Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көп кайталанган, кайра-кайра боло берип тажатып жиберген нерсени көргүсү келбей калуу, абдан тажоо, зааркануу, катуу коркуп, көңүлү калуу. Корккон балдарым чыркырап энесине жармашат, кээде мени көрсө чыңырып бетин баса калышат. Айтор, ушинтип балдарымдын жүрөгүнө да тийдим (Өмүрбаев). В.: Жүрөгүнө чийки майдай тийүү. Дүйнөдө жалгыздыгыңан тозок жок экен. Жалгыздык жүрөгүмө чийки майдай тийип, мени түгөтүп баратат (Өмүрбаев).