ЖҮРҮШ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Унаанын желе жүргөн, бир аз жорголой жүргөн ылдам басыгы. Жоргосу жок, жүрүшү жок копол атын мактайт (Тоголок Молдо). Басыгына мал жетпес, Жүрүшүнө жан жетпес («Манас»). Жорто баскан жүрүшү бар. Шайбырланган жүрүш. 2. Транспорттун жүрүү абалындагы ылдамдыгы, ар кандай машинанын, аппараттын кыймылда болуу, иштеп туруу абалы. Танк дагы тездик жүрүш менен алга карай кетти (Бөкөнбаев). 3. Кандайдыр бир иштин, аракеттин аткарылуу процесси, жүзөгө ашуу абалы. Пахта терүүнүн жүрүшү. Оруу-жыюунун жүрүшү. 4. Кандайдыр бир максатта массалык түрдө жапырт бет алып жөнөөчүлүк, экскурсия жасоо же туристтик максаттарда жөө жөнөгөн сапар, көбүнчө жөө жүрүү мүнөзүндө өткөрүлүүчү спорттук мелдеш. Жүрүшкө жарайсыз, жигит,– деди врач (Таштемиров). 5. Ар түрдүү оюндарда: карта, шахмат ж. б. оюнчулардын бири-бирине кезектүү жооп кайтарган аракети. Шахматчылар 39-жүрүштө тең чыгууга макул болушту. 6. Адамдын өзүн өзү алып жүрүү нормалары, жүрүм-турум. Жүйрүк болсо ал келин, Жүрүшүнөн бузулат (Токтогул).