поведение; жүргөн жүрүмдөрү мастай он ведёт себя как пьяный; жүрүмү жаман жигит парень плохого поведения; жүрүм-турум поступки и поведение; жүрүм-туруму жаман нехорошего поведения.
зат. Жүрүш-туруш, кылык-жорук, тартип. Жүрүмү жаман жигит. [Акбар].. өзүнүн иши жана жүрүм-туруму менен колхозчуларыбыздын улуусуна ини, кичүүсүнө ага болуп калды (Убукеев).
Эл ичинде, коомдо өзүн өзү кармай билүү нормалары, өзүн кандайча алып жүрүү тартиби, кулк-мүнөз, кылык-жоругунун жалпы абалы, жүрүш-туруш. Акбар өзүнүн иши жана жүрүм-туруму менен колхозчуларыбыздын улуусуна ини, кичүүсүнө ага болуп калды (Убукеев).
ЖҮРҮМ-ТУРУМ КОДЕКСТЕРИ – эларалык соода укуктарынын кошумча булактарынын бири. Эларалык экономикалык мамилелерди мамлекеттен тышкары жөнгө салуу үлгүсү болуп саналат. Алсак, 1937-жылы Эларалык соода палатасы тарабынан Жарнама иштеринин эларалык кодекси кабыл алынып, ал 1949-, 1955-, 1966-, 1973-, 1986-жылдары кайра каралган. Тийешелүү келишимдердин түзүлүшү менен Франшизы эларалык ассоциациясы тарабынан Ж.-т. к. (code ofethica ) басып чыгарылган. Табияты жагынан бири-бирине окшош документтер тийешелүү биржалар менен банк ассоциациялары, ошондой эле айрым фирмалар тарабынан түзүлөт.
Code of Conduct (proper noun)
The link to the code of conduct, which contains rules that explain how someone should behave while using a service or product.
ЖҮРҮМ ЧЕЧИМИ – кылмыш-жаза процессинде өз ыйгарым укугунун чегинде чыгарган жана белгилүү бир таризде бирдирген кылмыш-жаза процессин алпарып жаткан органдардын кылмыш-жаза-процесстик укугун колдонуу актысы: өкүм, токтом, жыйынтык, сунуш, санкция.
Өлүү, жан берүү, көз жумуу. Казыке, ысык чай ичесизби десем, көрсө, алдагачан эле жүрүп кетиптир (Айтматов). Ошол сөздү эле күтүп жаткансыган Берен кеч бешимдеги ала көлөкөдөй суналып барып жүрүп кетти (Осмоналиев).
Өлүү, жан берүү, көз жумуу. Казыке, ысык чай ичесизби десем, көрсө, алда качан эле жүрүп кетиптир (Айтматов). Ошол сөздү эле күтүп жаткансыган Берен кеч бешимдеги ала көлөкөдөй суналып барып жүрүп кетти (Осмоналиев).
жүрүш I и. д. отжүр- 1. шаг (ход лошади); походка; аттын жүрүшү менен келдик мы приехали шагом; калмак жүрүш ход (коня) быстрый и без передышек; анын артында, топтошуп, калмак жүрүш менен келе жатышты они ехали за ним группой быстрым аллюром; шашылыш иштери бардай, калмак жүрүш менен келе жатышат они едут быстрым аллюром, будто у них есть спешные дела; бөкөн жүрүш то же, чтобөкөн желиш (см.желиш I); 2. ход (дела, событий); иштин жүрүшү жаман эмес дела идут неплохо; тергөөнүн жүрүшүндө в ходе следствия; 3. воен., спорт. поход; 4. (точнее жүрүш-туруш) поведение; партиялык эмес жүрүш-туруш непартийное поведение. жүрүш- II взаимн. отжүр-; балбан болсоң, жүрүшкүн, майданга чыгып, күрөшкүн стих. если ты борец, иди (вместе с противником), выйдя на арену, борись.
1. Унаанын желе жүргөн, бир аз жорголой жүргөн ылдам басыгы. Жоргосу жок, жүрүшү жок копол атын мактайт (Тоголок Молдо). Басыгына мал жетпес, Жүрүшүнө жан жетпес («Манас»). Жорто баскан жүрүшү бар. Шайбырланган жүрүш. 2. Транспорттун жүрүү абалындагы ылдамдыгы, ар кандай машинанын, аппараттын кыймылда болуу, иштеп туруу абалы. Танк дагы тездик жүрүш менен алга карай кетти (Бөкөнбаев). 3. Кандайдыр бир иштин, аракеттин аткарылуу процесси, жүзөгө ашуу абалы. Пахта терүүнүн жүрүшү. Оруу-жыюунун жүрүшү. 4. Кандайдыр бир максатта массалык түрдө жапырт бет алып жөнөөчүлүк, экскурсия жасоо же туристтик максаттарда жөө жөнөгөн сапар, көбүнчө жөө жүрүү мүнөзүндө өткөрүлүүчү спорттук мелдеш. Жүрүшкө жарайсыз, жигит,– деди врач (Таштемиров). 5. Ар түрдүү оюндарда: карта, шахмат ж. б. оюнчулардын бири-бирине кезектүү жооп кайтарган аракети. Шахматчылар 39-жүрүштө тең чыгууга макул болушту. 6. Адамдын өзүн өзү алып жүрүү нормалары, жүрүм-турум. Жүйрүк болсо ал келин, Жүрүшүнөн бузулат (Токтогул).
ЖҮРҮШ (көчө жүрүшү) – конституциялык укуктагы манифестация эркиндигин ишке ашыруу ыкмаларынын бири; КР мыйзамдары боюнча, белгилүү бир маселеге мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын, кызмат адамдарынын, жарандардын көңүлүн буруу же алардын чечимдери менен аракеттерине өзүлөрүнүн макул эмес экендигин билдирүү же колдоо максатында, белгилүү багытта же каттам боюнча жүрүү менен, жарандардын пикирин билдирүү үчүн адамдар тобу тарабынан жасалуучу акция катары түшүнүлөт.