ЖҮРӨГҮ ҮШҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Коркуу, жалкоотой болуу, жалкып калуу, жүрөк заада болуу. Эзелден жүрөк үшүп, жалкоотой болгон кургурлар... бүлүк түшүп калар эле (Элебаев). Батийна тигил сейпейген сары чийкил баланы көргөндө жүрөгү үшүй түшүп, шуу үшкүрүндү (Сыдыкбеков). Ошол алсыздыгымдан жүрөгүм үшүп, коркуп турам (Акматов).