ЖҮРӨГҮ АЙЛАНУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Кускусу келүү, окшуй тургандай болуп, өзүн начар сезүү, жипкирүү. Жүрөгүм айланып, башымды көтөрө албай жатам («Ленинчил жаш»). Жүрөгү айланып, окшуганы араң турат. В.: Жүрөгү айнуу. Эмнегедир жүрөгүм айнып турат, – деп, чекесин басты («Ала-Тоо»). Жүрөгү аңтарылуу. Ай, үйдө ким бар? чылапчын алып чык жүрөгүм аңтарылып кетти! (Байтемиров). Жүрөгү көтөрүлүү. Көңүлүм караңгылап, жүрөгүм көтөрүлүп турат («Ала-Тоо»). Көңүлү айнуу. Көңүлүм айнып, жипкире баштадым.