Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандайдыр бир жаманчылыкты, жаман кабарды сезгендей, өзүнөн-өзү кооптонгондой, сестенгендей абалда болуп, тынчы кетүү, токтоно албай корко берүү, санаркоо. Асалхандын көз карашынан улам бир шумдуктун белгисин сезгендей, Анархандын жүрөгү опколжуй баштады (Жантөшев). Айнанын жүрөгү жанагыдан беш-бетер опколжуду (Жоошбаев).