Киргизско-русский словарь Юдахина
1. проезжий, прохожий; путник; пассажир;
жүргүнчүнүн жолу проезжая дорога, большая дорога;
кедей, байы тыйылбас жүргүнчүнүн жолу эле фольк. это была большая дорога, на которой не прекращалось движение бедняков и богачей;
2. ист. торговец, ведущий разъездную (караванную) торговлю.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖҮРГҮНЧҮЛӨР БАРАКЧАСЫ – учак же кеме жүргүнчүлөрүнүн тизмеси жазылган баракча. Анда алардын аты-жөнү менен дагы башка маалыматтар камтылат, өлкө бекетинен чыгып жатканда же четөлкө бекетине келип жеткенде, эмиграциялык бийлик өкүлдөрүнө көрсөтүлөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖҮРГҮНЧҮЛӨРДҮ ТАШЫП ЖЕТКИРҮҮ КЕЛИШИМИ – ташуучу жүргүнчүнү тийштүү жерине жеткирүүгө, а жүргүнчү жанжүк тапшырган кырдаалда аны да жерине жеткирип, жанжүктү алууга ыйгарым укуктуу адамга тапшырууга милдеттенген келишим; жүргүнчү өзүн жана жанжүгүн жеткиргендиги үчүн белгилүү акыны төлөөгө милдеттенет. Ж. т. ж. к. билет, ал эми жүргүнчүнүн жанжүк тапшырганы – жанжүк дүмүрчөгү менен күбөлөнөт. Билет жана дүмүрчөк тариздери унаа уставдарында жана кодекстеринде белгиленген тартипте аныкталат.