жүрүш
Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. 1. Кадам, басык, басыш. Аттын жүрүшү менен келдик. Жоргосу жок жүрүш (Тоголок Молдо). Тобурчактай булкунган уландар.. шаңдуу жүрүш менен.. алга жөнөп калышты (Жантөшев).
2. Кандайдыр бир максатты, ишти бет алып жапырт аттануу „ жолго, саякатка, күрөшкө чыгуу. — Жүрүшкө жарайсыз, жигит ,— деди врач тизмесиндеги Мөкүштүн тушуна плюс белгисин коюп (Таштемиров).
¨ Жүрүш-туруш — кылык-жорук, адамдын керт башынын нормасы, жүрүм-турум. Карылыктын жеткениненби, Чоконун жүрүш-турушу мурункудай эмес (Шүкүрбеков). Кээ бир көпкөндөр Адашат жүрүш-туруштан (Жантөшев).