ЖҮРӨГҮ СЫЗДОО
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Абдан катуу кайгыруу, капа болуу, кайгыга батуу, кейүү. Мезгил да ырын ырдап, ыйын ыйлап, жакшысына кубанып, жаманына жүрөгү сыздап өтөт (Өгөбаев). Үч жашар балага ок жаңылганын угуп жумушчулардын жүрөгу сыздады (Ашымбаев).