ЖҮРӨГҮ АЛЫП УЧУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Каңдайдыр бир кооптуу же кубанычтуу нерсени күткөндөй тынчсыздана берүү, көңүлү эргип, токтоно албай, алеп-желеп болуу. Жүрөгү алып учуп, өзүнөн-өзү ээликкен Батийна айылда ыйлап-сыктаган катын-калачтын арасында калалбай баягы ойсоктогон кер бээни жетелеп келип токунду (Сыдыкбеков). Көңүлүм көптү санатат Алып учуп жүрөгүм («Семетей»). Турсун кубанып, жүрөгү алып учуп, апкаарый түштү (Сасыкбаев).Көзүм тартып болкулдайт, Көңүлүм көптү саматат, Алып учуп жүрөгүм («Семетей»). В.: Жүрөгү туйлоо. Жүрөгүм туйлап, эки-үч ирет эңкейип карасам да эч нерсе көрүнбөдү (Жантөшев). – Куттуктайм! – Кыздын алаканы ысык эле. Ошол жылуу илепке Ашырбектин жүрөгү туйлап кетти (Ашымбаев).