Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кайдыгерлик, көңүл коштук менен эптеп-септеп бүгүрө коюу, көздөн далда кылуу. Жүр нарыга салбастан, сапаттуу иштеп көнгүлө (Осмонкул). Ошондо биздин колхоздо уятсыз жүр нары салчулар эски журтта улуп калган күчүктөй болушар (Жангөшев). Алкендин жумушуна кайдыгерлик менен карап, жүр-нарыга салууга өттү (Сасыкбаев).