жүрүш I
и. д. от жүр-
1. шаг (ход лошади); походка;
аттын жүрүшү менен келдик мы приехали шагом;
калмак жүрүш ход (коня) быстрый и без передышек;
анын артында, топтошуп, калмак жүрүш менен келе жатышты они ехали за ним группой быстрым аллюром;
шашылыш иштери бардай, калмак жүрүш менен келе жатышат они едут быстрым аллюром, будто у них есть спешные дела;
бөкөн жүрүш то же, что бөкөн желиш (см. желиш I);
2. ход (дела, событий);
иштин жүрүшү жаман эмес дела идут неплохо;
тергөөнүн жүрүшүндө в ходе следствия;
3. воен., спорт. поход;
4. (точнее жүрүш-туруш) поведение;
партиялык эмес жүрүш-туруш непартийное поведение.
жүрүш- II
взаимн. от жүр-;
балбан болсоң, жүрүшкүн, майданга чыгып, күрөшкүн стих. если ты борец, иди (вместе с противником), выйдя на арену, борись.
зат. 1. Кадам, басык, басыш. Аттын жүрүшү менен келдик. Жоргосу жок жүрүш (Тоголок Молдо). Тобурчактай булкунган уландар.. шаңдуу жүрүш менен.. алга жөнөп калышты (Жантөшев).
2. Кандайдыр бир максатты, ишти бет алып жапырт аттануу „ жолго, саякатка, күрөшкө чыгуу. — Жүрүшкө жарайсыз, жигит ,— деди врач тизмесиндеги Мөкүштүн тушуна плюс белгисин коюп (Таштемиров).
¨ Жүрүш-туруш — кылык-жорук, адамдын керт башынын нормасы, жүрүм-турум. Карылыктын жеткениненби, Чоконун жүрүш-турушу мурункудай эмес (Шүкүрбеков). Кээ бир көпкөндөр Адашат жүрүш-туруштан (Жантөшев).
походпоходкаход (деласобытий)
1. Унаанын желе жүргөн, бир аз жорголой жүргөн ылдам басыгы. Жоргосу жок, жүрүшү жок копол атын мактайт (Тоголок Молдо). Басыгына мал жетпес, Жүрүшүнө жан жетпес («Манас»). Жорто баскан жүрүшү бар. Шайбырланган жүрүш. 2. Транспорттун жүрүү абалындагы ылдамдыгы, ар кандай машинанын, аппараттын кыймылда болуу, иштеп туруу абалы. Танк дагы тездик жүрүш менен алга карай кетти (Бөкөнбаев). 3. Кандайдыр бир иштин, аракеттин аткарылуу процесси, жүзөгө ашуу абалы. Пахта терүүнүн жүрүшү. Оруу-жыюунун жүрүшү. 4. Кандайдыр бир максатта массалык түрдө жапырт бет алып жөнөөчүлүк, экскурсия жасоо же туристтик максаттарда жөө жөнөгөн сапар, көбүнчө жөө жүрүү мүнөзүндө өткөрүлүүчү спорттук мелдеш. Жүрүшкө жарайсыз, жигит,– деди врач (Таштемиров). 5. Ар түрдүү оюндарда: карта, шахмат ж. б. оюнчулардын бири-бирине кезектүү жооп кайтарган аракети. Шахматчылар 39-жүрүштө тең чыгууга макул болушту. 6. Адамдын өзүн өзү алып жүрүү нормалары, жүрүм-турум. Жүйрүк болсо ал келин, Жүрүшүнөн бузулат (Токтогул).
ЖҮРҮШ (көчө жүрүшү) – конституциялык укуктагы манифестация эркиндигин ишке ашыруу ыкмаларынын бири; КР мыйзамдары боюнча, белгилүү бир маселеге мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын, кызмат адамдарынын, жарандардын көңүлүн буруу же алардын чечимдери менен аракеттерине өзүлөрүнүн макул эмес экендигин билдирүү же колдоо максатында, белгилүү багытта же каттам боюнча жүрүү менен, жарандардын пикирин билдирүү үчүн адамдар тобу тарабынан жасалуучу акция катары түшүнүлөт.
прибавлять ходу, шагу, ускорить шаг.
жүрүм-турум менен бирдей. Адамдын чын көркү Адептүү жүрүш-туруш (Шүкүрбеков). Кээ бир-кээ бир көпкөндөр, Адашат жүрүш-туруштан (Шүкүрбеков).
(о коне) с хорошим ходом;
узун жолду жүрүштүү ат менен кызык сөз кыскартат длинную дорогу сокращают хороший ход коня и весёлая беседа.
жүрүштүү
жүрүштүү кадамда (аск.)
Басыктуу, жүрүшү жакшы. Узун жолду жүрүштүү ат, кызык сөз кыскартат («Жомоктор»).