ЖҮРӨГҮ КАНОО
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Жаны кейүү, кайгыруу. Булар үчүн жүрөгү канап отурган ушул кемпир – Мандаштын кемпири Күлкан (Өмүрбаев). Ысыгы-сууктан жарылып канталаган кызынын жумуру балтырын кыяк чөп кесип кеткенине эненин жүрөгү кошо канап жалбарат (Акматов). В.: Жүрөгү мыкчылуу. Жоголуу жышаанасын кабардаган жаман белги болуп кишилердин жүрөгү мыкчылды (Сыдыкбеков). Жүрөгү куушурулуу. Ишенсең сенин тааныш карааның менден алыстаган сайын жүрөгүм куушурулуп баратты (Сайдуллаев).