Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Тайманбас баатыр, эр жүрөк, өткүр курч. Жүрөгүндө кара жок, Өкүмдүгү бар экен («Семетей»). Эр эле жүрөгүндө карасы жок, көгөрсө душманынан кун төлөткөн (фольк.). 2. Ичинде арамдыгы жок, ак ниет, пейли таза, көңүлүндө кири жок. Менин жүрөгүмдө кара жок. Сен ага туура түшүн («Ала-Тоо»). Жүрөгүндө кара жок, бажактаган Тезекбай эми чындоочудай тебетейин тизесине кийгизе, багжайды досуна (Бейшеналиев).