Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Капилеттен, күтүлбөгөн жерден кандайдыр бир коркунучка дуушар болгондой, коркунучту сезгендей катуу чочуп кетүү. Ошондо анын жүрөгү шуу дей түшүп, бир жамандыкты сезгендей болду (Акматов). Таабалды жүрөгү шуу дей түшүп, тык токтоду («Ала-Тоо»). Дачаны көздөй бурулган ак «Волганы» көргөндө эле Машраптын жүрөгү шуудей түшүп, шалдайып туруп калды (Казакбаев).