Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерсеге жүрөгү түпөйүл болуп, ичтен сызып кейигендей, тынчы кетип сарысанаа болгондой же жүрөгү элеп-желеп болуп токтоно албагандай сезим пайда болуу. Үпөлдүн муңдуу сөзү, жаштуу көзү Суусардын жүрөгүнө чок салып жиберген сыяктанды (Бердикеев). Ошондо Бала-Тынар жылаажындай үн менен солкулдап ырдап, көп кыздардын жүрөгүнө чок салып келип, ушул Салкынай сулууну өпкөн (Осмоналиев).