Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Элжиретип же калтаарытып муун-жүүндү бошотуу (көбүнчө кубанып толкундаган же капа болуп жашыган учурларга карата). Ээ, берекем! Кайдан жүрүп комузчү болуп кеткенсиң? Жүрөктү титиретесиң да? (Каимов). Кыздар бир табак талканга сатылып, көз жашты көлдөткөн ата-энелердин муңу жүрөктү титиретет (Каимов).