Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир жакты көздөй басуу, кадам шилтөө, багыт алуу, бастырып чыгуу, транспорт менен жөнөө, сапар тартуу, жолдо болуу. Адымдап ыкчам жүрөлүк (Бөкөнбаев). Катуу жүрбөй, жай жүрүп, Келди Курман жууктап («Саринжи-Бөкөй»). Араба менен жүрчү эле, Семиздиктен баса албай (Маликов). Кечке жүрдүк, адыр, белес, дөң бастык (Токомбаев). 2. Барууга, бирге жөнөөгө ж. б. чакыруу иретинде колдонулат. Ким болсоң да үйгө жүрчү (Сыдыкбеков). Жүр, кино башталганча үйгө кирип олтуралык (Сасыкбаев). Эй, балдарым, кайдасыңар, жүргүлө! (Токомбаев). 3. Кандайдыр бир жерде болуу, туруу, жашоо. Көр азабын көрүптүр, Жети жыл анда жүрүптүр («Манас»). 4. Иштелүү, аткаруу процессинде болуу. Зор иштер жүрүп жатат (Сыдыкбеков). 5. Бирөөгө жалданып иш иштөө, жалданып жумуш кылуу. Малай жүрдүм жалданып, Чоң курсак байга алданып (Бөкөнбаев). 6. Бир нерсенин ордун алмаштыруу, ага барабар келүү, анын ордуна колдонулуу. Кой ордуна жүргөн козу. Арзан баага жүрдү. Эгин акча ордуна жүрдү. 7. Транспорт, механизмдер ж. б. кыймылга келүү, иштөө. Машина жүрсө бүлкүлдөп, чаң чыгат жолдон бурулдап (Мидин). Токтобостон жүрө берди тегирмен (Токомбаев) 8. Суу, жаан, сел ж. б. каптоо, катуу агуу. Балгарттын суусу кириптир, Башынан кыян жүрүптүр («Эр Табылды»). Өкүрүп тентек суу жүрсө, Өзөндүн көркүн сай берет (Токомбаев). 9. Агымда болуу, согуп туруу. Бир кезде туман өйдө көтөрүлүп, Кар учуп, борошолоп шамал жүрүп (Шүкүрбеков). 10. Көңүлү жакын болуу. Анын аялы менен жүрүп алыптыр деген ушак. 11. Шахмат, шашка, тогуз кумалак, карта ж. б. оюндарында фигураларды жылдыруу, оюнга аралашып жүрүшкө ылайык жооп берүү, жооп кайтаруу. Он биринчи жүрүштө актар атты жүрдү. 12. Белгилүү бир абалда, жагдайда, жүрүш-турушта болуу. Каникулга чыктык деп, Бош жүрбөйлү айылда (Осмонкул). Адам сүйгөн ишинде жүрсө көңүлү ачылса керек (Сыдыкбеков). Жакшы жүрүп үлгү алгын. Арааны жүрдү. 13. Бар болуу, болуу. Ташы жүрөт, ташын бирден терейин, Мыя жүрөт, мыяларын элейин (Осмонов). Көңүлүндө Пушкин жүргөн (Маликов). 14. Көмөкчү этиш катарында колдонулат. Жолоочу айланчыктап басып жүрдү (Токомбаев). Кайгырып жүрөм сен үчүн капалуу болуп бул жайда (Үсөнбаев) Акын Током сөзү деп, Айтып жүр сөздү баштарда (Токтогул).