ЖҮРӨГҮН ЖАРАЛОО
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Катуу кейитүү, өтө оор кайгыга салуу, тынчын алып кабыргасын кайыштыруу, жанына батуу. Байкуштардын канчоосунун өлүмү кунсуз унутулуп көпчүлүктүн жүрөгүн жаралады (Бейшеналиев). В.: Жүрөгүн зилдетүү. Анын ушул сөзү көптөн бери жүрөгүн зилдетип келген кеселдин өзүнө окшоду (Ашымбаев). Жүрөгүн сыздатуу. Калыйчанын каргышы Арукени селт чочутуп, жүрөгүн сыздатты (Осмоналиев). Жүрөгүн канатуу. Эми аялдын таш боор аяры жүрөгүн канатканда ал үйүнө түнөбөй безип жүрөт (Абдукаимов).