жүр
Толковый словарь кыргызского языка (1969)этиш. 1. Басуу, бир жакты көздөй кетүү, жөнөө, баруу. [Мусабек].. жүрүп кетти (Сасыкбаев). Жүрүп бараткан пароходдун.. түтүнү (Сыдыкбеков).
¨ Жүр нары — эптемей, эптеп бүтүрө салмай, халтура.
- 2. Кыймыл-аракетте болуу, кыймылдоо (шамалга, желге карата). Көк бетине жылдыз жайнап, сыдырым шамал жүрдү (Каимов). Акырын жүрүп турган жел бороонго айланып, көчөдөгү ыпыр-сыпырлар чаңга аралаша түштү (Жаш ленинчи»).
- 3. Белгилүү бир жайда болуу, күн өткөрүү, жашоо. Базарда жүргөн эле. Эсен-соо жүрүшөбү? Нарында жүрөт. Шаарда жүрөт.
- 4. Бирөөгө жалдануу, кызматын кылуу абалында болуу. Нечен жыл кызматын кылып, малай жүрдүк («Ала-Тоо»).
- 5. Шахмат, дойбу, тогуз кумалак же карта оюндарында фигураларды жылдырып ойнотуу, жүрүү; кезеги келгенде оюнду аракетке келтирүү.
- 6. Аракетте болуу, күчүндө туруу. Үстөмдүк жүрө баштады. Бийлик жүрдү. Жүрүп турган закондор. Бул акча жүрөбү?
- 7. Иштелүү, аткарылуу процессинде болуу. Сабак жүрүп жатат. Ремонт жүрдү.
- 8. Ойноштук, көңүлү жакындык абалында болуу. Жүргөн кишиси ким экен? Экөө качантан бери жүрө башташыптыр?
- 9. Көмөкчү этиш катарында колдонулат. Шаарда окуп жүрөт. Күнүгө келип жүрөт.
¨ Жүр нары — эптемей, эптеп бүтүрө салмай, халтура.