Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Күтүлбөгөн жерден, капысынан боло калган кубанычтуу же коркунучтуу нерсеге карата катуу таасирленүү, апкаарып алдастай түшүү. Кубанган жүрөгүм атып кетти өңдөнөт. Аны укканда бечара эненин жүрөгү атып кетти го? («Ала-Тоо»). В.: Жүрөгү болк дей түшүү. Чоконун жүрөгү болк дей түштү (Жантөшев). Байымбеттин жүрөгү болк дей түшүп, өзүнүн Сейдешин эскере мууну бошой имерилди (Бейшеналиев). Жүрөгү болкулдоо. Мен дагы догдур же маалим экен деп, жүрөгүм болкулдап, жаным калсачы («Чалкан»). Жүрөгү кабынан чыгуу. Алымкулдун бүрсүгүнкү жөнөй турганын угуп, Гүлайымдын жүрөгү кабынан чыгып кете жаздады (Абдукаримов). Менин жүрөгүм кабынан чыгып кетчүдөй катуу сого баштады («Ала-Тоо»). Жүрөгү болк этүү. Алардын караанын көргөндө жүрөгүм болк этип кетти («Ленинчил жаш»). Ок чуу этип кулагымдын жанынан өтүп кеткенде «кудай сактаа, бөйдө өлүм боло жаздадым ээ», – деп, жүрөгүм болк эте түштү (Бейшеналиев). Жүрөгү солк дей түшүү. Ал жигит жакындап келгенде Сатардын болбой чыгышына Сабиранын жүрөгү солк дей түшүп, денеси дуркүрөдү (Алыбаев). Жүрөгү селт дей түшүү. Макмалдын жүрөгү селт дей түшүп, кызына жайындагы Кетмен-Төбөлүк жаш ырчынын көңүлү түшүп кеткенин, баягы Жеңижок акундун кепке тартканын эстеди (Касымбеков). Жүрөгү солк этүү. Көзү көзүнө бир урунуп, Беделбайдын жүрөгү солк этти (Касымбеков).