ЖҮРӨГҮ ООЗУНА ТЫГЫЛУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Капысынан, байкоосуздан боло калган кооптуу нерседен, угулган кабардан улам катуу коркуп кетүү, эмне кыларын билбей апкаарый түшүү. Алымдын кумсарган өңүн көрүп, Анархан менен Дарыяхандын жүрөктөрү оозуна тыгылды (Жантөшев). Уулжандын жүрөгү оозуна тыгылып, уйпаланган чачын жыя албай будаланды (Каимов). Какач бейтааныш адамды көрүп жүрөгү оозуна тыгылды (Жоошбаев).