгүн өйүгөн даты эки нерсе - атасы менен сүйгөн кызы - Вера (Баялинов). Мына бул көрүнүш Күмүштүн жүрөгүн өйүй баштады (Жантөшев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Экинчи кайрылгыс, баш көтөргүс кылып катуу коркутуу, сазайын берүү, запкы көрсөтүү. Күйөө чанган бышык келиндин ушинтип сазайын окутуу, жүрөгүн өлтүрүү кайнене, кайнатанын максаты болучу (Сыдыкбеков). Кедей болушту Төрөгелдиге окшотуп жүрөгүн өлтүрсө, башкалар кынына кирбейби? (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көп кайталанган, кайра-кайра боло берип тажатып жиберген нерсени көргүсү келбей калуу, абдан тажоо, зааркануу, катуу коркуп, көңүлү калуу. Корккон балдарым чыркырап энесине жармашат, кээде мени көрсө чыңырып бетин баса калышат. Айтор, ушинтип балдарымдын жүрөгүнө да тийдим (Өмүрбаев). В.: Жүрөгүнө чийки майдай тийүү. Дүйнөдө жалгыздыгыңан тозок жок экен. Жалгыздык жүрөгүмө чийки майдай тийип, мени түгөтүп баратат (Өмүрбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсеге жүрөгү түпөйүл болуп, ичтен сызып кейигендей, тынчы кетип сары-санаа болгондой же жүрөгү элеп-желеп болуп токтоно албагандай сезим пайда болуу. Үпөлдүн муңдуу сөзү, жаштуу көзү Суусардын жүрөгүнө чок салып жиберген сыяктанды (Бердикеев). Ошондо Бала-Тынар жылаажындай үн менен солкулдап ырдап, көп кыздардын жүрөгүнө чок салып келип, ушул Салкынай сулууну өпкөн (Осмоналиев). В.: Жүрөгүнө чок түшүү. Биринчи күндөн эле көңүлү сынган Күласалдын жүрөгүнө чок түшөт (Осмоналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерсеге жүрөгү түпөйүл болуп, ичтен сызып кейигендей, тынчы кетип сарысанаа болгондой же жүрөгү элеп-желеп болуп токтоно албагандай сезим пайда болуу. Үпөлдүн муңдуу сөзү, жаштуу көзү Суусардын жүрөгүнө чок салып жиберген сыяктанды (Бердикеев). Ошондо Бала-Тынар жылаажындай үн менен солкулдап ырдап, көп кыздардын жүрөгүнө чок салып келип, ушул Салкынай сулууну өпкөн (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан жакшы көрүү, үстүнө үйрүлүп туруу, жанын да аябоо. Эгерде керек болсо, бул бала үчүн, Аябайм жүрөгүмдү сууруп берем (Турусбеков). Сен эле аман болсоң – биздин байлыгыбыз, тирилигибиз ошо! – деп курган ата-эне Зарылтайы үчүн жүрөгүн сууруп берет (Өмүрбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Абдан жакшы көрүү, үстүнө үйрүлүп туруу, жанын да аябоо. Эгерде керек болсо, бул бала үчүн аябайм, жүрөгүмдү сууруп берем (Турусбеков). Сен эле аман болсоң - биздин байлыгыбыз, тирилигибиз ошо! - деп курган ата-эне Зарылтайы үчүн жүрөгүн сууруп берет (Өмүрбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Катуу коркутуу. Айнагүлдүн жүрөгүн түшүрүп алып, башыма балээни үйүп жүрбөйүн, - деди Жаңыбай (Бөлөкбаев). - О, жолуң болгур десе! Жүрөгүбүздү түшүрүп койбодуңбу? (Байтемиров). -Таштасаңчы, адатыңды. Бирөөнүн баласынын жүрөгүн түшүрөсүң, -дешти (Сыдыкбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Биротоло коркутуп көз каранды кылып алуу, кайратын качыруу, мизин майтаруу, дайыма коркуп, чочулап тургандай абалга келтирүү. Жүрөгүбүздүн сары суусун алып, коркутуп, мындан ары бизди биротоло баш көтөргүс кылайын десе керек (Баялинов). Бектен өзүнө каршы мансап талашкан бай-манаптардын да жүрөгүнүн сары суусун алат (Баялинов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Биротоло коркутуп көз каранды кылып алуу, кайратын качыруу, мизин майтаруу, дайыма коркуп, чочулап тургандай абалга келтирүү. Жүрөгүбүздүн сары суусун алып, коркутуп, мындан ары бизди биротоло баш көтөргүс кылайын десе керек (Баялинов). Бектен өзүнө каршы мансап талашкан бай-манаптардын да жүрөгүнүн сары суусун алат (Баялинов). В.: Жүрөгүнүн үшүн алуу. Өздөрүнө табышмак болгон маанилүү нерселерди ушу комузчу жигиттин билиши булардын жүрөгүнүн үшүн алды (Каимов). Далай эне-атанын жүрөгүнүн үшүн алган бул кабар Нуракты да коопсунта жүргөн (Өмүрбаев). Жүрөгүнүн үшүн кетирүү. Көп өтпөй эле томсоруп, ээнсирей түшкөн төрт бөлмөлүү жай тигил экөөнүн жүрөгүнүн үшүн кетирди (Медетов). Жүрөгүн алуу. Жүрөгүн алып душмандын, Бир кызыкка батышсын (фольк.). Байлар кедейлерге ыза көрсөтүүнү, алардын жүрөгүн алууну максат кылып коюшкан (Элебаев). Жүрөгүнүн шүүсүн алуу. Үчөө кошундагылардын жүрөгүнүн шүүсүн алышты (Жоошбаев). Жүрөгүн үшүтүү. Каракчылар кербенчилердин жүрөгүн үшүтүп бүткөн экен (Абдукаимов). Канткенде баланын жүрөгүн үшүтпөй, жаштайынан турмуштан көңүлүн калтырбай, сырымды айтып бере алар бекемин (Айтматов). Арт жагынан анда-санда дүңгүрөп замбирек атылып, жүрөк үшүткөн сүр менен Кокон кошунунун сол канатын түрө чыкты (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. ЖҮРӨГҮНҮН САРЫ СУУСУН АЛУУ Өздөрүнө табышмак болгон маанилүү нерселерди ушу комузчу жигиттин билиши булардын жүрөгүнүн ушүн алды (Каимов). Далай эне-атанын жүрөгүнүн үшүн алган бул кабар Нуракты да коопсунта жүргөн (Өмүрбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Каракчылар кербенчилердин жүрөгүн үшүтүп буткөн экен (Абдукаимов). Канткенде баланын жүрөгүн үшүтпөй, жаштайынан турмуштан көңүлүн калтырбай, сырымды айтып бере алар бекемин (Айтматов). Арт жагынан анда-санда дүңгүрөп замбирек атылып, жүрөк үшүткөн сүр менен Кокон кошунунун сол канатын түрө чыкты (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. ЖҮРӨГҮ ООЗУНА ТЫГЫЛУУ Адегенде мышыкпы деп шек санап, жакындан байкаганда гана жүрөгү оозуна капталып, дароо телефон чалган тура («Советтик Кыргызстан»). Эргештин жүрөгү оозуна каптала түштү (Миялиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Капысынан, байкоосуздан боло калган кооптуу нерседен, угулган кабардан улам катуу коркуп кетүү, эмне кыларын билбей апкаарый түшүү. Ачкыччы калтырады, көзү алайып, жүрөгү оозуна тыгылды (Жантөшев). Алымдын кумсарган өңүн көрүп, Анархан менен Дарыяхандын жүрөктөрү оозуна тыгылды (Жантөшев). Уулжандын жүрөгү оозуна тыгылып, уйпаланган чачын жыя албай будаланды (Каимов). Какач бейтааныш адамды көрүп жүрөгү оозуна тыгылды (Жоошбаев). В.: Жүрөгү оозуна капталуу. Адегенде мышыкпы деп шек санап, жакындан байкаганда гана жүрөгү оозуна капталып, дароо телефон чалган тура. Эргештин жүрөгү оозуна каптала түштү (Миялиев). Жүрөгү оозуна кептелүү. Бирок, талаанын четине жеткенде, жүрөгү оозуна кептелип кайсалап калды («Ала-Тоо»). Жылдызкандын жүрөгү оозуна кептелет (Байтемиров). Жүрөгү оозуна келүү. Жүрөгүм оозума келип, башым айланып кетти (Абдукаримов). Жүрөгү алкымына капталуу. Бүткөн боюм дүр дей түшүп, жүрөгүм алкымына капталды («Ала-Тоо»). Жүрөгү алкымына кептелүү. Ышкынаалынын жүрөгү алкымына кептелди (Байтемиров). Жүрөгү алкымына тыгылуу. Акбаланын жүрөгү алкымына тыгылды (Укаев). Өх, жүрөгүм алкымыма тыгыла түшпөдүбү... (Медетов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Капысынан, байкоосуздан боло калган кооптуу нерседен, угулган кабардан улам катуу коркуп кетүү, эмне кыларын билбей апкаарый түшүү. Алымдын кумсарган өңүн көрүп, Анархан менен Дарыяхандын жүрөктөрү оозуна тыгылды (Жантөшев). Уулжандын жүрөгү оозуна тыгылып, уйпаланган чачын жыя албай будаланды (Каимов). Какач бейтааныш адамды көрүп жүрөгү оозуна тыгылды (Жоошбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир жаманчылыкты, жаман кабарды сезгендей, өзүнөн-өзү кооптонгондой, сестенгендей абалда болуп, тынчы кетүү, токтоно албай корко берүү, санаркоо. Асалхандын көз карашынан улам бир шумдуктун белгисин сезгендей, Анархандын жүрөгү опколжуй баштады (Жантөшев). Айнанын жүрөгү жанагыдан бешбетер опколжуду (Жоошбаев). В.: Жүрөгү окторулуу. Жүрөгүм бир түркүн окторулуп кетти да? –деди Акинайга (Осмоналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандайдыр бир жаманчылыкты, жаман кабарды сезгендей, өзүнөн-өзү кооптонгондой, сестенгендей абалда болуп, тынчы кетүү, токтоно албай корко берүү, санаркоо. Асалхандын көз карашынан улам бир шумдуктун белгисин сезгендей, Анархандын жүрөгү опколжуй баштады (Жантөшев). Айнанын жүрөгү жанагыдан беш-бетер опколжуду (Жоошбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Абдан катуу коркуп, жалкып, жалкоотой болуп калуу, баш көтөргүс, бир нерсени экинчи кайталагыс болуу. Запкыдан, кырсыктан жедеп жүрөгү өлүп буткөн келин башындагы бактысына ишенип-ишенбей кыйды болуп турган чакта капыстан кырсык басты да, кайрадан үйүнө каран түн түштү (Акматов). Колго түшкөн жаралуу баатырдын жүрөгү өлгөн экен деп, ...атчан эки жигитке айдатып айлына жөнөтөт (Каимов). Жүрөгүм өлүп калыптыр. Курулушта көпчүлүк менен билбейсиң (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан катуу коркуп, жалкып, жалкоотой болуп калуу, баш көтөргүс, бир нерсени экинчи кайталагыс болуу. Запкыдан, кырсыктан жедеп жүрөгү өлүп бүткөн келин башындагы бактысына ишенип-ишенбей кыйды болуп турган чакта капыстан кырсык басты да, кайрадан үйүнө каран түн түштү (Акматов). Колго түшкөн жаралуу баатырдын жүрөгү өлгөн экен деп, атчан эки жигитке айдатып айлына жөнөтөт (Каимов). Турмуштун запкысына аябай жүрөгү өлүп калган көрүнөт (Абдукаримов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. ЖҮРӨГҮ СЫЗДОО Акын Калпа ажынын канкордугун өкүмөт өкүлүнүн оозунан угуп, ...кыжыры кайнай, жүрөгү сабыла кабылдоодо (Бейшеналиев). Жүрөгү сыйрылуу. «Топчубайым болсо кана?! Сүйүнүп ала барып бербейт белем...», - деп жүрөгү сыйрылды Токтогулдун (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан катуу кайгыруу, капа болуу, кайгыга батуу, кейүү. Мезгил да ырын ырдап, ыйын ыйлап, жакшысына кубанып, жаманына жүрөгү сыздап өтөт (Өгөбаев), Үч жашар балага ок жаңылганын угуп жумушчулардын жүрөгү сыздады (Ашымбаев). В.: Жүрөгү сабылуу. Акын Калпа ажынын канкордугун өкүмөт өкүлүнүн оозунан угуп, кыжыры кайнай, жүрөгү сабыла кабылдоодо (Бейшеналиев). Жүрөгү сыйрылуу. «Топчубайым болсо кана?! Сүйүнүп ала барып бербейт белем...», – деп жүрөгү сыйрылды Токтогулдун (Касымбеков). Жүрөгү тилинүү. «..Э, кыйды түлкүнү серпем деп келип, журттагы куу казыкка тийип жарылган бүркүт болдум...», – деп жүрөгү тилинди (Касымбеков). Жүрөгү тызылдоо. Аргасыздан ата кетти жүрөгү тызылдап, бала калды боору катып солуп ыйлап (Касымбеков). Мындай абалга кандайынча кабылганын эскерсе, жүрөгү тузга чылангандай тызылдайт (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Абдан катуу кайгыруу, капа болуу, кайгыга батуу, кейүү. Мезгил да ырын ырдап, ыйын ыйлап, жакшысына кубанып, жаманына жүрөгү сыздап өтөт (Өгөбаев). Үч жашар балага ок жаңылганын угуп жумушчулардын жүрөгу сыздады (Ашымбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Катаал, ырайымсыз, кара мүртөз, боору таш, таш боор. Эзели жибибеген жүрөгү таш адам («Чалкан»). Жаңы кайрат кирип, ошол замат кимдир бирөөгө жүрөгү таш болуп, кекке толуп, башын көтөрүп, кайра жээкке чыкты (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Катаал, ырайымсыз, кара мүртөз, боору таш, таш боор. Эзели жибибеген жүрөгү таш адам («Чалкан»). Жаңы кайрат кирип, ошол замат кимдир бирөөгө жүрөгү таш болуп, кекке толуп, башын көтөрүп, кайра жээкке чыкты (Касымбеков). В.: Таш жүрөк. Таш жүрөк, жанкечти Заарбектин жаалына чыдабай Таластан Анжиянга кире качкан (Осмоналиев). Күүгө эрибеген адам болбойт дечү эмес беле. Таш жүрөк немелериби (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир кооптуу, айбаттуу нерсеге даай албай жүрөксүү, коркуу, сары санаа болуу. «Бакпай балааңдан сакта» дешип, жалчылары алыстан эле жүрөктөрү титиреп, өз алдынча күбүрөшөт (Каимов). Укмуштарды угуп жүрөгүң титирейт (Элебаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандайдыр бир кооптуу, айбаттуу нерсеге даай албай жүрөксүү, коркуу, сары санаа болуу. «Бакпай балаандан сакта» дешип, жалчылары алыстан эле жүрөктөрү титиреп, өз алдынча күбүрөшөт (Каимов). Укмуштарды угуп жүрөгүң титирейт (Элебаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Абдан катуу коркуу, аябай эси чыгып калуу. Чоң эненин санаасы алда нечеге бөлүндү: балакетиңди алайын куурчагымдын жүрөгү түшүп калды го? (Сыдыкбеков). Аны билген түрмөнүн чоңдорунун жүрөгү түшүп, араң жүрүшөт (Бектенов). 2. Катуу корккон, аябай эси чыгып калган баланын бейтап абалына карата айтылат (мындай учурда балдарда кусуу, өңдөн азуу, элирүү сыяктуу көрүнүштөр пайда болот). Жүрөгү түшүп, абышкаларга апаптатып, кемпирлерге жүрөгүн көтөрттүк («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Абдан катуу коркуу, аябай эси чыгып калуу. Чоң эненин санаасы алда нечеге бөлүндү: балакетиңди алайын куурчагымдын жүрөгү түшүп калды го? (Сыдыкбеков). Аны билген түрмөнүн чоңдорунун жүрөгү түшүп, араң жүрүшөт (Бектенов). 2. Катуу корккон, аябай эси чыгып калган баланын бейтап абалына карата айтылат (мындай учурда балдарда кусуу, өңдөн азуу, элирүү сыяктуу көрүнүштөр пайда болот). Жүрөгү түшүп, абышкаларга апаптатып, кемпирлерге жүрөгүн көтөрттүк («Ала-Тоо»

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Коркуу, жалкоотой болуу, жалкып калуу, жүрөк заада болуу. Эзелден жүрөк үшүп, жалкоотой болгон кургурлар... бүлүк түшүп калар эле (Элебаев). Батийна тигил сейпейген сары чийкил баланы көргөндө жүрөгү үшүй түшүп, шуу үшкүрүндү (Сыдыкбеков). Ошол алсыздыгымдан жүрөгүм үшүп, коркуп турам (Акматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Коркуу, жалкоотой болуу, жалкып калуу, жүрөк заада болуу. Эзелден жүрөк үшүп, жалкоотой болгон кургурлар... бүлүк түшүп калар эле (Элебаев). Каракчылардан кербенчилердин жүрөгү үшүп бүткөн (Абдукаримов). Камканын жамандыкка үшүгөн жүрөгү көөдөнүн ургулап, зээни кейиди (Сыдыкбеков). Батийна тигил сейпейген сары чийкил баланы көргөндө Жүрөгү үшүй түшүп, шуу үшкүрүндү (Сыдыкбеков). Ошол алсыздыгымдан жүрөгүм үшүп, коркуп турам (Акматов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Капилеттен, күтүлбөгөн жерден кандайдыр бир коркунучка дуушар болгондой, коркунучту сезгендей катуу чочуп кетүү. Ошондо анын жүрөгү шуу дей түшүп, бир жамандыкты сезгендей болду (Акматов). Таабалды жүрөгү шуу дей түшүп, тык токтоду («Ала-Тоо»). Дачаны көздөй бурулган ак «Волганы» көргөндө эле Машраптын жүрөгү шуудей түшүп, шалдайып туруп калды (Казакбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Капилеттен, күтүлбөгөн жерден кандайдыр бир коркунучка дуушар болгондой, коркунучту сезгендей катуу чочуп кетүү. Ошондо анын жүрөгү шуу дей түшүп, бир жамандыкты сезгендей болду (Акматов). Таабалды жүрөгү шуу дей түшүп, тык токтоду («Ала-Тоо»). Дачаны көздөй бурулган ак «Волганы» көргөндө эле Машраптын жүрөгү шуу дей түшүп, шалдайып туруп калды (Казакбаев). Менин бүткөн боюм дүрүлдөп, жүрөгүм шуу дей түштү (Мидин). Жүрөгү шуу этип, Батыштын көзү тунара түштү (Байтемиров). Атчан эки киши жетип келгенде жүрөгүм болк эте түштү (Абдукаримов). Дубалы урап, орду гана калган тамды көргөндө, бүткөн боюм шуу этип, санаам алда кайда кетти (Сасыкбаев). Акылайдын жүрөгү шуу этип, селтең эте түштү («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Токтоно албай тынчы кетүү (көбүнчө кубанып толкундаган же кандайдыр бир коркунучту сезгендей кооптонгон учурларга карата). Энем экөөбүздүн жүрөгүбүз элеп-желеп болду («Кыргызстан маданияты»), Ашырбектин жүрөгү элеп-желеп, коммунистке алышабы же кийинкиге калтырышабы, - деп (Ашымбеков). Уулунун кебетесин көрүп, апасынын жүрөгү алеп-желеп (Сыдыгалиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Токтоно албай тынчы кетүү (көбүнчө кубанып толкундаган же кандайдыр бир коркунучту сезгендей кооптонгон учурларга карата). Энем экөөбүздүн жүрөгүбүз элеп-желеп болду («Кыргызстан маданияты»). Ашырбектин жүрөгү элеп-желеп, коммунистке алышабы же кийинкиге калтырышабы, – деп (Ашымбеков). В.: Жүрөгү алеп-желеп. Уулунун кебетесин көрүп, апасынын жүрөгү алеп-желеп (Сыдыгалиев). Жүрөгү уйгу-туйгу. Анын жүрөгү уйгу-туйгу (Борбиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандайдыр бир ичти жылыткан кубанычтуу, жакшы сезим пайда болуу. Бурч-бурчтан жаңырык чыгарган коңгуроолордун тунук үнүнө чоң эненин жүрөгү элжиреди (Сыдыкбеков). Жүрөгү элжиреп, үйгө кирген баланы ата-энеси салкын тосуп алышты (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир ичти жылыткан кубанычтуу, жакшы сезим пайда болуу. Бурч-бурчтан жаңырык чыгарган коңгуроолордун тунук үнүнө чоң эненин жүрөгү элжиреди (Сыдыкбеков). Жүрөгү элжиреп, үйгө кирген баланы ата-энеси салкын тосуп алышты (Каимов). В.: Жүрөгү эзилүү. Сендей сулуу, сендей мөөр жок чыгар, Боюм балкып, жүрөгүм да эзилет (Токомбаев). Ал сүйүү ырын ырдаганда, кыз-келиндердин жүрөгү мындай турсун, улгайган аялдардын да жүрөгү эзилер эле (Жантөшев). Эт жүрөгү элжирөө. Ал башынан өткөн тарыхын айтып отурганда жигиттин эт жүрөгү элжиреди (Каимов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
в разн. знач. сердце;
жүрөк или эт жүрөк анат. сердце (ср. көңүл, көкүрөк, дил);
жүрөк сокпойт сердце не бьётся;
жүрөгү араң эле кагат или жүрөгү араң эле согот сердце у него едва бьётся, сердце у него очень слабо бьётся;
жүрөгүм ооруйт у меня сердце болит;
жүрөк эти сердечная мышца;
жүрөк эти толо элек
1) сердце его ещё не достигло полного развития;
2) перен. (об эпическом богатыре) он ещё молод, ещё не созрел для подвигов;
кагып турган жүрөгум фольк. ласк. моя милая (букв. моё бьющееся сердце);
жүрөгү өлдү (о человеке) он запуган, боязлив;
жүрөгү өлбөгөн (о человеке) смелый;
жүрөгүндө кара жок, баары да май он - настоящий богатырь (букв. у него на сердце нет тёмного пятнышка, всё - жир; считается, что сердце настоящего богатыря должно быть сплошь покрыто жиром);
жүрөгү майлуу жигит храбрый, отважный парень;
"жүрөгү майлуу болсун" деп, казыдан кесип жегиздим фольк. чтобы он стал храбрым (букв. сердце его было жирным), я резала брюшной конский жир (см. казы I) и кормила (его);
"жүрөгү майлуу болсун" деп, качкан жоону куудурдум фольк. чтобы он стал храбрым, я посылала его гнать бегущего врага;
жүрөгу майсыз трус (букв. сердце его без жира);
жүрөгү майсыз, жүүнү бош - жаманды эмне кылармын? фольк. что я буду делать с этим презренным трусом, размазнёй?
баатырдын көркү жүрөктө фольк. украшение богатыря - сердце (т.е. храбрость);
жүрөгү таш или таш жүрөк непреклонный;
билеги жоон, таш жүрөк, атасынан бабасы пил мүчөлүү бадирек фольк. сильный, непреклонный, от отца и деда слоновьего сложения храбрец;
жүрөгү тоо бесстрашный;
жүрөгү от у него горячее, пламенное сердце;
эр жүрөк смелый, мужественный, храбрый, неустрашимый;
ак жүрөк
1) доброе намерение;
2) преданный, верный;
кара жүрөк враждебный, враждебно настроенный, злоумышляющий;
суу жүрөк или груб. бок жүрөк трус;
тамак жүрөгүмө барбайт или тамак жүрөгүмө баспайт мне кусок в горло не лезет, у меня абсолютно нет аппетита;
жүрөгүм даабайт я не осмеливаюсь, не смею, у меня смелости не хватает;
жүрөгү үшүп калган он струсил;
жүрөгү түштү он сильно испугался;
жүрөгүн түшүр- запугать (его);
жүрөк түшүү название детской болезни;
жүрөгү эки или жүрөгү экөө или кош жүрөк храбрец из храбрецов (букв. у него два сердца);
"жүрөгү эки" деп, айтып, кыздын баары жалынып фольк. сказав, что он храбрец из храбрецов, все девушки его упрашивали;
жүрөгуң экөө эмес смотри, не очень храбрись;
коркок бала мен белем, кош жүрөгүн алгандай? фольк. разве я трусливый паренёк, у которого отняли оба сердца?
жүрөгүңө тамак барбаса да, көп ичкин хотя у тебя и нет аппетита, ты (всё же) ешь больше;
жүрөгүмө чай баспайт у меня нет охоты пить чай;
жүрөгүнө ат барбай койду он лишился аппетита (от волнения, страха, болезни);
жүрөгүмө эт барбай турат меня не тянет на мясо;
жүрөгүнө тийген ему приелось, ему опротивело;
жүрөгүмдүн башы болк этти у меня сердце ёкнуло;
маакулбу буга жүрөгүн? фольк. одобряешь ли ты это? (букв. согласно ли на это твоё сердце?);
жүрөгү басылды он успокоился;
жүрөгүм айланып турат меня тошнит;
жүрөк айландыргыч түрдө тошнотворно;
жүрөгү көтөрүлүп турат его тошнит;
жүрөк куйдуруу этн. знахарский способ лечения от испуга: в сосуд с холодной водой, поставленный под голову больного, льют расплавленный свинец, который якобы должен принять форму предмета, послужившего причиной испуга;
жүрөк көтөрт- знахарский способ лечения от испуга: пальцем толкают нёбо (делают это обычно старухи);
бир таштын караанын көрүп, жүрөгү түшүп, кемпирлерге жүрөгүн көтөрттүк (мальчик) увидел силуэт камня и испугался, мы попросили старух полечить его;
жүрөгү калды его отбило от чего-л., у него отбило охоту к чему-л.;
арактан жүрөгү калды у него пропала охота к водке;
жүрөк калды бол- стать запуганным, боязливым;
жүрөк алды кыл- запугать;
жүрөгү өлүп калган он окончательно запуган;
жүрөгү оозуна тыгылды у него (от страха) дыхание спёрло;
жүрөгүм оозума тыгыла түштү я сильно перепугался, у меня сердце ёкнуло;
чыгып кете жаздады эт жүрөгу оозунан фольк. у неё от страха сердце в пятки ушло (букв. чуть сердце не выскочило изо рта);
элдин жүрөгүн алган он запугал, устрашил всех, он на всех страху нагнал;
жүрөгүн алып душмандын, бир кызыкка батышсын фольк. пусть они насладятся страхом врагов;
жүрөгүмдүн сары суусун алды запугал он меня; я испытываю постоянный страх;
жүрөгүм алып учат моё сердце тревожно бьётся, я очень волнуюсь;
жүрөгүм эле жарылып кетчүүдөй алып учат от волнения у меня сердце готово разорваться;
жүрөгүм опколжуп турат меня гнетёт мрачное предчувствие, я в подавленном состоянии;
жүрөгү барбайт он не осмеливается, у него смелости не хватает;
бадал жүрөк см. бадал I;
жүрөк заада см. заада I;
жүрөктүн дүлөйү см. дүлөй;
жүрөк мончок или жүрөк таш см. мончок.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Кан айлануу жолдорунун борбордук органы болгон булчуңдуу баштыкча. Жүрөгүн тыңшап оорунун, Жылмайып доктор сүйлөдү (Бөкөнбаев). Жүрөк оорусу.
2. өт. Негизги борбор, бүткүл бир системаны кыймыл-аракетке келтирип турган кыймылдаткыч күч. Кызыл Москва, таалай нурун таратып, Кең мекенге жүрөк болуп турасың (Шамшиев). Жер жүрөгү Москвадан, Күүлөр ширин тартылат (Бөкөнбаев). Буу казандарын кайнатуучу цех фабриканын жүрөгү (Сасыкбаев).
¨ Жүрөгү түшүү—1) абдан катуу коркуу. Күланда экөөбүздүн жүрөгүбүз түшүп кала жаздады (Жантөшев). 2) катуу коркуудан болгон баланын оорусу. Жүрөккө тийүү — тажатуу, бир нерсени көргүсү келбей калуу. Көп жол жүрүп жүрөгүнө тийген. Жүрөгү оозуна тыгылуу к. ооз. Жүрөгүн алуу — биротоло коркутуп алуу, кайратын качыруу. Бу жүргөн журттун баарысын Жүрөгүн алып болтурду («Манас»). Жүрөк заада болуу к. заада II. Жүрөк айнуу — кускусу келүү. Ай, үйдө ким бар?.. Чылапчын алып чык, жүрөгүм айнып кетти! (Байтемиров). Жүрөгү өлүү — абдан коркуп калуу, жалкып калуу, бир нерсени экинчи кайталабас болуу, көңүлү калуу. Мен маалимге жемелетип баламдын жүрөгүн өлтүрө албайм (Сыдыкбеков). Эр жүрөк — баатыр, эч нерседен тайманбаган. Эр жүрөк адам. Жүрөгү от — кайраттуу, тайманбас эр. Жүрөгүндө кара жок к. кара III. Бок жүрөк — коркок, кайратсыз. Жүрөгү даабоо — коркуу, кайрат көрсөтө албоо. Суу жүрөк к. суу I. Ак жүрөк — ак ниет, адилет. Адам болсо ак жүрөк, адал көңүл, Ага кызык эмес акылсыз өмүр (Шүкүрбеков). Кара жүрөк — ниети бузук, карасанатай, душман. Кара жүрөк Канчоро Кан болуп бийлик жүргүздү («Семетей»). Жүрөк шуу дей түшүү к. шуу II. Эт жүрөк — адамдын башынан өткөргөн жакшылык-жамандык сезимдери топтолгон символ. Энеден эрте муңдуу эт жүрөгүм, Эзилди жакшылыктан үмүт кылбай (Абдыраманов). Чагылды кош көзүнө менин көзүм, Чыдады жарылбастан эт жүрөгүм (Абдыраманов). Таш жүрөк — кайраттуу, тайманбас, баатыр. Жолборс билек, таш жүрөк, Жоодон корккон жан эмес («Манас»). Төртүнчү баатыр таш жүрөк, Баатырлык менен эл сүрөп (Тоголок Молдо).

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
жүрөк, жүрөгү, жүрөккө
жүрөгү айлануу
жүрөгү айнуу (айлануу)
жүрөгү айрылуу
жүрөгү ак
жүрөгү алып учуу
жүрөгү ачышуу
жүрөгү даабоо
жүрөгү жаралуу
жүрөгү жибүү
жүрөгү жок
жүрөгү жылуу
жүрөгү кабынан чыгуу
жүрөгү муздоо
жүрөгү оозуна тыгылуу
жүрөгү өлүү
жүрөгү сыздоо
жүрөгү тоо
жүрөгү түпөйүл
жүрөгү түшүү
жүрөгү үшүү
жүрөгү элжирөө
жүрөгүн алуу
жүрөгүн өйүү
жүрөгүн өлтүрүү
жүрөгүн түшүрүү
жүрөгүн чабуу
жүрөгүндө жалы бар
жүрөгүндө кара жок
жүрөгүндө кири жок
жүрөгүндө оту бар
жүрөгүнө тийүү
жүрөгүнө чок салуу
жүрөгүнүн сары суусун
алуу
жүрөк аритмиясы (мед.)
жүрөк заада
жүрөк заадалык
жүрөк кабы
жүрөк кан тамырлары
жүрөк клапандары
жүрөк көтөрүү
жүрөк кысма (мед.)
жүрөк мончок
жүрөк муунтма (астма)
жүрөк токтотуу

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Адамдардын, жаныбарлардын сол жак көөдөнүндөгү булчуңдуу баштыкча түрүндөгү кандын айланышын тейлеп турган борбордук орган. Жүрөгүн тыңшап оорунун, Жылмайып доктор сүйлөдү (Бөкөнбаев). || Ушул органдын сырткы тушу. Колун жүрөгүнө коюп ойлоно калды. 3. Адамдын ички дүйнөсүн: оюн, тилегин, ички сезимин, кайгысын, ниетин, жалпы эле көңүлүн билдирүү иретинде колдонулат. Жүрөк сырын айтууга, Тил жетишпейт, тил гана (Токомбаев). Эригендей жүрөгүм, Экиленип баратам (Токомбаев). Анан калса тоодогу түн дагы жүрөккө жакын сезилет (Байтемиров). Жылуу тийген жүрөккө, Сөздөрү ай бозойдун (Турусбеков). 4. Эрдикти, баатырлыкты, кайраттуулукту, жүрөктүүлүктү, тайманбастыкты, эргүү сезимин билдирүүдө колдонулат. Кайдасың арстан жүрөк Өмүрбегим (Үмөталиев). Акылынан шашпаса, Жоокердин көркү жүрөктө («Мендирман»). Жүрөгү бар азамат, Ошондо ишке жарады (Турусбеков). Жалын жүрөк, сөзгө чечен, ишке маш (Токомбаев). 5. Бир нерсенин эң негизгиси, борбору, чордону. Тормоз вагондун жүрөгү (Сасыкбаев). Жер жүрөгү –Москва (Бөкөнбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чочулап, жүрөгү түпөйүл болгон абал, санааркап, жүрөксүнгөн сезим. Таабалды кароолчулар көрүп коюшабы деп жүрөкзаада болду (Бектенов). Бул жигит көзгө көрүнүп баратат, кокус ордумдан ажыратып жүрбөсүн деп жүрөкзаада («Ала-Тоо»). Ал жагын айтып жүрөкзаада кылбай эле кой (Сасыкбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Санаасы тынбоо, коркуп сары санаа болуу, убайым тартып, тынчсыздана берүү. Таабалды кайра келе жатканда кароолчулар көрүп коюшабы деп жүрөк заада болду (Бектенов). Өлөрүнө көзү жеткен Батийна жүрөк заада болуп ичинен калтыраса да сыр алдырган жок (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Санаасы тынбоо, коркуп сары санаа болуу, убайым тартып, тынчсыздана берүү. Таабалды кайра келе жатканда кароолчулар көрүп коюшабы деп жүрөк заада болду (Бектенов). Өлөрүнө көзү жеткен Батийна жүрөк заада болуп ичинен калтыраса да сыр алдырган жок (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерседен коркуп, эси чыгып, жүрөгү түшүп калган баланы ырым-жырым жасатып, эмдетип-домдотуу (көбүнчө кемпирлер ооруган баланы апаптап же башка ырым-жырымдары менен эмдеп-домдойт). Бир таштын караанын көрүп жүрөгү түшүшпүр, кемпирлерге жүрөгүн көтөрттүк («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерседен коркуп, эси чыгып, жүрөгү түшүп калган баланы ырым-жырым жасатып, эмдетип-домдотуу (көбүнчө кемпирлер ооруган баланы апаптап же башка ырым-жырымдары менен эмдеп-домдойт). Бир таштын караанын көрүп жүрөгү түшүптүр, кемпирлерге жүрөгүн көтөрттүк («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Коркуу, эси чыгуу, коркунучту сезүү. Биз жүрөксүп калтаарыган кездерде, Жол көрсөтөт экилентип канатты (Аалы). Жеңишбек эми гана, ал күркүрөк басылгандан кийин гана, жүрөксүй баштады («Советтик Кыргызстан»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Элжиретип же калтаарытып муун-жүүндү бошотуу (көбүнчө кубанып толкундаган же капа болуп жашыган учурларга карата). Ээ, берекем! Кайдан жүрүп комузчү болуп кеткенсиң? Жүрөктү титиретесиң да? (Каимов). Кыздар бир табак талканга сатылып, көз жашты көлдөткөн ата-энелердин муңу жүрөктү титиретет (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Элжиретип же калтаарытып муун-жүүндү бошотуу (көбүнчө кубанып толкундаган же капа болуп жашыган учурларга карата). Ээ, берекем! Кайдан жүрүп комузчу болуп кеткенсиң? Жүрөктү титиретесиң да? (Каимов). Кыздар бир табак талканга сатылып, көз жашты көлдөткөн ата-энелердин муңу жүрөктү титиретет (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ой-санаасы бирге, ой-тилеги бири-бирине жакын, кыйышпас ынак. Казак эли, жылдыздашым, тилектеш, Казак эли таалайлашым жүрөктөш (Токомбаев). Жүрөктөш курбуң болуп келип дайым, Сурасам баатырлардын алы-жайын (Шамшиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Коркунучтан, кыйынчылыктан баш тартпаган, коркпогон, баатыр, кайраттуу. Мен жыйырмадагы жигиттей болук элем жана жүрөктүү элем (Токомбаев). Ким жүрөктүү, ким коркок, Суу ичинде сыналып («Курманбек»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Катуу коркутуу, үрөйүн алуу, үрөйдү учуруу. Эңкөө далылуу кара неме кара аттын үстүндө ого бетер жалаңкыч кебетеленип жүрөктү шуулдатат (Осмоналиев). В.: Жүрөктү шуу эттирүү. Түрү суук караңгылык жүрөктү шуу эттирди (Жусупов).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Кичинекей дөбө жер. Айылдын орто ченинде кичинекей жүрөкчөдө чоңдор отурушат (Жантөшев). Капчыгайдын оозундагы жүрөкчөнү айланып өтүшкөндө, Ниязкул менен Майлыштын алдынан беш-алтыдай кибиреген кебээ айдап бараткан жаш бала кезигет (Абдумомунов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
геогр. Кичинекей дөбө жер. Айылдын орто чениндеги кичинекей жүрөкчөдө чоңдор отурушат (Жантөшев). || Капчыгайдын, чаттын айрылышындагы, ортосундагы дөмпөйүп көтөрүлүп турган дөбө, кыр, белес, Капчыгайдын оозундагы жүрөкчөнү айланып өттүк (Абдукаримов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
поведение;
жүргөн жүрүмдөрү мастай он ведёт себя как пьяный;
жүрүмү жаман жигит парень плохого поведения;
жүрүм-турум поступки и поведение;
жүрүм-туруму жаман нехорошего поведения.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эл ичинде, коомдо өзүн өзү кармай билүү нормалары, өзүн кандайча алып жүрүү тартиби, кулк-мүнөз, кылык-жоругунун жалпы абалы, жүрүш-туруш. Акбар өзүнүн иши жана жүрүм-туруму менен колхозчуларыбыздын улуусуна ини, кичүүсүнө ага болуп калды (Убукеев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖҮРҮМ-ТУРУМ КОДЕКСТЕРИ – эларалык соода укуктарынын кошумча булактарынын бири. Эларалык экономикалык мамилелерди мамлекеттен тышкары жөнгө салуу үлгүсү болуп саналат. Алсак, 1937-жылы Эларалык соода палатасы тарабынан Жарнама иштеринин эларалык кодекси кабыл алынып, ал 1949-, 1955-, 1966-, 1973-, 1986-жылдары кайра каралган. Тийешелүү келишимдердин түзүлүшү менен Франшизы эларалык ассоциациясы тарабынан Ж.-т. к. (code ofethica ) басып чыгарылган. Табияты жагынан бири-бирине окшош документтер тийешелүү биржалар менен банк ассоциациялары, ошондой эле айрым фирмалар тарабынан түзүлөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖҮРҮМ ЧЕЧИМИ – кылмыш-жаза процессинде өз ыйгарым укугунун чегинде чыгарган жана белгилүү бир таризде бирдирген кылмыш-жаза процессин алпарып жаткан органдардын кылмыш-жаза-процесстик укугун колдонуу актысы: өкүм, токтом, жыйынтык, сунуш, санкция.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өлүү, жан берүү, көз жумуу. Казыке, ысык чай ичесизби десем, көрсө, алдагачан эле жүрүп кетиптир (Айтматов). Ошол сөздү эле күтүп жаткансыган Берен кеч бешимдеги ала көлөкөдөй суналып барып жүрүп кетти (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өлүү, жан берүү, көз жумуу. Казыке, ысык чай ичесизби десем, көрсө, алда качан эле жүрүп кетиптир (Айтматов). Ошол сөздү эле күтүп жаткансыган Берен кеч бешимдеги ала көлөкөдөй суналып барып жүрүп кетти (Осмоналиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
жүрүш I
и. д. от жүр-
1. шаг (ход лошади); походка;
аттын жүрүшү менен келдик мы приехали шагом;
калмак жүрүш ход (коня) быстрый и без передышек;
анын артында, топтошуп, калмак жүрүш менен келе жатышты они ехали за ним группой быстрым аллюром;
шашылыш иштери бардай, калмак жүрүш менен келе жатышат они едут быстрым аллюром, будто у них есть спешные дела;
бөкөн жүрүш то же, что бөкөн желиш (см. желиш I);
2. ход (дела, событий);
иштин жүрүшү жаман эмес дела идут неплохо;
тергөөнүн жүрүшүндө в ходе следствия;
3. воен., спорт. поход;
4. (точнее жүрүш-туруш) поведение;
партиялык эмес жүрүш-туруш непартийное поведение.
жүрүш- II
взаимн. от жүр-;
балбан болсоң, жүрүшкүн, майданга чыгып, күрөшкүн стих. если ты борец, иди (вместе с противником), выйдя на арену, борись.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Кадам, басык, басыш. Аттын жүрүшү менен келдик. Жоргосу жок жүрүш (Тоголок Молдо). Тобурчактай булкунган уландар.. шаңдуу жүрүш менен.. алга жөнөп калышты (Жантөшев).
2. Кандайдыр бир максатты, ишти бет алып жапырт аттануу „ жолго, саякатка, күрөшкө чыгуу. — Жүрүшкө жарайсыз, жигит ,— деди врач тизмесиндеги Мөкүштүн тушуна плюс белгисин коюп (Таштемиров).
¨ Жүрүш-туруш — кылык-жорук, адамдын керт башынын нормасы, жүрүм-турум. Карылыктын жеткениненби, Чоконун жүрүш-турушу мурункудай эмес (Шүкүрбеков). Кээ бир көпкөндөр Адашат жүрүш-туруштан (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Унаанын желе жүргөн, бир аз жорголой жүргөн ылдам басыгы. Жоргосу жок, жүрүшү жок копол атын мактайт (Тоголок Молдо). Басыгына мал жетпес, Жүрүшүнө жан жетпес («Манас»). Жорто баскан жүрүшү бар. Шайбырланган жүрүш. 2. Транспорттун жүрүү абалындагы ылдамдыгы, ар кандай машинанын, аппараттын кыймылда болуу, иштеп туруу абалы. Танк дагы тездик жүрүш менен алга карай кетти (Бөкөнбаев). 3. Кандайдыр бир иштин, аракеттин аткарылуу процесси, жүзөгө ашуу абалы. Пахта терүүнүн жүрүшү. Оруу-жыюунун жүрүшү. 4. Кандайдыр бир максатта массалык түрдө жапырт бет алып жөнөөчүлүк, экскурсия жасоо же туристтик максаттарда жөө жөнөгөн сапар, көбүнчө жөө жүрүү мүнөзүндө өткөрүлүүчү спорттук мелдеш. Жүрүшкө жарайсыз, жигит,– деди врач (Таштемиров). 5. Ар түрдүү оюндарда: карта, шахмат ж. б. оюнчулардын бири-бирине кезектүү жооп кайтарган аракети. Шахматчылар 39-жүрүштө тең чыгууга макул болушту. 6. Адамдын өзүн өзү алып жүрүү нормалары, жүрүм-турум. Жүйрүк болсо ал келин, Жүрүшүнөн бузулат (Токтогул).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖҮРҮШ (көчө жүрүшү) – конституциялык укуктагы манифестация эркиндигин ишке ашыруу ыкмаларынын бири; КР мыйзамдары боюнча, белгилүү бир маселеге мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын, кызмат адамдарынын, жарандардын көңүлүн буруу же алардын чечимдери менен аракеттерине өзүлөрүнүн макул эмес экендигин билдирүү же колдоо максатында, белгилүү багытта же каттам боюнча жүрүү менен, жарандардын пикирин билдирүү үчүн адамдар тобу тарабынан жасалуучу акция катары түшүнүлөт.