Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кайдыгерлик, көңүл коштук менен эптеп-септеп бүтүрө коюу, көздөн далда кылуу. Жүр-нарыга салбастан, сапаттуу иштеп көнгүлө (Осмонкул). Ошондо биздин колхоздо уятсыз жүр нарыга салчулар эски журтта улуп калган күчүктөй болушар (Жантөшев). Ал кендин жумушуна кайдыгерлик менен карап, жүр-нарыга салууга өттү (Сасыкбаев).