ЖҮРӨГҮ ЭЛЕП-ЖЕЛЕП БОЛУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Токтоно албай тынчы кетүү (көбүнчө кубанып толкундаган же кандайдыр бир коркунучту сезгендей кооптонгон учурларга карата). Энем экөөбүздүн жүрөгүбүз элеп-желеп болду («Кыргызстан маданияты»), Ашырбектин жүрөгү элеп-желеп, коммунистке алышабы же кийинкиге калтырышабы, - деп (Ашымбеков). Уулунун кебетесин көрүп, апасынын жүрөгү алеп-желеп (Сыдыгалиев).