Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Абдан катуу коркуу, аябай эси чыгып калуу. Чоң эненин санаасы алда нечеге бөлүндү: балакетиңди алайын куурчагымдын жүрөгү түшүп калды го? (Сыдыкбеков). Аны билген түрмөнүн чоңдорунун жүрөгү түшүп, араң жүрүшөт (Бектенов). 2. Катуу корккон, аябай эси чыгып калган баланын бейтап абалына карата айтылат (мындай учурда балдарда кусуу, өңдөн азуу, элирүү сыяктуу көрүнүштөр пайда болот). Жүрөгү түшүп, абышкаларга апаптатып, кемпирлерге жүрөгүн көтөрттүк («Ала-Тоо»).