ЖҮРӨГҮ СЫЗДОО
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Абдан катуу кайгыруу, капа болуу, кайгыга батуу, кейүү. Мезгил да ырын ырдап, ыйын ыйлап, жакшысына кубанып, жаманына жүрөгү сыздап өтөт (Өгөбаев), Үч жашар балага ок жаңылганын угуп жумушчулардын жүрөгү сыздады (Ашымбаев). В.: Жүрөгү сабылуу. Акын Калпа ажынын канкордугун өкүмөт өкүлүнүн оозунан угуп, кыжыры кайнай, жүрөгү сабыла кабылдоодо (Бейшеналиев). Жүрөгү сыйрылуу. «Топчубайым болсо кана?! Сүйүнүп ала барып бербейт белем...», – деп жүрөгү сыйрылды Токтогулдун (Касымбеков). Жүрөгү тилинүү. «..Э, кыйды түлкүнү серпем деп келип, журттагы куу казыкка тийип жарылган бүркүт болдум...», – деп жүрөгү тилинди (Касымбеков). Жүрөгү тызылдоо. Аргасыздан ата кетти жүрөгү тызылдап, бала калды боору катып солуп ыйлап (Касымбеков). Мындай абалга кандайынча кабылганын эскерсе, жүрөгү тузга чылангандай тызылдайт (Бейшеналиев).