Манас (произведение богатырского эпоса киргизского народа, названное по имени центральной фигуры - богатыря Манаса); "Манас" айт- исполнять эпос "Манас".
МАНАС — эпостун биринчи бөлүгүнүн борбордук башкы оң каарманы. Эпос боюнча кыргыз элинин чексиз кайрат-күчкө ээ эң башкы баатыры жана алардын бардык урууларынын башын кошуу менен аны тыштан басып кирүүчү ар кандай күчтүү жоолордон коргоп, ата журттун эркиндиги, элдин элдигин сактаган саясий биримдиги үчүн күрөшкөн жигердүү даанышман кол башчысы, каны. Дүйнө элдеринин оозеки чыгармачылыгынын эпикалык үлгүлөрүндө борбордук негизги оң каармандын жарык дүйнөгө келиши, ага каармандын келечекте аткаруучу негизги миссиясынын тикеден-тике байланыштуу болушу — салттык көрүнүш. Муну менен элдик философиянын оптимисттик көз карашы — жамандык канчалык күтүүсүздөн келип, канчалык оор болсо да, ага каршы тура алуучу жакшылык күчтүн болору, ал акыры салтанат курары белгиленген. Эпикалык ушул салтка ылайык М. кыргыз элинин башына каран түн түшүп, «бири айдалып Эренге, бири түшүп кетип кайра чыккыс тереңге» күчтүү жоо тарабынан чабылып, ата конуш жеринен туш-тушка зордук менен сүрүлүп, чилдей таратылганда туулат. Кыргыздарды баш коштуруп турган Каракан (кээ бир варианттарда Ногой кан) каза болгондо анын уулдары:
Атасынан жаш калып,
Акылдан такыр бош калып,
Калың кара көп журтту
Кармай албай маң болуп,
Ар кылган иши кам болуп (ШР, Кол жазмалар фондусу, 100-инв., 2-б.) бийликти тышкы душманга тарттырып жиберишет. Мында акылдуулук баатырдык менен кыргыз элин биримдикте кармап, күч-кубатын арттырып, тышкы жоодон сактанууга кудуреттүү кылган Каракандын (Ногойдун) иши даңазаланып, анын өзүндөй боло албаган уулдарынын чабалдыгы, жөндөмсүздүгү астыртан сындалат. Эл ишин ойлогон бек айбат уулдары болбосо, эл ушинтип, тышкы жоого жем болуп, чабылып-чачылары белгиленет. Ошону менен элдин камын ойлогон нагыз баатырдын төрөлүшү зарыл экенине көңүл оодарылып, элдин ошондой чоң мүдөөсүн жүзөгө ашыруучу азамат М. экенине басым жасалат.
Т. Т. Герцен. «Манас». 1991.
Ал ата журтунун башына түшкөн кыйын кезеңди жок кылуу үчүн элдин тилеги менен атайы жаралганы алдын ала көрсөтүлүп, ал кийин бүт өмүрүн ушул ыйык ишке, элди, жерди сактоого жумшайт. Элди бөлүп-жарып, талап, туш келди тараткан жоодон өч алат, кыргыздарды өз мекени Ала-Тоого кайрадан ээ кылат, аларга тилектеш, тектеш башка элдер менен бириктирип, тышкы жоо басып кире албагандай бекем күчкө айландырат. Элдин түшүнүгүндө мындай улуу миссия үчүн атайы төрөлгөн адам катардагы эле бирөө эмес, кандайдыр адаттагыдан тышкары болууга жана ошол укмуштуулугу, өзгөчөлүгү алдын ала сезилип турууга тийиш. Ошондуктан, чыгармада анын бойго бүтүү, төрөлүү, эр жетүү процессине кеңири көңүл бөлүнөт. Элдик оозеки чыгармачылыктын эпикалык салттарына ылайык М. узакка баласыз жүргөн карыган ата-эненин кудайга зар какшаган тилегинен бойго бүтөт. Укмуштуу бала төрөлөрүнө алдын ала ар түрдүү аяндар берилет: эне-атасы укмуштуу-кереметтүү түш көрөт, энеси жолборстун жүрөгүнө талгак болот, төрөлөрүнөн алда канча жыл мурун душманынын сыйкырдуу китептерине (бичик, даңза) аты жазылып, алардын сезин алат. Энесинин төрөтү катуу болот, бир колуна кан, бир колуна сүт уучтай түшүп, кан төккөн баатыр гана эмес, ак көңүл, кең пейил, жоомарт адам болору дайын болот жана башкалар Саякбай Каралаевдин варианты нда ал төрөлгөндө «Асмандан кудайдын нуру чачылып, зилзала жүрүп кетет» (Саякбай Каралаев, 1. 54). Эпикалык чыгармалардагы мындай типтеги төрөлүүнү В. Г. Белинский: «Бул — баатырдык төрөлүүнүн чексиз бийиктиктин, күчтүүлүктүн апофеозу», — деп мүнөздөгөн. Табияттын ар түрдүү кереметтүү күчтөрү М-ты төрөлүшүндө эле эмес өмүр бою коштоп жүрөт. Эпостун белгилүү варианттарынын бардыгында ал төрөлөрдөн алда канча мурун ата-энеси элдин көз карашында тартынбастыктын, кайраттуулуктун, баатырдыктын, күчтүүлүктүн үлгүсү болгон ажыдаар, алп кара куш, кара чаар кабылан, сур жолборс өңдүү жаныбарларды түштөрүндө көрүшөт жана ошол түштөрү аркылуу ушул жаныбарларга таандык артыкча сапатка ээ эркек бала төрөлөрү билинет. «Манас» эпосунун сюжетинин андан наркы өнүгүшүндө Чыйырды, Жакыптын түшүнө кирген ошол жаныбарлар Манастын колдоочуларына айланып, классикалык тотемдердин бардык белгилерин сактап, анын функцияларын аткарышат (к. Тотемизм). Т. Герцен. Манас.
М. жоого киргенде ошол тотем жаныбарлар сүр-айбат болуп коштоп жүрөт:
Ажыдаар, жыланы
Артынан сойлоп алыптыр.
Көсөө куйрук, көк бөрү
Көк жал эрдин жөкөрү
Көтүнөн ээрчип алыптыр.
Алп кара куш арбайып
Асмандан бутун салыптыр...
Ошондой эле алар М-тын башына ар кандай кыйынчылык түшкөндө жардамга келйшет, керек болсо өлүмдөн да сактап калышат. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун вариантында Көзкамандардан ууланып өлүм алдында жаткан М. өзүн издеп келген чоролору Сыргак менен Серекке мындай дейт:
Мени дагы чоролор,
Бейсаадат бенде дебеңер,
Жолборстон болор жолдошум,
Коркпостон болор колдошум,
Жолборстон жолдош келүүчү
Жот дары алып берүүчү.
Бөрүдөн бөлө келүүчү,
Бөлөкчө дары берүүчү,
Илбирстен ини келүүчү,
Искеме дары берүүчү,
Аюудан ага келүүчү
Ак дары казып берүүчү.
Өлөт деп жүрөт оюңар,
Өкүнүчтү коюңар (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 1794-инв., 437-б.).
Эпосто Манастын кереметтүү жаныбарлар менен байпанышы мындан да терең сүрөттөлгөн учурлар кездешет. Саякбай Карала уулу «артын сала бергенде ажыдаар түрү бар, астын сала бергенде алты миң эрдин сүрү бар» экенин белгилесе, Сагымбай Орозбак уулу Манастын каары келгенде адамдык түсү жоголуп, жолборс түрүнө өткөнүн айтат. Көкөтөйдүн ашында М-тын Үрбүгө ачуусу келгендеги турпаты төмөнкүчө сүрөттөлөт:
Арстан сыны баатырдын
Азыр чыга калганы.
Баткалашта мараган,
Кабыландай караган,
Ар качандан бир качан
Ачуусу ишке жараган,
Чагарак куйрук, чаар тон
Чамынганы соо болбос
Шаңы чыкты сур жолборс (Сагымбай Орозбаков, 3. 158).
Мындай мотивдер — түрк элдеринин эпосторунда типтүү салттык көрүнүштөрдөн. Мисалы, «Огуз-Намэде» келечектеги башкы каармандын тышкы көрүнүшү: «Буттары буканын бутундай, бели бөрүнүн белиндей, ийни киштин ийининдей, көкүрөгү аюунун көкүрөгүндөй болду», — деп сүрөттөлөт. Якуттардын «Сүйң Джаасын» олонхосунун башкы оң каарманы: «алдынан караса ачыккан карышкырга, артынан караса каардуу кары аюу түрүндө» болот. Г. Петров. Манас.
Тотем жаныбарлардын образы да илимде эволюциялык өнүгүүнү башынан өткөргөн. Эң алгачкы этабы — каарман-жаныбар же кудай-жаныбар («Кожожаштагы» Сурэчкинин, байыркы түрк элдеринин санжырасындагы Көкбөрүнүн тибиндеги), экинчи этабы — жаныбар кейипке келе алуучу сыйкырдуу каарман. Бул этап адамдардын аң-сезиминин деңгээли жаныбарларды кудай катары кароодон кутула баштаган мезгилге туура келет. Рационалдуу ой жүгүртүүнүн натыйжасында, каарман-жаныбарлардын образы акырындап адамдаштырууга өткөндө кейипкердин жарымы адам, жарымы жаныбар жаңы тиби пайда болгон. М-тын образында ушул процесс реликт катары сакталган. Башкача айтканда «Узакка созулган эволюциялык процесстен улам адамга айланган мифтик каарман Манас чечүүчү учурда өзүнүн жырткычтык касиетине ээ болуп, арстандын, жолборстун, ажыдаардын кейпин киет. Бул эпикалык образдын айбанаттар менен болгон байланышы биротоло жоюла элек кездеги өнүгүү этабын чагылдырат» (М. Борбугулов, «Манас» эпосунун байыркы башаттары. —”Кыргызстан Маданияты”, 22-январь, 1987). Эпостун андан аркы эволюциялык өнүгүү процессинде эпикалык каармандын адамдык образы зооморфтук белгилеринен улам акырындап алыстай баштайт. Жаныбарлар эми каармандын өзү эмес, анын атрибуту болуп калат (Мисалы, байыркы египет, грек мифтериндеги кудайларды, «Манастагы» башкы каарманды жандап жүргөн жаныбарлардай) же каарман зооморфтук келбетке келбестен баштагы тотем жаныбардын кебин гана кийип жүргөн болот (Мисалы, грек мифинде Геракл, ирандыктардын «Шахнамэсинде» Үрүстөм дайыма жолборстун терисин кийип, жоодон эч жеңилгис касиетке ээ болушкандай). Рационалдуу ой жүгүртүүгө негизделип, байыркы зооморфтук образ улам жумшартылып, улам адамдаштырылып олтуруп, акыры субъективдештирилген поэтикалык образга орун бошотот. Бул көрүнүш М-тын образына да туура келерин «Манас» изилдөөчү Р. 3. Кыдырбаева да белгилеген: «Алгачкы символдор, Манастын образынын жаныбарлар менен байланышы шек жок зооморфизмдин туундусу болгон, андан кийинки мезгилдерде гана алар таза көркөм символдор менен биригишет да, Манастын образын такай жандап жүргөн эпитеттерге айланышат (Р. 3. Кыдырбаева, Генезис эпоса «Манас», Фр., 1980, 20-б.). М-тын образына кайрылып, аны изилдеген бир катар окумуштуулар анын тегин же тикеден-тике өзүн кудайлар менен байланыштырышат. М. Ауэзов М-тын ысымы шамандык пантеондогу кудайдын аталышын билдириши ыктымал деп эсептеген. М-тын образын алгач тикеден-тике кудайдын образы менен байланыштырган окумуштуу П. Н. Берков болгон. Ал алтайлыктардын эпосунун башкы оң каарманы Алып-Манашты М. менен генетикалык түбү бир катары параллель карайт да, Алып-Манаштын байыркы образында өмүр берүүчү, жашоону жаратуучу күндүн (байыркы элдердин мифологиясында башкы кудай) образы жатат деп болжойт. Б. а. М-тын түпкү образы күн кудайдын образынан өсүп чыккан деген ойду айтат. Эпостогу: «айың менен күнүңдүн бир өзүнөн бүткөндөй» деген өтө белгилүү ыр сабына, ушул өңдүү башка фактыларга таянып, М. Борбугулов П. Н. Берковдун оюн дагы тереңдетип: «Манас — же Ай менен Күндүн өзү, же алардын уулу» деген жыйынтыкка келет. Муну М-ка ат коюлганда анын келечекте ким болорун алдынала аныктаган:
Атышкандын алы болсун,
Айдай Манас өзү болсун.
Күрөшкөндүн күчү болсун
Күндөй Манас өзү болсун (Набиев А. «Манас», Кол жазмалар фондусу, 1116а-инв., 230-б.)
деген ыр саптары да ырастайт. М-ты сыпаттоодо колдонулган «бир өзүнөн бүткөндөй», «күндөй», «айдай» өңдүү сөз айкаштары эпостун азыркы ыр саптарында метафора, метонимия, салыштыруу катары колдонулганы менен тереңден карай келгенде, ал рационалдуу ой жүгүртүүнүн натыйжасында баштагы функциясын өзгөртүп, поэтикалык каражатка айланган миф экени анык болот. Б. а., абалкы абалында М. ай менен күндүн бир өзүнөн (бойго) бүткөн (бүтүндөй эмес) же ал ай менен күндүн өзү (айдай, күндөй эмес). М. сыяктуу каармандардын күн менен айдан төрөлүшү түрк-моңгол элдеринин эпикалык чыгармаларында салттык мотив болуп келгендиги алардагы байыркы мифтер менен да ырасталат.
Моңголдордун ушул азыркыга чейин сакталып калган байыркы ырында: «Атасы — жаш ай, энеси — алтын күн», — деп айтылат. «Манастагы» башкы оң каармандын бири Алмамбет нурдан (жаш жигит кебетесинде келип түшкөн айдын нурунан) кадимки жердик аялдын боюна бүтөт. Дал ушунун өзүндөгүдөй баян Чыңгызкандын түп аталарынын төрөлүшү жөнүндөгү моңгол санжырасында айтылып калган. Р. 3. Кыдырбаева кыргыз эпосун тектеш элдердин тарыхый-этнографиялык, эпикалык чыгармалары менен тарыхый-салыштырма планда изилдеп келип: «Манас — асмандын уулу жана карышкырдын тукуму, бул — касиетке ээ адам, өз уруусунун, тайпасынын атынан эрдиктерди жасоого жөндөмдүү — каармандын иш-аракетинин алгачкы мотивировкасы кебетеси мына ушундай болгон», — дейт. Бул көз караш М-тын ай менен күндөн төрөлүшү жөнүндөгү жогоруда айтылган жобого каршы келбейт. Мифологияда Күн бүткүл асмандын символу катары каралат да, асман, күн — экөө тең бир эле нерсенин (бул жерде башкы кудайдын) ар түрдүү аталышы болуп эсептелет. Көкбөрү түрк элдеринин санжырасында алардын түпкү энеси, ошону менен бирге бул элдердин мифологиясында жердин (байыркы түрктөрдүн мифологиясында жер-суу Көк теңир менен катар турган өзүнчө теңир-кудай) символу (башка элдердин мифологиясында бул символ көбүнчө ажыдаар түрүндө болот). Тектеш элдердин этнографиялык фактылары менен салыштыруу М-тын башкы кудайдан жаралганын көрсөтөт. М-тын түп аталарынын бири — Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Чаянкан. Шамандык ишенимдерди кийинки кездерге чейин тутуп келген эне-сайлык кыргыздарда (хакастарда) Чаян башкы жаратуучу кудай болгон. Демек, кыргыздар мусулман динин кабыл алганга чейин Чаянды башкы жаратуучу кудайы катары эсептөө менен бирге, аны өздөрүнүн негизги эпосунун башкы каарманынын атасы кылып да сүрөттөшкөн. Дүйнөлүк мифологияда кудайлар, эпикалык каармандар асман менен жер теңирлеринен төрөлүшү — типтүү салттык мотивдерден. Классикалык мифтер болуп саналган байыркы египеттердин, гректердин мифтеринде бул ачык көрүнөт. Табияттын өндүргүч күчтөрүнүн жана тигил дүйнөнүн кудайы Осирис жер кудайы Геб менен асман кудайы Нуттун уулу, гректердин башкы кудайы Зевс асман кудайы Уран менен жер кудайы (жер-эне) Геянын небереси. М. аталган кудайларга туулушу жагынан гана эмес айрым белгилери, иш-аракеттери, аткарган функциялары боюнча да окшоштукка ээ. Зевс адам түспөлдүү кудай болуу менен бирге М. сыяктуу зооморфтук белгилерге ээ. Ал букага айланып, Европаны ала качат, Персефонага жылан, Ледага ак куу кебетесинде келип кошулуп, балалуу болот. Түпкү образында М-тын өзү күн, ай эсептелгендей эле Зевс жарыктын жана жарык асмандын кудайы (башкача айтканда күн кудай). Байыркы гректер Зевстин атын жашоону жана жанды жасоочу, жандандыруучу от катары түшүнүшкөндөй эле, өзү күн эсептелген М-тын аты да жан менен байланыштуу. Эпосто «Алп кара куш арбайып, Асмандан буту тарбайып Манаска жолдош болуптур», — деп сүрөттөлгөндөй, бүркүт Зевстнн туруктуу атрибуту, Олимп тоосунун чокусунда дайыма аны жандап жүрөт. «Артын сала бергенде ажыдаар түрү бар» М. өңдүү Зевс да жылан түргө келе алат. Зевс түпкү образында эмен дарагы түрүндө элестетилген. Ал негизинен турмуштун жарык, жаркын жагынын башкаруучусу, өкүмдары болуу менен бирге, асман, жер үстү гана эмес, тигил дүйнө-жер алдына да бийлиги өтөт. Дүйнө элдеринин мифологиясында, эпикалык чыгармаларында өмүр дарагы — космостук дарак (к. Байтерек) ааламдын үч катмарын: жер астын (өлүктөр өлкөсүн), жер үстүн (кадимки адамдардын өлкөсүн), асманды (кудайлардын өлкөсүн) байланыштырып турган борбор болуп сүрөттөлөт. Анын үстүндө асмандын ээси адамдарга жакшылык алып келүүчү күч — бүркүт (к. Алп кара куш) айланып учуп жүрсө, түбүндө жер астынын ээси, жердин чексиз күчүнүн символу ажыдаар (к. Ажыдаар) ээлеп жатат. Манасты алп кара куш менен ажыдаар ушул космостук дарактай бири төбөсүндө айланып, бири бут алдында сойлоп колдоп жүрүшү анын бийлиги эмен түрүндө элестетилген Зевс сыяктуу үч сферага (жер алды — өлүктөр өлкөсү, жер үстү — кадимки адамдардын өлкөсү, асман — кудайлар тибиндеги жогорку күчтөрдүн өлкөсү) жеткенин символдоштурат. Демек, М-ка карата айтылуучу «Асман менен жериңдин тирөөсүнөн бүткөндөй», «Алды катуу кара жер, жердигинен түткөндөй» деген ыр саптары азыркыдай анын образына өтмө маанидеги, поэтикалык көркөм салыштыруу каражаты катары эмес, түз маанисинде, анын бийлиги үч сферага жер асты, жер үстү, асманга жеткенин көрсөткөн мааниде колдонулган. Зевс грек кудайларынын башкы кудайы болгондой эле М, кыргыз жана ага жамаатташ жашаган элдердин эң башкы баатыры, эң башкы кол башчы-каны катары жалпы элдик ар кандай иштерде башкы ролду ойнойт. Зевс адамдардын, кудайлардын атасы катары аларды колдоо менен бирге, ачуусу келгенде каардуу жазалоочу күч катары көрүнөт. М. да өз элинин камкор коргоочусу болуу менен бирге каары келгенде кудайлар сыяктуу кереметтүү касиет менен жазалоочу күчкө да эгедер. Эпосто «караган аман калчу эмес, көзүндө кара калы бар, жүзүндө жаман заары бар», «айланып карап койгондо тыңдаймын деген тыңчы өлгөн, сындаймын деген сынчы өлгөн», — деп сүрөттөлгөндөй Манастын көз карашы грек мифиндеги караганын соо калтырбаган Афина Палладанын, горгона Медузанын көз караштарындай магиялык күчкө ээ. Зевс өзүнүн атасы Кронос менен бийлик талашып, акыры аны жеңип, тартарга кулатат. М. да бакылдык коркоктук жайы бар өз атасы менен ыркы көп келишпей, нааразылашып жүрөт, Жакып акыры М-тын уулу Семетей колдуу каза болот. М-ты Зевс менен жакындаштырган башка бир катар мотивдер бар экендиги изилдөөлөрдө да көрсөтүлгөн. «Интенсивдүү өнүккөн саясий жана тарыхый турмуштун таасири астында Манас жөнүндөгү миф баатырдык поэма-жомоктун стадиясын басып өтүп, кандайдыр бир реалдуу адамга өткөрүлгөн жана ошол кейипкер жөнүндөгү баатырдык баян менен биригишкен» (Берков П. Н. Алтайский эпос и «Манас» — Китепте: Киргизский героический эпос «Манас». М.. 1961, 255-б.). Дүйнөлүк эпикалык чыгармаларда реалдуу тарыхый адам менен мифтик каармандардын образынын биригиши — типтүү салттык көрүнүш. Дүйнөдөгү эң байыркы эпостордун бири, байыркы шумерлер менен аккаддардын эпосунун каарманы Гильгамеш — реалдуу тарыхый адам — Шумердеги — Урук шаарынын биринчи сулалесинин бешинчи өкүмдары (биздин заманга чейин 27-кылымдын аягы — 26-кылымдын башы). Жергиликтүү элдин ишениминде ал өлгөндөн кийин кудайга айланган. Эпикалык чыгармаларда Гильгамеш — Уруктун башкаруучусу Лугальбанданын жана күн кудайы Утунун тукуму кудай аял Нинсундун баласы. Кудайга айланган Гильгамеш өлүктөр дүйнөсүнүн тескөөчүсү, адамдарды жин-шайтандардан коргоочусу болуп калат. Моңгол тилдеринде сүйлөгөн элдердин жана тибет-бирма элдеринин эпикалык чыгармаларынын каарманы — Гесер да тарыхый адам. Изилдөөчүлөр Гесерди Тибеттин түн. чыгышындагы Лин мамлекетинин өкүмдары болгон деп эсептешет. Алгач маданий каарман катары түптөнө баштаган Гесердин образы кийин инди жана будда мифологиясынын таасири астында башкы кудай Индранын баласы делип айтылып калган. Кудайлардын пантеонунда ал согуш кудайы болуп саналат. Скифтердин уламышы боюнча алардын биринчи падышасы Колаксай (анын ысымынын этимологиясын окумуштуулар Күн-падыша деп түшүндүрөт) Зевс-папайдын жана жылан буттуу кудай аялдын неберси. Ал өзүнүн бир туугандарынын ичинен көктөн түшкөн сыйкырдуу алтын буюмдардын ээси болушу аркылуу, коомдун башка мүчөлөрүнүн үстүнөн бийлик жүргүзүүгө жогорку күчтөрдүн — кудайлардын эрки боюнча атайы тандалат. Мифологиялык бул мотив, ошол байыркы скифтердин маданиятынын алыскы мураскору болуп калган элдердин бири орустардын былиналарында да сакталып калган. Киев циклиндеги былиналардын борбордоштуруучу каарманы — тарыхый адам Киевдин улуу князы Владимир Святославичтин (10-к.) титул-эпитети Кызыл күн (Красное солнышко). Ал жазма эстеликтерде байыркы славяндардын күн кудайы — Дажбогдун аты менен аталып, анын небере-чеберелери Дажбогдун небере-чеберелери делип эсептелет (Рыбков Б. А. Язычество древней руси. — М., 1987, 447-451-б.). Реалдуу тарыхый прототиби бар эпикалык каармандын кудай тектүү болушунун, кудайга айланышынын адамзат коомунун стадиялык өнүгүшүндөгү белгилүү этабынын туундусу катары кароого тарыхый негизи бар. Мифология али негизги идеологиясы болуп саналган уруулук-тайпалык коомдо падыша өкүмдар гана эмес (азыркы түшүнүктөгү), жрецтик функцияны аткарып, өзү башкарган жамаат менен кудайлардын ортосундагы элчи да болуп эсептелген. А. Н. Михалев. Манас.
Натыйжада аларды кудайлар тибинде же алардын урпактары катары элестетип сүрөттөө пайда болгон. Мындай көрүнүш байыркы түрктөрдө өтө ачык байкалат. Түрктөрдүн каганы өзүн түздөн-түз «Теңирге тең» сезет. Аны Теңирдин өзү жараткан (төрөткөн) болот. Теңир аны түрк элине каган коёт (кан кылып берет) (Орхоненисей тексттери. Фр„ 1982, 53, 82-б.). Түрктөр бул мифологиялык көз карашты өздөрүнүн түпкү бабалары байыркы хунндардан мурастап калган. Хунндардын атактуу өкүмдары Модэ шаньюй (биздин заманга чейин 2-к.) асман менен күндү, космос күчтөрүн адамдаштырып (персонификациялап), ага сыйынуу киргизген, Шаньюй өзү «Көк теңир менен жерден төрөлгөн, ай менен күн аркылуу бийликке коюлган» деген титулду салтанаттуу кабыл алган. Модэнин мамлекеттин башкы жрецинин функциясын аткарышы—кудайдын жердеги өкүлү катары анын бийлигин ого бетер күчөткөн (Плетнева С. А. Кочевники средневековья. М., 1982, 85—86-б.). Өздөрүнө тектеш хунн, түрк элдериндей эле байыркы эне-сайлык кыргыздардын мифологиялык ишеними боюнча алардын ажосу (араб жана башкалар элдердин тарыхый жазма эстеликтеринде кыргыз-хакан деп да аталат) Көк теңирдин жердеги жандуу элеси болгон. М-тын адепки мифологиялык образынын реалдуу тарыхый адамга өтүп, тарыхый-баатырдык эпостун каарманынын образына трансформацияланышы ушул мезгилдерге туура келет. М-тын трансформацияланган жаңы образы — өзүнө «эрдик кайраты менен кара күчү аскердик демократия мезгилинин идеалына дал келген кебелбес баатырдын белгилерин жана тарыхый жактан андан бир кыйла кийинки, алгачкы феодалдык доордун эпикалык өкүмдарынын белгилерин бириктирген» (Жирмунский В. М. Тюркский героический эпос. — Л„ 1976, 54-б.) образ. Анын эволюциялык мындай өнүгүшүн Р. 3. Кыдырбаева кыскача төмөнкүдөй схемада көрсөткөн: «эпосто эпикалык баатырдын алгачкы образы асман кудайлары менен байланышкан... Мезгилдин өтүшү менен кудайдын баласы өзүнүн алгачкы эпитети "алпка" ээ болот. Образдын эволюциясынын кийинки уламасында "алп"баатырга" орун бошотот... Өз кезегинде "баатыр" эпитети феодалдык өз ара мамилелер калыптанып жана өнүгүп жаткан доордогу, кийинки эпикалык формасы — жаңы эпитет — "канга" трансформацияланат». (Кыдырбаева Р. 3. Генезис эпоса «Манас», Фр., 94—95-б.). Эпосто М-тын адамдыкынан ашкере алп күчү жомоктук-гиперболалык белгилер менен сүрөттөлүп, анын сырткы портрети табияттагы зор, шаңдуу, нерселер менен салыштырылып, адам али өзүн табият менен бир бүтүндүктө эсептеп, андан өзүн индивидуум катары толук ажыратып карай элек кездеги — дөөлөрдүн тибиндеги — мифологиялык каармандарга жакын турат:
Астыңкы ээрди албайып,
Үстүңкү ээрди далбайып,
Ал муруту сеңирдей,
Айбаты албарс темирдей,
Муруну тоонун кырдачтай,
Муруту чөлдүн камыштай,
Көзү көлдүн буткулдай,
Каарданып караса,
Көрүнгөндү жуткундай (Сагымбай Орозбаков, 2. 148).
Манас бир кезекте өтө зор көлөмдүү, чексиз кара күчкө ээ титан катары элестетилгенин кезегинде түз маанисинде колдонулуп келген «Асман менен жериңдин тирөөсүнөн бүткөндөй, асты катуу кара жер жердигинен түткөндөй» деген саптар да күбөлөп турат. Асман менен жердин тирөөчү Манас байыркы гректердин мифологиясында асманды жерге кулап кетпес үчүн жонуна көтөрүп турган Атлантка жакын элес берсе, ага «асты катуу кара жер, жерлигинен түтүшү», аны орус былинасынын кара жер салмагын көтөрүп тура албаган, ыгы келсе жерди көңтөрүп сала ала турган каарманы Святогор менен типологиялык окшоштукка ээ кылат. Алп-дөөлөргө мүнөздүү белгилердин бири — алардын алп уйкусу. Святогор дайыма үргүлөө абалында болот. Кыргыз эпосторунда дөөлөр жети күн катар ойгонбой уктайт (Желмогуз уулу Сарыбай). Түрк элдеринин байыркы эпосторунда алп уйкусун салган башкы оң каарман уйкусунан ойгоно албай душманына туткунга түшөт (Алпамыш). Чоң казаттагы эки кол беттешкен катуу кармаштын астында уктап калган Манасты Чубак кулагына доол кагып да, өз боюна тең кылып өйдө тургузуп жерге таштап жиберип да ойгото албайт. Бул типтеги каармандардын дагы бир белгиси — кенебестиги, энөөлүгү. Уктап жаткан М-ты ойгото албай койгон Чубак аны найза менен сооруга саят. М. «Маша чаккан эмедей, шондо да чочуп кебелбейт». Уктап жаткан Святогорду Илья Муромец бардык күчүн салып, чокмору менен башка чабат, үчүнчү чапканында ал араң козголуп карап: «Орустун чиркейлери чагып жатат деп ойлосом, көрсө даңктуу баатыр Илья Муромец турбайбы»,— дейт (Онежские былины. М. Л., 1949, 265-б.). Эпосто Манастын мындай кенебестиги өзүнүн кайрат-күчүнө толук ишенген, кебелбес, чыныгы баатырдык катары эң жогору бааланат. Уйкудан ойгонгон Манас, калың жоо каптап келе жатканын айтып антаңдаган Чубакка мындай дейт:
Апкаарыба акыры,
Атасынын көрү капырды.
Урунбай жүргөн тоо барбы,
Урушпай жүргөн жоо барбы,
Азыркысын Чубагым,
Деги аманат жаның соо барбы?
Жоо болсо нетербиз,
Жолуң болгур ыйлаба
Уруша-уруша чыгып кетербиз (Сагымбай Орозбаков, 4. 308).
Бир аз мурдараак, Алмамбеттен чалгындын жолун талашып чыр чыгарганда: «Ногойдон нойгут кем беле? Чубактан Манас эр беле?» — деп өзүн М-ка теңдеш баатыр эсептеген Чубак, ушундай кыйчалыш мезгилде да «Кенебей да кебелбей да» турган М-ка тен берүүгө аргасыз болот:
Аты да Манас турбайбы?
Заты да Манас турбайбы?
Өзү да Манас турбайбы?
Сөзү да Манас турбайбы? (Сагымбай Орозбаков, 4. 309).
М-тын өзүнөн алда канча жогору турган, кандайдыр адамдан тышкары кереметтүү күчкө, артыкча сапатка ээ баатыр экенин тааныйт. Эпикалык чыгармаларда кенебестик, энөөлүк алп-дөөлөрдүн негизги кемчилиги болуп саналат, алар көбүнчө ушул кемчилигинин натыйжасында өлүм болушат. М. көпчүлүк учурда ошол мифтик-эпикалык кейипкерлердей кенебестигинен, энөөлүгүнөн кыйын абалдарга туш болот. Андай кыйындыктардан аны акылман, аяр, алысты көрө билгич Бакай, Каныкей, Алмамбеттер куткарат же алдын ала коргойт. Коңурбай М-тын ушул кенебестигинен, энөөлүгүнөн пайдаланып, жарадар кылат. «Ала көөдөн Манасты алты алдаган кол ушул», — деп ал өзүнүн Манастан артыкчылык кыла турган негизги сапаттарынын бири катары митайымдыгын, кыйдылыгын эсептейт. Манасты түрк-моңгол элдеринин баатырдык жомокторунун каармандары — алптар менен жакындаштырган байыркы белгилеринин бири магиялык өлбөстүгү. Анын бул касиети өзбектердин «Алпамышындагы» башкы каармандын өлбөстүгү жөнүндөгү мотивге өтө жакын айтылып, төмөнкүчө сүрөттөлөт:
Айтып сизге туюнтам,
Ал Манастын сөөлөтүн:
Сайган найза тешпеген
Эремети дагы бар,
Чапкан кылыч кеспеген
Керемети дагы бар.
Мылтык атса, ок өтпөс
Эремети дагы бар.
Отко жакса, чок өтпөс
Керемети дагы бар (Сагымбай Орозбаков, 4. 231).
Ошентип, душман менен бетме-бет салгылашкан согуш майданында М-ка өлүм жок. Каармандын согуш талаасында өлбөстүгү дүйнөлүк эпостордо өтө кеңири орун алган мотивдердин бири (Ахилл «Илиадада», Зигфрид «Нибелунгда», Исфандиар «Шахнамэде» жана башкалар). Магиялык өлбөстүк жөнүндөгү мотив — адамдын жаны анын денесинен бөлөк, жашыруун жерде сакталышы жөнүндөгү өтө байыркы мезгилдердеги түшүнүк менен байланышкан. Ошондуктан, мындай белгилерге негизинен мифологиялык-жомоктук кейипкерлер, алп-дөөлөр ээ. Элдик чыгармалардын көбүндө алардын жападан жалгыз талуу жери көзү болуп, көзүнөн жаралануу аркылуу өлүмгө дуушар болушат. Кереметтүү жөө жомоктук бул мотив өзгөртүлгөн түрдө эпосторго трансформацияланган. Жогорудагы эпикалык каармандардын (Ахилл, Зигфрид, Исфандиар) ар кимисине таандык талуу жерлери бар. М-тын өлбөстүгү жөнүндөгү мотив кийинки рационалдуу ой жүгүртүүгө негизделип, өтө жумшартылып, эч бир курал өткүс жасалган Аколпок менен байланышкан. М. Аколпогун кийбей турганда гана Коңурбай аны жарадар кылат. Манастын Аколпогу «Шахнамедеги» Үрүстөм, грек мифологиясындагы Геракл жана башкалар каармандар кийип жүрүшкөн жолборстун кебин эске түшүрөт. Тотемдик жаныбардын териси катары магиялык касиетке ээ ал тери каармандарды ажалдан сактап, жоодон жеңилгис кылат. Алп-дөөлөргө мүнөздүү мындай белгилерди М. гиперболизм поэтикалаштыруунун негизги каражаты катары эсептелип, эпсиз зор көлөм, адамдыкынан тышкаркы чексиз кара күч чыныгы баатырдык белги катары таанылган кезден мурастап калган. М-тын бул көөнө белгилери тарыхый эпостун каарманына караганда мифтик-жомоктук каармандарга бир кыйла жакындык кылат. Анын образынын жерде жашаган реалдуу адамга айланышы атчан жоокерчилик баатырдык доор менен байланышкан. Байыркы адамдардын, айрыкча Борбор Азиядагы элдердин жылкыны колго үйрөтүшү, алардын турмушунда экономикалык жактан гана эмес, саясий, идеологиялык жактан да өзүнчө бир революция болгон. Жылкы өстүрүүнү мыкты өздөштүргөн уруулар адатта согуш ишинде башкалардан кыйла артыкчылык кылышкан, атчан жоокерлер өтө ийкемдүү болуп, кубалаган жоосуна тез жеткен, качса оңой кутулуп кетишкен. Аттын алыскы жолду ылдам басып өтүшү, узак жолго чыдамдуулугу жоокерлерге эң алыскы жерлерге чейин жортуулга барууга мүмкүнчүлүк берген. Натыйжада, мындай элдер жортуулдарга тез-тез чыгышып, согуштан түшкөн олжо алардын жашоосунун бир булагына айланып, жоокерчилик массалык түргө өткөн. Ар бир курал кармаганга жарактуу эркек, ал турсун жаш аялдар (күйөөгө чыга элек бойго жеткен кыздар) да согушка катышып, жоокерлик милдет аткарышкан. Мындай коомдо согушуу ыктарын мыкты билген, кайрат-күчү мол, баатыр жоокерлер башкы ролду ойногон жана алардын образдары адабият менен искусствонун бардык түрлөрүндө негизги орунду ээлөө менен жердик реалдуу адам катары сүрөттөлө баштаган. Тынымсыз жортуулдардын натыйжасында уруу менен уруу аралашып, жамааттык (общиналык) мүлк жеке менчикке айланып, жамааттык уруулук түзүлүштүн толук кыйроого туш болушу менен бирге анын идеологиясынын негизин түзгөн мифология да жаңы көз караштарга жол бошотууга аргасыз болгон. Мифологиялык көз караштан бошоно баштоо ар бир нерсеге реалдуу карап, аларды рационалдуу түшүнүүгө мүмкүндүк берген. Мына ушул жаңы шартта М-тын көөнө типтеги образы жаңы белгилерге ээ болгон. Анын алп-дөөлөргө мүнөздүү белгилери атчан жоокердин образына өтө баштап, бара-бара жаңы образга толук жол бошотуп, эски белгилер рудимент түрүндө гана сакталып калган. М. өзүн атчан жоокер деп эсептей турганы Көкөтөйдүн ашында Жолойго балбанга түш деген Кошойго берген жообунан ачык көрүнөт:
Мынастын ордосу. «Манас» операсы, 1966.
Манас, Манас болгону,
Башыма дөөлөт конгону,
Алчайып атка мингени,
Аколпок тонду кийгени,
Сан жыйынга чок элем,
Жөөгө топор жок элем,
Ат үстүнө келгенде
Найзакерден ыктуу элем,
Азаматтан мыктуу элем,
Айтыша чыккан доого сал,
Найзалашкан жоого сал (Саякбай Каралаев, 2. 41).
Башка варианттарда Манас «Ат үстүндө турганда, Ак дөө болсо аңтарам, Көк дөө болсо көңтөрөм», — дейт. Көөнө эпостордун каармандары алп-дөөлөр ар дайым атсыз жүрүшүп, кармаш кылышат. Тескерисинче, М. жөө балбан күрөшкө жок, алардын карама-каршысындагы, жаңы типтеги каарман. Түрк-моңгол элдеринин баатырдык жомокторундагы алгачкы атчан жоокер каармандар сыяктуу эле М. да табияттын жашырын сырынын ээси дөө менен кармашып жеңет (Саякбай Каралаевдин варианты нда Чоң казатта жалгыз көздүү Мадыканды). М-тын жаңы типтеги образы жердик реалдуу адам болгон сыяктуу эле негизги душмандары да белгилүү элге, мамлекетке таандык адамдар, ал турсун айрымдарынын тарыхый прототиби бар. Алар менен кармашта Манас эч кандай адамдардыкынан тышкаркы керемет күч колдонбойт. Душманын жекеме-жеке беттеште түрдүү согуш куралдарын ыктуу колдонуп, зор кайрат-күч, кажырга ээ баатыр катары жеңип чыгат. М-тын образынын атчан жоокер катары көрүнүшү кыргыздарда Эне-Сай доорунда (биздин заманга чейин 2 к.— б. з. 12-к.) калыптанган. «Атчан жоокерчилик — аска сүрөттөрүнүн негизги мотиви. Атчандар адатта оор жарактуу болуп тартылган. Булар — соот-чопкут менен жылчыксыз корголгон рыцарлар. Кыргыздар жасай жана колдоно билген ар түрдүү жоо куралдарын адатта, атап айтканда: ушул рыцардар пайдаланган» (Плетнева С. А. Кочевники средневековья М„ 1982, 94-б.). Бул сүрөттөөгө караганда атчан кыргыз жоокерлеринин негизги куралдары саадактуу жаа, желектүү найза, айбалта, кылыч, калкан, ошондой эле калкалоочу кийимдери: соот, чарайна, туулга болгон. Алардын минген аттары буттарынын учуна чейин үртүктөлгөн (Худяков Ю. С. Вооружение енисейских кыргызов VI—XII вв. — Новосибирск, 1980, 25-б.). М-тын эпосто сүрөттөлгөн жоо кийими, курал-жарагы аталган аска сүрөттөгү курал-жарак, жоо кийими менен бирдей. Б. а. байыркы атчан кыргыз жоокеринин келбети көркөм сүрөттөгү жана көркөм сөздөгү чагылдырылышы катары көрүнөт. Аколпокту, туулгасын кийип, Аккуласын минип, Сырнайзасын карыга илип, Ачалбарсын (Зулпукорун) колуна алып, Айбалтасын белине кыстарып, жаасын ай далыга асынып (кийин анын ордун Аккелте ээлеген) майданга чыкканда гана М-тын чыныгы баатырдык келбети көз алдыга тартылат. Эпосто М-тын чыныгы элдик баатыр катары негизги белгиси эл-жерине берилгендиги. Ал эс тарткан күнүнөн өлөр-өлгүчө ата журттун эркиндиги үчүн ички-тышкы душман менен жан аябай күрөшөт. Ал ар дайым биринчи болуп жоого чабуул коюп, анын эң кыйын баатырларын жекеме-жеке беттешүүлөрдө жеңип чыгат. Ата журтка болгон чексиз сүйүү, андан канын-жанын аябоо, намыскөйлүк анын жоокердик мүнөзүндө жетектөөчү роль ойнойт. Кытайлар басып алган ата журтту бошотуу жөнүндөгү жалпы элдик кеңештеги М-тын сөзү эпосто мындайча баяндалат:
Атадан не үчүн тубамын?
Алда билет өлүмдү,
Ааламга канча турамын?
Аманат жаным чыкканча
Намыс жолун кубамын.
Атамдан калган жеримди,
Алдырып коюп кытайга
Аңкайып кантип турамын?
Атым өчүп калбайбы
Атамдан калган Нааманды
Алты айга чейин албасам.
Түркстан барган кытайды,
Түгүн койбой кырбасам (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 575- инв., 75-б.).
Ал элдик улуу ишке башкаларды да шыктандырып, патриоттук рухун көтөрүп, өзүнүн артынан ээрчитет:
Шүмшүңдөгөн басыктар
Түрк уулунун мойнуна
Сүйрөткөн экен арканды.
Моюндан аркан чечиңер,
Алалбасаң кытайды
Аманат жандан кечиңер.
Кытайга кыргын салалы,
Кыйратып жерди алалы,
Кызыктуу жерди алдырып,
Кыянатта жүргөнчө,
Кыргыз уулу болгону
Кырылып жатып калалы (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 575-инв., 79-б.).
М-тын образындагы аны эпостогу оң каармандардан бөлүп турган негизги белги — нукура элдик жетекчилик. Ал жигердүү, даанышман жетекчи катары чабылып, чачылган элдин башын бириктирип, күч-кубатын бир жерге топтоо аркылуу саясий биримдигин арттырат. Тышкы жоого алдырбас бекем «мамлекет» түзөт. Эпикалык монарх катары ал француздардын эпосундагы Улуу Карлга, орустардын
Киев циклиндеги былиналарындагы Владимир Кызыл Күнгө, калмактардын эпосундагы Жангарга, өгүз түрктөрүнүн дастанындагы Баюндур канга типтеш. Аталган каармандардын бардыгы тең М. сыяктуу идеалдуу борборду түзүшөт, алардын айланасына элдик баатырлар чоро (дружник) же вассал катары топтолушуп, баатырдык иштерин жүргүзүшөт. Натыйжада, ушул эпикалык монархтын айланасында эпостун бардык окуялары өтөт. М-тын аты инди-европа тилдериндеги «Манас» деген өтө байыркы сөз менен үндөш. Аталган сөз бул тилдерде төмөнкүдөй маанилерге ээ: 1) жан (дух, душа); 2) акыл-эс, акылмандык, даанышмандык; 3) кең пейил, айкөл; 4) эр жүрөк, кайраттуу, тартынбас; 5) максат, эңсөө, шык. Инди-европа тилдеринин ономастикасында бул сөз активдүү роль ойноп, кудайлардын, эпостук каармандардын, касиеттүү жер-суулардын аталыштары. Саясий, диний, маданий байланыштардын натыйжасында инди-европа тилдеринде сүйлөгөн элдердин биринен кыргыздарга оошуп, эпостун башкы каармандарынын прототиби болгон инсанга титул ат катары колдонулган.
Р. Сарыпбеков
«МАНАС» — «Манас» эпосу боюнча кара сөз түрүндө жазылган А. Жакыпбековдун романэпосу (Ф., 1992). Чыгарма манасчылар Сагымбай, Саякбай жана Жусуп Мамайдын варианттарынын негизинде жазылган. Анда эпостун окуяларынын өзөктүк нугу сакталып, анын мотивдери, эпизоддору автордук вариациялар менен берилген. Роман-эпостун 1-китебинин үзүндүлөрү К. Жусупов менен авторлош болуп республикалык газета-журналдарга жарыяланган.
«МАНАС» (киргизийн ардын туульсаас) — «Манас» эпосунун моңгол тилине которулуп чыккан китеби (Улан-Баатыр, 1988). Аны В. Энэбиш которгон. Китепке эпостун төмөнкү окуялары кирген: баатырдын төрөлүшү, Көкөтөйдүн керээзи, Көкөтөйдүн ашына Манас баатырдын келиши, жамбы атуу, Манас менен Коңурбайдын эр сайышы, Кошой менен Жолойдун күрөшү, Каныкейдин каты, Коңурбайдын элдешүүнү бузушу, баатырлардын өлүмү, Манастын кайтып келиши, Манастын керээзи, Манастын өлүмү. Китептин аягына кээ бир сөздөргө түшүндүрмө берилген. Бул китептен моңгол окурмандары кыргыз элинин турмушунун көркөм энциклопедиясы болгон «Манас» эпосу жөнүндө толук маалымат алышат.
МАНАС — топоним. Кыргызстандын (Нарын облусунун, Жумгал району) аймагындагы кыштоо. 1913-ж. өткөн чарбалык каттоодо белгилүү болгон. Топоним Манас баатыр жүргөн жерлердин бири деп эсептелет.
«МАНАС» — Кызыл-Суулук (КЭР) кыргыз манасчы Жусуп Мамайдын варианты боюнча кыргыз тилинде араб ариби менен жарык көргөн эпостун 4-китеби (Үрүмчү, 1989). Төртүнчү китепти төмөнкү окуялар түзөт: Чалгындагы ийгиликтер, Алмамбеттин Сыргакка жер таанытуусу, Ажаттын боюндагы жайма топ салгылашуулар, Манас менен Коңурбайдын Ажаттын боюнда беттешүүсү, Коңурбайдын Бейжинге кире качышы, Эки жактын согушка камданышы, Ороңгу менен Борончунун өлүмү, катардагы баатырлардын алгачкы беттешүүсү, Коңурбайдын баш-аламан урушта Жолой баштаган жети баатырынан айрылышы, Чубактын кырк Жаң-жуңдун баласын байлап келиши, Кыргыздын такка миниши, Күлүстөн менен Каңкелдинин туулушу, Коңурбайдын Манасты чабышы, Коңурбайдын Шыпшайдарды алдырып келиши, Көкчөнүн өлүшү, Баатырлардын өлүмү, Манастын дүйнөдөн өтүшү деген эпизод менен үчилтиктин биринчи бөлүмү «Манас» эпосу аяктайт. Төрт китепке киргизилген окуялардын мазмунуна караганда Жусуп Мамайдын вариантынын өз алдынчалыгы жана айырмачылыгы өзгөчөлөнүп турат.
МАНАС — топоним. Казакстан (Жамбыл облусунун, Луговой району) аймагындагы кыштоо. Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк этегинде. Малды(5ай темир жол станциясынан түштүк-чыгышта. Топоним Манастын ысмына байланыштуу аталган.
МАНАС — топоним. Казакстан (Жамбыл облусунун, Георгиевка району) аймагындагы бейит, мазар. Чүй дарыясынын оң жээгиндеги Какпак-Суунун чатынан бир аз ылдый. Мазардын орду революцияга чейин жарыяланган топографиялык карталарда көрсөтүлгөн.
«МАНАС» — курама вариант (Курама варианты) боюнча «Манас» үчилтигинин 1-китеби (Фр., 1958). Китеп эки колонка менен терилген, көлөмү 24252 сап ырдан турат. Китептин аягына айрым сөздөрдүн түшүндүрмөсү берилген. Эпостун бул бөлүгүн түзүүчү — К. Маликов, китепти жалпы редакциялаган жана кириш сөзүн жазган Б. Юнусалиев.
Эпостун бул бөлүгү белгилүү манасчы Сагымбай менен Саякбайдын айткандарынан тышкары Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын кол жазмалар фондусунда сакталып турган Шапак Рысменде уулунун, Тоголок Молдо, Модобасан Мусулманкул уулунун, Акмат Ырысменде уулунун, Багыш Сазан уулунун, Тыныбек Жапый уулунун, Ыбырайым Абдыракман уулунун жана башкалар варианттарынын айрым эпизоддору жана үзүндүлөрү кыскартылып бириктирилип алынган.
Китептен жомок башы, Манастын балалык чагы, Алооке кандын кыргыздарды чабышы, кыргыздардын Ала-Тоодон сүрүлүшү, Жаш Манастын дөөлөр менен кармашы, кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого келиши, Манастын Алооке менен Шоорукту жеңиши, Аккуланы сатып алышы, Алмамбеттин баатырдык аңгемеси, Манастын Каныкейге үйлөнүшү, Көзкамандардын кырк чородон жеңилиши деген «Манас» эпосунун сюжеттик сызыгын түзгөн салттык туруктуу темалар орун алган.
Ж. Сагынов
«МАНАС» — курама вариант (Курама варианты) боюнча «Манас» үчилтигинин 2-китеби (Фр., 1958). Китеп эки колонка менен терилип, көлөмү 28908 сап ырдан турат. Китептин аягына айрым сөздөрдүн түшүндүрмөсү берилген. Эпостун 1-бөлүгүнүн 2-китебин К. Маликов түзгөн, жалпы редакциялаган Б. Юнусалиев. Китепте Сагымбай Орозбаковдун варианты, Саякбай Каралаевдин варианты нын эпизоддору негиз кылып алынып башка варианттар менен толукталып, Көкөтөйдүн ашы, Чоң казат, Кичи казат, ошондой эле Манастын дүйнөдөн кайтышы кирген.
«МАНАС» — «Манас» эпосунун тажик тилинде которулуп жарык көргөн китеби (Дүйшөмбү, 1982). Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча тажик жазуучусу жана котормочу Атхам Аслам которгон. Китепке эпостун элдик салт болуп калган: Көкөтөйдүн ашы менен Чоң казат окуялары кирген.
«МАНАС» — Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча жарык көргөн «Манас» үчилтигинин 2-китеби (Фр., 1980). Китеп бир колонка менен терилип, көлөмү 18964 сап ырдан турат. Китептин аягына айрым сөздөрдүн түшүндүрмөсү берилген. Басмага даярдап, сөздүгүн түзгөндөр: К. Кырбашев, Ж. Мусаева, Р. Сарыпбеков, Ошондой Сооронов. Редколлегиянын «Кириш сөз ордуна» деген чакан макаласы бар. Китепти көркөмдөгөн сүрөтчү Т. Т. Герцен. Китепте топтоштурулган окуялар манасчы тарабынан кандай айтылса ошол үлгүсүндө толук бойдон берилбестен кыскартылып жана кээ бир чоң-чоң эпизоддор кара сөз түрүндө кыскача берилген.
Бул китепке Манасты кармап келебиз деген он бир балбандын кордук көргөнү, Жакыптын Алтайдан Анжыянга көчүшү, Манастын Текес канды жеңгени, Тейиш кандын тою, Манастын кыз Сайкал менен беттешкени, Орго кан, Акунбешимдин жеңилиши, кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого көчүшү, Алооке кандын багынып, Анжыяндан качышы, Алмамбеттин Көкчөдөн кетип, Манаска кошулушу, Манастын Каныкейге үйлөнүшү сыяктуу окуялар кирген.
«МАНАС» — Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча жарык көргөн «Манас» үчилтигинин 3-китеби (Фр., 1981). Китеп бир колонка менен берилип, көлөмү 12760 сап ырдан турат. Эпостун бул бөлүгүн даярдап, сөздүгүн жана тиркемелерди түзгөн С. Мусаев, китепти көркөмдөгөн сүрөтчү Т. Т. Герцен.
Китеп эпостун белгилүү чоң эпизоддорунун бири «Көкөтөйдүн ашы» менен башталат. Көкөтөйдүн керээзи, Бокмурундун элге кабар жибергени, Көкөтөйдү койгону, Бокмурун Көкөтөйгө аш берүү үчүн элди чогултуп кеңеш кылганы, Айдарга эл чакыртканы, Коңурбайдын Бокмурундан Мааникерди өкүм менен сураганы, Кошой менен Жолойдун күрөшү, Манас менен Коңурбайдын сайышы, чапкан аттардын келиши, кытай-калмактардын байгеге зордук кылып чатак чыгарышы сыяктуу окуялар кирген. Китептин аягына айрым сөздөрдүн түшүндүрмөсү жана 1-, 2-, 3-китептеги кезиккен адам аттары, этнонимдер, топонимдердин, ат ысым көрсөткүчүнүн тиркемеси берилген.
«МАНАС» — Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча жарык көргөн «Манас» үчилтигинин 4-китеби. Китеп бир колонка менен терилип, көлөмү 15268 сап ырдан турат. Эпостун бул бөлүгүн басмага даярдап жана тиркемелерди түзгөн Э. Абдылдаев, китепти көркөмдөгөн сүрөтчү Т. Т. Герцен. Китепке эпостун белгилүү эпизоддору Жети кандын кеңеши, элчилердин Манаска барышы, Манастын кандарды күткөнү, колдун Бээжинге аттанышы, Каныкейдин сарамжалы, Алмамбетти кан көтөргөнү, аскерлердин жолго аттанышы, Алмамбеттин Сыргакты чалгынга барууга тандашы, Алмамбет баатырдын чалгынга жөнөөрдүн алдында кытайдын көптүгүн Манаска айтканы, Макел-Малгундун Алмамбеттен жеңилиши, Алмамбет менен Сыргактын Бээжинге чалгын чалышы, Алмамбет баатырдын эл-жерин, атасынын сарайын көрүп арман кылганы, Карагулга жолукканы, Карткүрөңдү жылкыга кошуп, жылкы тийгени, Коңурбай жылкылардын артынан келип уруш салганы, Кыргыздардын колуна Сыргактын кабар бергени сыяктуу окуялар киргизилген. Китептин аягына адам аттарынын, этноним, топонимдердин, ат (ысым) көрсөткүч тиркемеси берилген.
Ж. Сагынов
«МАНАС» — Саякбай Карала уулунун варианты боюнча жарык көргөн «Манас» үчилтигинин 1-китеби (Фр., 1984). Китеп эки колонка менен терилип, көлөмү 52680 сап ырдан турат. Эпостун бул бөлүгүн басмага даярдап, сөздүгүн жана тиркемелерин түзгөндөр: Р. Кыдырбаева менен А. Жайнакова, «Чоң манасчы Саякбай жана ал айткан вариант» деген кириш сөзүн С. Мусаев жазган. Китептин аягына айрым сөздөрдүн түшүндүрмөсү берилген. Аны көркөмдөгөн сүрөтчү Т. Курманов.
Бул китепке эпостун башталышынан тартып «Көкөтөйдүн ашына» чейинки окуялар топтолгон: Манастын бабаларынын баяны, Манастын туулушу, балалык чагы, анын алгачкы эрдиктери, Манасты кармоого он миң кол менен келген Жолой менен Дөңгөнү жеңгени, Манастын Кошойду издеп барып жолукканы, кытай менен экинчи урушу, Кытайдан Жарманас менен Билерикти бошотуп келаткан Кошойдун Манаска кошулушу, кыргыздардын Таласка келиши, Манастын Аккулагы ээ болушу, Манастын Бакай, Ажыбайга жолугушу, Алоокени жеңип, Манастын кан көтөрүлүшү, Шоорук канды жеңип, кызы Акылайды тартууга алганы, Чубактын төрөлүшү жана анын Манаска келип кошулушу, Манас баатырдын Каныкейге үйлөнүшү. Бирок, аталган окуяларды бүт бойдон басмадан чыгаруу мүмкүн эместиги эске алынып, сөзмө-сөз кайталоого жата турган (эпикалык кайталоолор буга жатпайт) ыр саптары кыскартылган. Ошондой эле китеп чыккан кездеги айрым идеялык мүнөздөгү талаптарга туура келбеген жерлер китепке кирген Эмес.
Ж. Сагынов
«МАНАС» — Саякбай Карала уулунун варианты боюнча жарык көргөн «Манас» үчилтигинин 2-китеби (Фр., 1986). Китеп эки колонка менен терилип, көлөмү 30000 сап ырдан турат. Эпостун бул бөлүгүн басмага даярдап, сөздүгүн түзгөндөр: С. Мусаев жана М. Мукасоветтик Китептин аягына айрым сөздөрдүн түшүндүрмөсү берилген. Аны көркөмдөгөн сүрөтчү Т. Курманов.
Бул китепте Көкөтөйдүн ашы, жети кандын чатагы, колдун чоң казатка аттанышы, Алмамбет менен Сыргактын чалгынга жөнөшү, Чубактын чатагы, Алмамбеттин жомогу, чалгын чалуу, кытай жеңилип, Эсенкан Манаска Чет-Бээжиндин кандыгын бергени, Манастын жарадар болгону, Кожожаштын келиши менен кыргыздардын жеңилиши, баатырлардын өлүшү, Таластан Тайбуурулдун келиши жана Манастын акыркы урушу, колдун кайтышы берилген. Китеп Манастын өлүмү, Каныкейдин Манаска күмбөз салдырганы, акылмандык менен Манастын сөөгүн жашырын койгону менен бүтөт.
Саякбай алгач Көкөтөйдүн ашын «Семетейде» жаздырган. 1968-ж. эпосту кайталап жаздырганда ушул тартипте айткандыктан түзүүчүлөр аштын окуяларын «Семетейге эмес», «Манаска» киргизишкен.
Ж. Сагынов
«МАНАС» — «СССР элдеринин эпостору» сериясынан кыргыз жана орус тилдеринде жарык көргөн «Манастын» 1-китеби (М., 1984). Тексти Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча даярдалган. Китепке Манас баатырдын төрөлүшү, балалык чагы, өспүрүм кезиндеги алгачкы эрдиктеринен баштап кыргыз урууларынын башчылыгына — кан шайлаганга чейинки окуялар камтылган. Орусчага СССР Илимдер акдемиясынын А. М. Горький атындагы дүйнөлүк адабият институтунун илимий кызматкерлери А. С. Мирбадалева, Н. В. Кидайш-Покровская которуп, Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын «Манас» секторунун ал кездеги башчысы С. Мусаев, сектордун илимий кызматкерлери менен бирдикте басмага даярдаган. Орусча котормосу улуттук өзгөчөлүгү менен берилип, сөздүк жана айрым сөздөрдүн түшүндүрмөсү менен коштолот.
МАНАС — топоним. Казакстан аймагындагы тоолуу жер, жайлоо. Эртиш дарыясынын баш жагында, ландшафты шалбалуу талаа. Жергиликтүү элдин айтымында топоним Манас доорунан калган эстелик. Эпостогу белгилүү көп окуялар Эртиш дарыясынын чөлкөмүндө өткөн. Жердин атынын Манаска тиешеси бар экенин Ч. Валиханов да ырастайт (1860).
МАНАС — топоним. Өзбекстандын Самаркан жана Сурхан дарыя обл-тарында жайгашкан канал. Зарафшан дарыясынын чөлкөмүндө, биздин заманга чейин биринчи миң жылдыкта курулган. Зарафшан дарыясынан чыгарылган канал 300 кмге созулуп, анын суусу менен Зарафшан жана Каршы өрөөндөрүнүн кургак талаа, чөлдөрү сугарылган. Ал ошондой кылымдарда, Тимурдун убагында да ирригациялык маанисин жоготкон эмес. Совет бийлигинин тушунда канал кайра курулуп, кеңейтилген. Каналдын нугу менен секундасына 453 м суу агат. Топоним Манас атанын ысмына байланыштуу аталган болуу керек.
МАНАС — топоним. Сокулук районунундагы Ат-Башы айыл советине караштуу кыштак. Ат-Башы дыйканчылык өндүрүш заводунун аймагыңда, Бишкек —«Манас» аэропорту автомобилдик жолунун боюнда. Райондун борбору Сокулук кыштагынан 40 км түндүк-чыгыш тарапта. 1950-ж. негизделген. Калкы 3473 (1987); негизинен жашылча өстүрүүдө эмгектенишет. Орто мектеп, амбулатория, балдар бакчасы, маданият үйү, китепкана бар. Үй канаттуулар заводу, өрдөк фабрикасы иштейт.
МАНАС, Манас-Ата — топоним. Талас Ала-Тоосунун эң бийик жеринин бири. Бийиктиги 4483,8 м. Талас тоо кыркаларынын күн батышында, Күркүрөө суу алабынын баш жагында жайгашкан. Казакстан менен Кыргызстанды бөлүп турган чек арадан 3125 м түндүктө. Өзгөчө бийиктиги, сөлөкөтү, алып турган орду менен Манас-Ата башка тоолордон бөлүнүп, айырмаланат. Жалпы туругу сүйрүчө: түштүктөн түндүктү карай узун (8—9 км), туура жагы кыска (5—6 км). Тулку байыркы палеозойдук сланец, акиташ, кумдак таш (песчаник) тоо тектеринен курулган.
Тоонун баш жагы, чоку бөлүгү (400 м өйдө) конус формасында, тик, жылаңач. Анын бир гана түндүк бети тайпак, узун, 7—8 км созулуп, этеги 1500—2000 м бийиктикте бүтөт. Калган жактары тик, жантык. Батыш капталы 3—4 км, түштүк бети кыска 500—600 м, чыгыш тарабы аска-зоокалуу, 4000—3800 м чейин гана созулат. Түштүк жана чыгыш жагынан коңшу бийик тоолор менен туташып кетет. Манастын тоосунан бир кыйла майда суулар (Куруч-Көлдүн, Аташ-Чапкандын оң куймалары) куралат. Алардын ирилери — Кара-Шылдыр, Дандыр.
Элдик уламыш боюнча Манас Талас Ала-Тоосунун жонуна чыгып, эл-журт тынчпы, келеткан душман — жоо барбы, жокпу деп ары жак, бери жакты карачу экен. Ошондон эл тоону ыйык көрүп, Манас-Атанын тоосу деп атап калган дейт.
С. Өмурзаков
«МАНАС» — «СССР элдеринин эпостору» сериясынан кыргыз жана орус тилдеринде жарык көргөн «Манастын» 2-китеби (М., 1988). Китепте Манастын турмушу жана эрдиктери, бытырап кеткен кыргыз урууларын бириктириши, ата журтун душмандардан коргогон күрөштөрү, Алмамбет баатыр менен эмчектеш тууган болушу, Атемирдин кызы Каныкейге үйлөнүшү баяндалат.
Китеп белгилүү манасчы Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча түзүлүп, анын кыргызча тексти менен катар орусча котормосу да берилген. Орусчага СССР Илимдер акдемиясынын А. М. Горький атындагы дүйнөлүк адабият институтунун илимий кызматкерлери А. С. Мирбадалева менен Н. В. Кидайш-Покровская которгон. Басмага Б. М. Юнусалиев, С. Мусаев, К. Кырбашев, Ж. Мусаева, Р. Сарыпбеков, Соороновдор даярдаган.
«МАНАС» — «СССР элдеринин эпостору» сериясынан кыргыз, орус тилдеринде чыккан «Манас» эпосунун 3-китеби (М., 1990). Китептин тексти негизинен Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча даярдалган. Китепте кыргыз элинин үрп-адат, каада-салты кеңири чагылдырылган. «Көкөтөйдүн ашы» эпизоду камтылган. Китеп кыргызча тексти жана орусча котормосунан турат. Аягында комментарийлер менен айрым сөздөрдүн түшүндүрмөсү берилген. Орусчага СССР Илимдер акдемиясынын А. М. Горький атындагы дүйнөлүк адабият институтунун илимий кызматкерлери А. С. Мирбадалева, Н. В. Кидайш-Покровская которгон. Басмага Б. М. Юнусалиев, С. Мусаев, Э. Абдылдаев, Р. Кыдырбаева, К. Кырбашев, А. Жайнакова, Р. Сарыпбеков, С. Бегалиев жана башкалар даярдаган.
МАНАС — топоним. Дагстандын Ленин районунундагы климаттык курорт. Каспий деңизинин жээгинде. Махачкала шаарынан 50 км түштүк-чыгышта. Курорттун аймагында минерал суулар (йод-бром) бар. Мында «Каспий», «Чайка» санаторийлери, эс алуу үйлөрү иштейт. Бул курорттун, ошондой эле Дагстандагы башка жер-суу аталыштары (Манаскент, Манасмахи, Манас темир жол станциясы жана башкалар) мында илгертеден жашап келаткан ногой калкынын дастанына байланыштуу деп каралат. Ногой, кыпчак жана башкалар уруулар Түндүк Кавказга Алтын-Ордо кулагандан кийин (15-к.) ооп келген. Манас ногой уругунан чыккан дегенди эске алганда Дагстандагы топонимикалык «Манасиа» да Манастын ысымына байланыштуу экендигин байкоого болот.
МАНАС — топоним. Дагстандын Ленин районунун аймагындагы темир жол станциясы. Каспий деңизинин жээгинде. Махачкала шаарынан 34 км түштүк-чыгышта. Станциядагы кыштакта кумык, авар, даргин, орус жана башкалар эл жашайт.
МАНАС — топоним. Индиянын түндүк-чыгышы менен Бутандагы (башаты Кытайда) дарыя. Брахмапутранын оң куймасы. Уз. 400 км чамасында. Гималай тоолорунан башталат. Жаз — жай айларында кар, мөңгүнүн эришинен, муссон жамгырларынан суу кирип, ташкын пайда кылат. Сугатка пайдаланылат.
«МАНАС» (Тынчтык проспектиси 47, Бишкек шаары) — кең экрандуу кинотеатр. 1966-ж. ачылган. 740 орундуу. Советтик жана чет элдик фильмдер көрсөтүлөт. «Кино жана мезгил» студенттик кинолекторий, «Светофор», «Жылдызча», балдар киноклубдары, ошондой эле видеозалдары бар. Фоесинде кинорекламаларды жана хроника көрсөтүү үчүн күндүзгү проекция установкасы иштейт.
«МАНАС» — Кызыл-Суулук (КЭР) кыргыз манасчы Жусуп Мамайдын варианты боюнча кыргыз тилинде араб ариби менен жарык көргөн «Манас» үчилтигинин 1-китеби (Үрүмчү, 1984). Басмага даярдаган Асанбай Матили, жооптуу редактору Норух Үсөналы. Анда жалпы эле «Манас» эпосунун мааниси жана дүйнөлүк оозеки адабияттан алган орду көрсөтүлүп, «кыргыздардын саясий, экономика, заң-закүн, философия, тарых, география, дин, турмуштук салт-санаалар, табигый жагдай жана адам мүнөздөрү сыяктууларды бир-бирлеп өз ичине сиңирген.
Ал канчалаган узун тарыхты басып өтүп, Түндүк Моңгол аймактарына, Орто Азиянын жер-жерлерине чейин баскан изин көрсөтө алат. Атап айтканда бул чыгарма кыргыз турмушунун энциклопедиясы болуп саналат. Бул улуу чыгарма жалгыз гана кыргыз элинин кымбаттуу байлыгы болуп калбастан Жаңгуа улутунун баа жеткис байлыгы, ошондой эле дүйнө элинин кымбаттуу байлыгы болуп каралат», — деп тарыхый-философиялык жана эстетика-тарбиялык маанисине кириш сөздө токтолгон. Ошондой эле «Манас» эпосунун мазмуну, көркөмдүгү, улуттук өзгөчөлүгү, эпос пайда болгон доор, эпостун таралышы жана манасчылар жөнүндө кеңири баяндама берилип талдоо жүргүзгөн.
Китепке Кыргыздардын таралышы, Алоокенин кыргыздарды чабышы, Кардыгачтын туулушу, Жакыптын Магдымды алышы, Манастын төрөлүшү, Манастын Турпанда эгин эгиши, Жакыптын кандык алышы, Аккулага ээ болушу, Манастын куттуу үйүнө кайтышы, Манастын Балта дөөгө барышы, Акбалтанын Манаска айткан насааты, Манас менен Дөөдүр алптын кагылышы, Манастын Кошойго конок болушу, Манастын Бөдөнөнү кооптон куткарышы, Кырк душмандын кырылышы, Манастын каруу-жарактарынын жасалышы, Аколпокту алып келүү, Кырк чоронун куралышы, Жаш Манастын Көңтөйдү сайышы, Манастын элге акыл-насаат айтышы, Жеңиштен кийинки той, Жайлоо, Манастын качкан калмакты кубалап Шоорукка барганы, Шооруктун Манастан жеңилиши, Манастын Накылайды алышы сыяктуу «Манас» эпосунун сюжеттик сызыгын түзгөн негизги туруктуу окуялар орун алган.
К. Кырбашев
«МАНАС» — Кызыл-Суулук (КЭР) кыргыз манасчы Жусуп Мамайдын варианты боюнча кыргыз тилинде араб ариби менен жарык көргөн эпостун 2-китеби (Үрүмчү, 1984). Китепке Бадыкөлдүн Карманапка кол салышы, Манастын Карманапка болушуусу, Араниктеги төрт баатырдын Көкчөгө чабуулу, Манастын аларды кайта сүрүшү, Манастын Коконго аттанышы, Сынчыбектин багынышы, Банус кандын өлүшү, Карылыптын качышы, Сынчыбектин Ташкенде такка миниши, Манастын Каныкейге үйлөнүшү, Көкөтөйдүн ашына элдин чакырылышы, Коңурбайдын аштагы зордугу, Кошойдун Манаска киши жибериши, Манастын келип ашты башкарышы, Аштын шаан-шөкөттөрү, Жолойдун Аккуланын байгесин ала качышы, Көкчөкөздүн Манасты атышы, Көкчөкөздүн шумдуктары, Айжаң-жуңдун жеңилиши, Кутунайдын такка миниши, Үрбү баштаган алты кандын Манаска кат жибериши, Манастын Калдайдын шорун катырышы сыяктуу окуялар киргизилген.
«МАНАС» — Кызыл-Суулук (КЭР) кыргыз манасчы Жусуп Мамайдын варианты боюнча кыргыз тилинде араб ариби менен жарык көргөн эпостун 3-китеби (Үрүмчү, 1986). Китепте Алмамбеттин Көкчөдөн кетиши, Манастын түшү, Алмамбеттин келиши, Манастын Алмамбетти алып келиши, Каныкейдин алынды болушу, Алмамбеттин Аруукеге үйлөнүшү, Манастын Ооганга жортуулу, Чынаачынын жеңилиши, Алмамбеттин Көкчөкөздү өлтүрүшү, Айчүрөккө бел куда болушу, Манастын жети канды чакырышы, Кандардын келиши, Бакайдын кан болушу, Манастын Бээжинге аттанышы, Алмамбеттин кан болушу, Коңурбайдын сыйкырдуу кароолчулары, Алмамбет менен Чубактын чатагы сыяктуу окуялар камтылган.
«МАНАС» — «Манас» эпосунун өзбекчеге Курама варианты боюнча которулган 1-китеби (Ташкен, 1964). Өзбекчеге Миртемир которгон. Китепке Манастын балалык чагы, кыргыздардын Ала-Тоого келиши, Алооке менен Шоорукту жеңиши, Аккулага ээ болушу, Алмамбет баатырдын аңгемеси, Баатырдын жары бөлүмдөрү кирген. Бул китепте эпостун айрым окуялары кыскартылып жана кээ бир эпизоддорунун мазмуну кара сөз түрүндө берилген. Китеп өзбек окурмандарын «Манас» эпосу менен тааныштыруу үчүн кызмат кылат.
«МАНАС» — «Манас» эпосунун өзбекчеге Курама варианты боюнча которулган 2-китеби (Ташкен, 1987). Которгон Султан Акбари. Китептин башталышын Миртемир, акыркы бапты Т. Адашбаев которгон. Китеп Ч. Айтматовдун «Бийик чоку» деген баш сөзү менен ачылат. Негизинен китеп 2 бөлүктөн турат: биринчиси «Көкөтөйдүн ашы», экинчиси «Чоң казат». Китептин аягына кээ бир сөздөрдүн түшүндүрмөсү жана чыгышы жөнүндөгү маалыматы берилген.
МАНАС — топоним. Талас облусунун Манас районунундагы Май айыл советине караштуу кыштак. «Манас» совхозунун аймагында, Кызыл-Адыр тоосунун этегинде жайгашкан. Райондун борбору Покровка кыштагынан 23 км батыш тарапта. 1925-ж. негизделген. Калкы 601 (1986), негизинен тамеки өстүрүүдө эмгектенишет. Башталгыч мектеп, китепкана бар.
МАНАС — топоним. Талас районунундагы Чоң-Алыш айыл советине караштуу кыштак. «Манас» колхозунун аймагында, райондун борбору Талас шаарынан 25 км чыгыш тарапта. Калкы 6259 (1977). Эки орто мектеп, китепкана, медпункт бар.
МАНАС, Манасаровар, Манам-Цо — топоним. Тибеттин түштүк-батышында Гималай тоо кыркаларынын түндүк этегиндеги көл. Сатлеж (Инди дарыясынын сол салаасы) өзөнүнүн башталыш жеринде. Көл деңиз деңгелинен 4557 м бийиктикте жатат. Аянты 500 чарчы км чамасында. Көл балык, каз-өрдөккө бай, жээктери малга жайыт. Индия, Тибет элдери Манас көлүн ыйык көрүп, ага сыйынышат.
«МАНАС» — архитектуралык-скульптуралык композиция. 1981-ж. Бишкек шаарынын Совет аянтында, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын алдына курулган. Скульптор Кыргыз эл сүрөтчүсү Т. Садыков. Ансамбль темасы боюнча өз алдынчалуу жана скульптуралык топторунун пластикалык интерпретацияланышы боюнча ар башкача, алар бири-бирин толуктап турган жана анын образдык идеясын ырааттуу ачып берген эки топтон турат. Биринчи топ шаардын борборундагы Чүй проспектисине бет маңдай жайгашкан Манастын монументи жана Каныкейдин, Бакайдын статуялары. Экинчи топ — улуу манасчылардын скульптуралык портреттери. Алар аянттын эки тарабына эки-экиден бири-бирине бет маңдай орнотулган. Ансамблдин негизги бөлүгү Манастын скульптурасы. Анда Манас бардык жоо кийимдерин кийип, тулпары Аккулада ишенимдүү отурат. Анын сол колунда калкан, оң колунда кылыч. Ал жамандыктын үстүнөн болгон жеңиштин салтанатын көрсөтүп тургансыйт, аны жаалдуу, бирок алдан тайып бараткан канаттуу мардын (жылан) көрүнүшү аркылуу элестетүүгө болот.
Т. Садыков. «Манас» архитектуралык-скульптуралык композиция, 1981.
Монумент (анын бийиктиги, супасы менен бирге 21 м) аянттын бардык тарабынан жакшы көрүнөт. Аны тегеренип карап чыкканда көп кырдуу жана бир бүтүн көркөм образды жараткан теманын трактовкаланышындагы жаңы нюанстарды көрүүгө болот. Атта отурган Манастын элеси шарттуулугуна карабастан, образдуу, конструктивдүү чечилген. Супага скульптуралык топ оригиналдуу жана ыңгайлуу орнотулуп, ал аянт мейкиндигинде учуп бараткандай таасир берүүгө жетишилген.
Каныкей менен Бакайдын фигуралары да зор сүймөнчүк менен иштелген. Алардын сөлөкөттөрү таасын, композициялары ачык-айкын, пропорциялары жеткире иштелген. Сүйкүмдүүлүккө, аялдын назиктигине, поэтикалуулукка ширелген Каныкейдин образы ансамблдин ичинен эң жагымдуусу. Көлөмдөрдүн өз ара шайкештиги, турган абалынын жана кыймылдагы көрүнүшүнүн табигыйлыгы Каныкейдин турпатындагы токтоолукту, назиктикти, тазалыкты, кең пейилдикти чагылдырган. Бул өзү типтүү образ. Скульптор кыргыз аялынын жалпылаштырган эң сонун портретин түзүү менен аны жаңы белгилер менен байыткан. Акылмандыкты жана элдик жетилгендикти көрсөткөн Бакайдын тулкусу типажды туура тандап алгандыгы жана пластикалык жактан аны так интерпретациялоо аркылуу образдын турмуштук ынанымдуулугуна жетишип, көрүүчүлөрдү өзүнө бурат. Скульптор негизги көңүлдү каармандардын мүнөзүн ачып берүүгө бурган, ошол эле учурда кенен жалпылаштырууга да жетишкен.
Манасчылардын скульптуралык портреттери скульптордун портрет жанры жаатында көп жылдык изилденүүсүнүн жемиши, ошондой эле синтездөөгө жасаган аракети катары каралат. Эгерде Манастын, Каныкейдин жана Бакайдын образдарынын ишенимдүүлүгү доорго үндөш кийимдеринин тарыхый тактыгынан каармандардын мүнөздөрү өз ара байланыштуу ишке ашырылган болсо, ал эми портреттерде манасчылардын образдарына эпикалык маанайды берүү пластиканын өзү аркылуу, көркөм каражаттарды так тандап, ар бир деталды чегине жеткире иштөө аркылуу жетишкен. Портреттердин кызыл граниттен жасалышы алгылыктуу болгон. Анын фактурасы жана түсү формаларды трактовкалоонун мүнөзүн аныктоого, көлөмдөрдүн бири-бирине куюлушуп өтүшүнө өбөлгө түзгөн. Өз каармандарынын өтө ачык индивидуалдуулугунан качып сүрөткер чоң идеялык-көркөмдүк күчтөгү образдарды түзгөн. Аларга берилген лиризм (Тыныбек Жапый уулу) жана ички жыйнактуулук, ойдун чабыты (Найманбай Балык уулу) жана кенен эпикалуулук (Саякбай Карала уулу) өтө кылдаттык менен көрсөтүлгөн. М. архитектуралык-скульптуралык композициясынын бардык бөлүктөрү поэзиянын бийик демине сугарылган. Архитектор аянттын параметриндеги скульптуралык формаларды жайгаштыруунун зарыл катышын таап, бирдиктүү монументтик-архитектуралык ансамблди түзүүгө жетишкен. Т. Садыков. Манас, «Манас» архитектуралык-скульптуралык композициясынан, 1981.
«МАНАС» — баатырдык патриоттук опера. Музыкасы В. Власов, А. Малдыбаев, В. Ференики. Либреттосун «Манастын» сюжети боюнча А. Токомбаев менен К. Маликов жазган. Сюжеттин негизин «Манас» эпосундагы «Көкөтөйдүн ашы» түзөт. Операнын эки редакциясы бар.
Биринчиси 1946-ж., экинчиси 1966-ж. Кыргыз ролдорду Ж. Садыков (Манас), С. Кийизбаева Мамл. опера жана балет театрында коюлган. (Каныкей) ойногон. Режиссёрлору профессор Операнын биринчи редакциясындагы башкы В. Я. Васильев менен А. Куттубаев. Хормейстери С. Юсупов, художниги Я. Штоффер. Алгачкы редакциясында Манас менен элдин биримдүүлүгү белгилүү деңгээлде чечилген эмес. Сюжетте шаан-шөкөттөр басымдуулук кылып, окуялардагы карама-каршылыктар ачык көрсөтүлбөгөн, музыканын оркестрлештирилишинде жагымсыз угулуштар көп болгон. Авторлор бул мүчүлүштөрдү эске алып, операны кайрадан иштеп чыгышкан, айрым ашыкча эпизоддору алынып ташталган. «М». операсы улуу эпоско татырлык чыгарма болуп опера өнөрүйүн алтын казынасына кирди. Операнын 1966-ж. коюлушунда башкы ролдорун К. Чодронов, А. Тентимишев (Манас), С. Кийизбаева, К. Сартбаева (Каныкей), Т. Сейталиев, С. Токтоналиев (Сыргак), X. Мухтаров (Коңурбай) жана башкалар ойногон. Режиссёру профессор Р. В. Захаров, А. Куттубаев. Хормейстери С. Юсупов. Опера прологдон (киришүү музыкасы), 3 акт, көшөгө (картина) жана эпилог-апофеоздон турат. Ар бир көшөгөнүн аталышы бар. Кириш музыкасында операнын негизги эки лейтмотиви — Манастын жана анын кырк чоросунун баатырдык темалары жаңырат. Операнын өнүгүшүндө драматургиялык принцип катары реалдык жана фантастикалык образдарды салыштыруу, ошондой эле согуштук окуялар, лирикалык жана турмуштук сценаларды алмаштырып туруу ыкмалары колдонулган. Авторлор музыкасын жазууда элдик обондорду цитаталап пайдаланган эмес. Бул жагынан «Манас» операсы башка кыргыз операларынан айырмаланып, өзүнчө көркөмдүк бийик деңгээлге көтөрүлгөн. «Манас» операсы макаласына. 1. Операдан көрүнүш, 1966; 2. Манас — К. Чодронов, 1966; 3. Сыргак — Т. Сейталиев, Алмамбет — С. Алмасбеков, 1984.
Операнын партитурасында дүйнөлүк классикалык опера өнөрүнүн формалары: ариялар, дуэттер, трио, квинтет, секстет, оркестрлик эпизоддор жазылган. Булардын ичинен Манастын ариясы (3-көшөгө), Коңурбайдын монологу (2-көшөгө), Манас менен Каныкейдин дуэти (4-көшөгө), Сыргак менен Каныкейдин сценасы (5-көшөгө) финалдык салтанаттуу хор-апофеозу (7-көшөгө) жана башкалар айрыкча эмоциялуу жана таасирдүү. Манастын башкалардан өзгөчөлөнгөн артык сапаты анын эл абалын туура баалап, оюн туура түшүнгөн, эл башчысы, эл жетекчиси экендиги. Эл азаматтарды тегерегине топтоп, элинин башын кошуп, душманга каршы көтөрөт. Башкы ролду (Манас) аткарган К. Чодронов, А. Тентимишевдер баатырдын так ушул сапаттарын — кең пейилдигин, калыстыгын, балбандыгын сүрөттөп бере алышкан. «Манас» операсынын авторлору 1970-ж. Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы сыйлыгына татыктуу болгон. Опера Москва, Ленинград шаарларында коюлган.
К. Дүйшалиев
МАНАС — Индиядагы улуттук парк жана ага чектеш Бутан өлкөсүндөгү корук (заповедник). Индиядагы парк 1928-ж. негизделген, аянты миң га. Бутандагы корук 1966-ж. түзүлүп, аянты 41,9 миң га жерди ээлейт. Гималай тоосунун түштүк бетиндеги Манас өзөнү агып өткөн өрөөн тропикалык токойго бай болуп парк менен корук үчүн ыңгайлуу шарт түзгөн. Ар түрдүү айбанаттар [жолборс, индия носорогу (керик), жана башкалар] көп өстүрүлгөн.
«МАНАС» — «Манас» эпосунун кара сөз түрүндөгү баяндамасы (Фр., 1986). Сагымбай Орозбак уулу менен Саякбай Карала уулунун варианттарынын негизинде жазылган. Түзүүчү — С. Мусаев. Жооптуу редактору — Э. Абдылдаев. 284 беттен турат. Китепте Манастын төрөлүшү, балалык чагы, алгачкы каршылашкан душмандарын жеңип, өз эли-жерине ээ болушу, үйлөнүшү, чоң казат, баатырдын өлүмү сыяктуу эпостогу туруктуу салттык окуялар толугу менен камтылган. «Манас» үчилтигинин 1-бөлүмү менен окурмандарды тааныштыруу, эпостун көптөгөн варианттары жөнүндө жалпы түшүнүк берүү максатында кара сөз түрүнө келтирилген. Эпостун окуяларынын өнүгүш нугу, ар биринин салттуу орду өз үлгүсүндө так сакталган.
«МАНАС» — «Манас» эпосунун орус тилине которулган китеби (М., 1960). Баш сөзү С. Липкин менен С. Дароняндыкы. Редактору Т. Колякина. Сүрөттөрүн Г. Фишер тарткан, которгондор С. Липкин менен Л. Пеньковский. С. Липкин баатырдын төрөлүшү, Каныкейдин каты, Коңурбайдын элдешүүнү бузушу, Баатырлардын өлүмү, Манастын кайтышы, Манастын керээзи, Манастын өлүмү, ал эми Л. Пеньковский Көкөтөйдүн ашын которгон. «МАНАС» —«Манас» эпосунун орус тилине которулган «Чоң казат» бөлүмү (М., 1941). Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча С. Липкин менен М. Тарловский которгон. Баш сөзүн жазгандар жана редакциялап басмага даярдагандар: Е. Мозольков, Ө. Жакишев. Сүрөттөрүн тартып кооздогондор: Г. Петров, И. Костылев. Китеп СССР элдерин «Манас» эпосу менен тааныштырууда белгилүү роль ойногон.
МАНАС — топоним. Кытайдын батышындагы дарыя. Чыгыш Тянь-Шандын түндүк капталындагы дарыялардын эң ириси. Ирен-Хабырга массивиндеги мөңгүлөрдөн башталат. Башталышында терең жана кууш капчыгайлар, ортоңку жана төмөнкү агымында Жунгар түздүгү аркылуу өтүп, Манас (Ихэ-Хак) көлүнө куят. Уз. 402 км, 20-кылымдын 40-жылдарына чейин Айран-Көлгө куйган. Сугатка пайдаланылат. МАНАС, Манса, Маниса, Манас — топоним. Орто Азияда ошондой кылымдарда жайгашкан бийик тоолу өлкөнүн ысмы. . Фарс тилинде жазылган «Худад ал Аламда» жолугат (10-к.). Анонимдик автордун бул эмгеги боюнча Манса эбегейсиз зор, көп тармактуу залкар тоо системасы. Манса түштүктө Тибеттен башталып, түндүктө «Тараз менен Шелжинин» (азыркы Талас өрөөнүнүн орто бөлүгү) чегине, батышта Туран ойдуңунан, чыгышта Кытайга чейин созулат. Тоо системасынын чыгыш жагы Тафкан, борбордук бөлүгү Игражарт, түштүк тарабы Буттем деп аталган. Мансанын айрым тармактары кыргыздардын өлкөсүн көздөй да бет алган.
Маниса тоо системасынын негизги бөлүгүн азыркы кыргыз жергесинин Ала-Тоосу алып турган. Талас Ала-Тоосунун бийик чокусу — Манас (Манас-Ата) илгерки Маниса топониминин өзгөргөн формасы (А. Н. Бернштам, 1947) же тескерисинче, Мансанын (Маниса) өзү андан мурунку Манас ысмынын араб жазуусунун тыбыштык системасынын бир мүчүлүштүк көрүнүшү деп каралышы мүмкүн.
С. Өмүрзаков
«МАНАС» — Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча жарык көргөн «Манас» үчилтигинин 1-китеби (Фр., 1978). Китеп бир колонка менен терилип, көлөмү 11308 сап ырдан турат. Китептин аягына айрым сөздөрдүн түшүндүрмөсү берилген. «Байыркы кыргыз рухунун туу чокусу» деген ат менен академик Чынгыз Айтматов баш сөз жазган. Басмага даярдап, сөздүгүн түзгөн, ошондой эле «Сагымбай манасчы жана анын варианты жөнүндө» деген көлөмдүү макаланы С. Мусаев жазган. Китепти көркөмдөгөн сүрөтчү Т. Герцен.
Өз доорунун мыкты жомокчуларын жакшы билген жана алардын варианттарындагы мурдатан салт катары аткарылып келген артык үлгүлөрүн чыгармачылык менен өркүндөтө алган Сагымбай Орозбак уулунун бул варианты ырынын кооздугу, түзгөн элестеринин тереңдиги, эл турмушун таамай сүрөттөй алганы менен белгилүү. Түзүүчү жомокчунун өзү кандай айтып жаздырса так ошол калыбында кийлигишүүсүз, башкача айтканда тексттеги сөздөр, ыр саптар оңдоого, орун алмаштырууга, бир сөздүн ордуна башка сөз пайдаланууга жол берилбей, эч өзгөрүүсүз, так берүүгө далалаттанат. Элибиздин байыркы ата мурасынын эң туу чокусу «Манас» эпосунун Сагымбай Орозбак уулунун айтуусундагы «Манастын» биринчи китебине Манас баатырдын тегинен кабар берген кара сөз түрүндөгү кыскача маалыматтан тартып жаш баатырды кан шайлоого чейинки окуялар кирген. Анын ичинде Жакып Чыйырды, Бакдөөлөт үчөөнүн көргөн кереметтүү түшү, Манастын туулушу жана ага той бергени, Жакып өзүнүн койчусу Ошпурга Манасты койчулукка бергени, Манастын Эсенкан жиберген тыңчыларын жайлаганы, Нескара менен Манастын урушу, Манас жолдоштору менен салбырынга барганы, Манастын кан шайланышы сыяктуу окуялар камтылган.
Ж. Сагынов
1. филос. Байыркы Индия философиясынын негизги түшүнүктөрүнүн бири. Бардык менталдык болгон нерселерди камтуучу эң кеңири маанидеги акыл. 2. Калкаа, корголой турган жай, байыр алуучу орун.
«МАНАС» АДАБИЙ-ЭТНОГРАФНЯЛЫК МУЗЕЙИ. 1976-ж. Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин токтомуна ылайьік Таласта Манас күмбөзүнүн жанына «Манас» адабий-этнографиялык музей түзүү каралган жана музей түзүлгөн. Музейдин көргөзмө бөлмөсүнүн аянты 30 лгди түзөт. Ал эки бөлүмдөн турат: 1) 19-кылымдын аягы — 20-кылымдын башына таандык этнографиялык буюмдар; 2) «Манас» эпосунун кино, театр, сүрөт өнөрүнө тийгизген таасири жөнүндөгү жана эпоско байланыштуу илимий жана адабий чыгармалар коюлган. Музейдин фондусунда 500гө жакын экспонат, анын ичинде этнографиялык буюмдар, археологиялык табылгалар, фотосүрөттөр, живопись жана графикалар бар. Музейде 5 кызматкер иштейт. 1988-ж. бул музейди «Манас» мамлекеттик музей-коругу деп аталып, уюштуруу жана комплектөө маселелерине байланыштуу бир кыйла иш чаралар жүргүзүлө баштады. Улуттук рухтун калыптанышында, ыймандуулукка жана эстетикалык тарбиялоо ишинде музейдин пропагандалык мааниси зор. Анда эмгектин, согуштун ардагерлери, эмгек баатырлары менен жолугушуулар уюштурулуп, «Манастын» элдин тарыхы менен байланышы, эпостун мааниси жөнүндө лекция, доклад, тематикалык кечелер өткөрүлүп турат.
МАНАС АРАЛЫ — топоним. Казак ССРиндеги Арал деңизинин чыгышында жайгашкан арал. Аянты 19 кмг. Уз. 7,5 км, туурасы 1,5 кмге чейин. Деңиз деңгээли менен бийиктиги 10 мдей. Камыш, шоро чөп жана башкалар өсөт. Батыш жагы тик жарлуу.
МАНАС-АРЫК, Таш-Арык — ошондой кылымдагы ири канал. Талас өрөөнүндө, туурасы 5 — 7 м. Кыргыз Ала-Тоо кыркасынын этегин жээктеп, Ак-Дөбө шаар урандысына (6—7-к.) чейин 14 км узундукта созулуп жатат. Илимий адабияттарда «Таш-Арык» деп берилгени менен эл оозунда М.-А. деп айтылат. МАНАС АТА ОРДОСУ — чыгармачыл жана өндүрүштүк коом. Кыргыз Республикасынын интеллигенттеринин, окумуштууларынын демилгеси менен уюшулган (июнь, 1990). Ишин коомдун мүчөлөрүнүн ыктыярдуулугунун, коллегиялуулугунун жана чыгармачылык демилгесинин негизинде жүргүзөт. Коомдун максаты — жергебизде этнографиялык борбор уюштуруп, түпкү ата-тегибиздин этностук тарыхын (сак, гунндардан тартып) изилдөө, Манас жөнүндө жазылган китеп, тартылган кино, ага байланыштуу уламыштарды, ар кандай пландагы маалыматтарды чогултуп, чет жактан келген меймандарды эпос, анын каармандары, айтуучулар менен кеңири тааныштыруу, улуу чыгарманын маанисин элге жеткирүү. Ошондой эле кыргыздардын укумдан-тукумга өтүп келаткан салт-санаасын, үрп-адатын иликтеп, аларды пропагандалоо. Келечекте Коом өз өкүлдөрүн Кытай эл республикасына жана араб өлкөлөрүнө чейин жиберип, унутулуп бара жаткан Азиянын тарыхын үйрөнмөкчү жана түрк элдеринин маданиятына ылайык Манас-Ата эл аралык сыйлыгын уюштуруп, кыргыз элинин турмуш-тиричилигин, улуттук өзгөчөлүгүн, адабиятын, маданиятын, ар тараптан изилдеген адамдарга ыйгарып турат. Областтарда, райондордо, айылдарда Коомдун бөлүмдөрү ачылып, республиканын атагын даңазалоого багытталган ар тараптуу иш-аракеттерди кеңири жүргүзүүдө. Ордонун президенти — жазуучу, кинодраматург Ю. Тойчубеков.
М. Дүйшөнбеков
МАНАС АТА СЫЙЛЫГЫ, Эл аралык Манас Ата сыйлыгы — эл аралык мамлекеттик эмес Манас Ата ордосунун сыйлыгы. 1991-жылдын ноябрь айында уюштурулган. Сыйлык эки жылда бир жолу кыргыз адабиятын, маданиятын өнүктүрүүгө, каада-салтын байытууга — элдин рухий деңгээлин жогорулатууга кошкон чоң салымы үчүн Кыргызстан жана башка өлкөлөрдүн адабият, өнөр, маданият, саясат ишмерлерине ыйгарылат. Сыйлык ээсине атайын төш белги жана миң сом өлчөмүндө акча берилет. Сыйлык алгач жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековго ыйгарылган (1992).
МАНАСАУЛ — топоним. Дагстан республикасынын Буйнак районунда жайгашкан кыштак. Негизги калкы — аварлар. 1859-жылдан кийин негизделген. Элдик этимология топонимдин чыгышын кумыктардын «нас авул» (ыплас кыштак) деген сөздөрүнө жана Манас ысымына (антропоним) алпарып такайт. Бирок, бул түшүнүктөрдүн калпыс, этимондун сырын ачалбасы жана кийинки жоромолдордон экени ачык эле көрүнүп турат.
МАНАС-АШУУ — азыркы Талды-Коргон облусунун (Казакстан) чөлкөмүндөгү Тарбагатай тоо кыркасынын ашууларынын биринин энчилүү аты. Белгилүү саякатчы В. А. Обручев өз көзү менен көрүп: «Өрөөн (Зайсан көлүнүн аймагы) Саур менен Тарбагатайдын көчмөндөрүнүн турмушунда чоң мааниси болгон болуу керек. Мында дайыма таасирдүү адамдар көчүп жүрүшкөн. Ал эми Тарбагатайдын ашууларынын бири Манас-Ашуусу деп аталат. Манас — кыргыздын белгилүү эпосунун каарманы. Уламыш боюнча ал Зайсандын түздөрүндө көчүп жүргөн», — деп жазган.
«МАНАС АЭРОПОРТУ» (Бишкек шаары) — Кыргыз Республикасынын атуулдук авиация башкармасынын эң ири аэропорту. Эпостун баш каарманы Манастын ысымынан коюлган. 1974-жылдан пайдаланылууда.
«МАНАС» БӨЛҮМҮ — Кыргыз Улутуук Илимдер академиясындагы Адабият жана искусство институтунун «Манас» эпосун жыйноо, жарыялоо жана комплекстүү изилдөө иштерин жүргүзүүчү бөлүмү (мурдагы «Манас» сектору). 1924-ж. Ташкенде уюштурулган академиялык борбордун кыргыз бөлүмү 1925-ж. Фрунзеге көчүрүлүп, Кыргызстандагы илимий иштерди координациялаган. Илимий комиссия катары кыргыз тилинде окуу китептерин, мектеп программаларын түзүү, ошондой эле элдик оозеки чыгармаларды жыйноо, системага салуу иштерин жүргүзгөн. Илимий мекеме 1930-ж. Маданий курулуш институтуна, 1936-ж. Кыргыз тили жана жазмасы илим изилдөө институтуна, 1940-ж. 14-мартта Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтуна айландырылган. Анда кыргыз тили, адабияты жана «Манас» эпосу деген үч сектор болгон. «Манас» секторунун уюшулушу менен «Манас» эпосуна көңүл бурула баштаган. 1942-ж. институтта Фольклор жана этнография бөлүмү ачылып, «Манас» сектору ушул бөлүмгө кошулат. 1943-ж. Фольклор жана «Манас» эпосу өзүнчө бөлүм болуп, элдик оозеки чыгармачылык, «Манас» эпосу боюнча илим изилдөө иштерин жүргүзгөн. 1948—56-ж. Фольклор жана «Манас» эпосу бөлүмү Кыргыз адабияты бөлүмүнө кошулуп, «Манас» эпосун жыйноо, изилдөө жана басмага даярдоо Адабият бөлүмүнүн чегинде жүргүзүлгөн. Кыргыз фольклорун тарыхый аспектиде карап чыгуунун, өзгөчө «Манас» эпосунун проблемалык маселелери боюнча изилдөөчүлөрдүн негизинде «Манас» секторун кайрадан уюштуруу маселеси күн тартибине коюлду. 1956-ж. институттун тутумунда «Манас» сектору уюштурулуп, илимий кызматкерлердин милдети «Манас» эпосунун көптөгөн варианттарын изилдеп үйрөнүү болгон. Институттун кол жазмаларды сактоо жана жарыялоо фондусунда (азыр Кол жазмалар жана жарыялоо бөлүмү) 60тан ашуун варианты бар. Тоголок Молдо, Молдобасан Мусулманкул уулу, Мамбет Чокмор уулу жана башкалар манасчылардан жазылып алынган эпостун тексттеринин түп нускалары Кол жазмалар фондусунда сакталып турат.
Сектордун илимий кызматкерлери варианттарды үйрөнүү менен гана чектелбестен эпосту дагы да эл арасында жыйноо, жыйналган материалдарды жарыялоо жана изилдөө иштерин жүргүзүшкөн. Өзгөчө академик Б. М. Юнусалиевдин эмгеги зор. Анын жетекчилиги менен «Манас» үчилтигинин курама варианты жарык көргөн. Сектордун кызматкерлери 1970—80жылдардын ичинде Сагымбай менен Саякбайдын варианттарын басмага даярдаган (к. китептер тууралуу атайын макалаларды). Ошондой эле Москвадан кыргыз жана орус тилдеринде «СССР элдеринин эпосу» сериясынан чыгуучу «Манас» эпосунун 4 томдугун басмага даярдашты.
Сектордун илимий кызматкерлери (Э. Абдылдаев, 3. Мамытбеков, С. Бегалиев, А. Жайнакова, Б. Керимжанова, Р. 3. Кыдырбаева, С. Мусаев, М. Мамыров, К. Кырбашев, Р. Сарыпбеков, Ошондой Сооронов) эпосту жыйноо жана жарыялоо менен катар эпостун ар кыл аспектидеги проблемалык маселелерин изилдөөгө кайрылып, ар түрдүү темадагы илим изилдөө иштерин жүргүзүп, монографиялык эмгектерди жаратышты. Авторлор эпостун жаралуу доорун, тарых менен байланышын, тигил же бул варианттын идеялык-көркөмдүк өзгөчөлүктөрүн, композициясынын жана сюжет курулушунун варианттарындагы айырмачылыктарын, манасчылардын жекече айтуучулук чеберчилигин, эпостун варианттарынын стилдик жактан өзгөчөлүктөрүн, поэтикасын жана башкалар проблемалык маселелерине көңүл буруп, манастаануу илимине өз салымдарын кошту. Ошондой эле «Манас» эпосунун маселелери боюнча мезгилдүү басма сөз беттеринде макалаларды жарыялашып, радиоуктурууларга, телекөрсөтүүлөргө катышып, эпосту элге терең тааныштырууга көп күч жумшашты. Ошондой эле эпоско арналган ар кандай симпозиум, конференцияларды өткөрүүгө да активдүү катышууда.
1989-жылдан «Манас» сектору «Манас» эпосун комплекстүү изилдөө боюнча бөлүмгө айландырылып, аны философиялык, тарыхый, этнографиялык, музыкалык, лингвистикалык жана башкалар аспектиде изилдөөнү ишке ашыруу максатында жаңы адистер менен толукталды.
Бөлүм жакын арада Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча «Манас» эпосунун академиялык басылышынын үстүндө иш алып барууда. Ошону менен катар эле эпосту комплекстүү изилдөөнүн айрым теориялык маселелери бөлүмдүн илимий кызматкерлеринин иш алып барат. Ошону менен катар эле эпосту 13 кызматкер иштеген. Фольклор жана «Манас» эпосу бөлүмү уюшулгандан «М». б. болгонго чейин бул илимий мекемени ар жылдарда М. И. Богданова, 3. Бектенов, Б. Керимжанова, Ө. Жакишев, Р. Кыдырбаева, С. Мусаев жетектеген. 1989-жылдан Р. Кыдырбаева жетектейт.
К. Кырбашев
«МАНАС ВЕЛИКОДУШНЫЙ» — Семён Липкиндин «Манас» эпосунун сюжетинин негизинде жазган повести. Ал үч жолу басмадан чыккан (М., 1947, 1948, 1958). Повесть «Манас» эпосунун салттык сюжетинин окуяларын кыскартып, кээ бир жерлерине өзүнүн кошумчалары киргизилип, мектеп окуучуларына арналып жазылган. Китеп үч баптан турат. Биринчи бапта: түш көрүү, ат коюу, кырк чоро, Кошой менен жолугушуу, Алооке кандын качышы, Айкөлдүн аялы, Көкөтөйдүн ашы, Бабалардын жери жана башкалар экинчи бапка: кандардын бүтүмүнөн чоң казатка чейинки окуялар кирген, үчүнчү бапта: чалгынга чыгуу, туулган жер, баатырлардын кармашы, чыккынчылык, акыркы кармашуулар жана башкалар камтылган. Китеп көркөм сүрөттөр менен кооздолгон. Сүрөтчүсү Л. Фейнберг, кириш сөзүн А. Токомбаев жазган. Повесть жарык көргөндөн кийин көп узабай эле чет тилдерге да которулуп жаштардын сүйүктүү китебине айланган. «"МАНАС" ГЕРОИЧЕСКИЙ ЭПОС КИРГИЗСКОГО НАРОДА» — «Манас» эпосу жөнүндөгү орус тилинде жазылган илимий макалалардын жыйнагы (Фр., 1968); Китепте кириш сөз ордуна берилген «Редактордон» деген макаланы С. Мусаев жазган. Жыйнакка белгилүү илимпоздор менен «Манас» изилдөөчүлөрдүн ар кайсы мезгилде жазылып, эпосту изилдөөнүн
ТҮРДҮҮ проблемаларына арналган төмөнкү макалалары топтоштурулган: В. В. Радловдун 1885-ж. Санк-Петербургдан чыккан «Түндүк түрк урууларынын элдик адабиятынын үлгүлөрү» деген эмгегинин 5-томунун «Баш сөзү», Ч. Ч. Валихановдун «Жунгария очерктеринен» үзүндү, Г. Алмашинин «Манас баатырдын уулу Семетей менен коштошкону», П. Фалевдин «Кара кыргыз былинасы кандай курулат», Е. Д. Поливановдун ««Манас» эпосунун орусча котормосунун принциптери жөнүндө», К. А. Рахматуллиндин «Манасчылардын чыгармачылыгы», А. Н. Бернштамдын «Кыргыз эпосу «Манастын» пайда болуу доору», ««Манас» деген аттын келип чыгышына карата», П. Н. Берковдун ««Манастагы» Ата Мекен идеясы», С. М. Абрамзондун «Кыргыздын баатырдык эпосу «Манас» этнографиялык булак катары», Б. М. Юнусалиевдин ««Манас» кыргыздын баатырдык эпосу». Бул жыйнактын материалдары алгач М. Ауэзов тарабынан топтоштурулуп, басууга 1948-ж. даярдалган, бирок ар кандай себептер менен чыкпай калган. Кийин кээ бир эмгектер жарыкка чыгып, айрымдары актуалдуулугун жоготконуна байланыштуу Ауэзов даярдаган материалдардын бардыгы жыйнакка киргизилген эмес.
Ж. Сагынов Манастын дабла (бута) ташы (Кеңкол өрөөнү). Манастын оттук ташы (Ысык-Көл өрөөнү). Манастын Кара-Тоодон жылкы тосуп, ыргыткан ташы. (Кочкор өрөөнү)
МАНАСИЯ — топоним. Сейфад-Дин Аксыкентинин «Мажму ат-таварих» эмгеги боюнча Алтын-Ордонун 14-кылымдын аяк чениндеги каны Токтомуш Манас баатыр үчүн курдурган шаар. «Манас» эпосунун кийинки кездерде жазылып алынган варианттарында да М. шаары Манаска арналып салынганы айтылат. Географиялык реалияда Чыгыш Теңир-Тоонун түндүгүндө М. аттуу шаар жана дарыя бар.
МАНАСКА БАЙЛАНЫШТУУ АТАЛГАН ЭНЧИЛҮҮ АТТАР — элдик уламыштарда «Манастын» каармандарынын, тулпарларынын, курал-жарактардын, жер-суулардын жана реалдуу турмуштагы мекеме, көркөм чыгармалардын энчилүү аты, наамы. Элдик түшүнүк, ишенимде «Манастын» кейипкерлерин урматтоо, ыйык тутуу салттык көрүнүш. Эпостун каармандарынын ысымдары, минген тулпар аттары, кармашкан жерлери жөнүндө легендарлык аталыштар кыргыз элинин арасында көп айтылат. Манастын ордо ойногон жери (Кара-Тоонун үстү, Кочкор өрөөнү).
Нечен кооз жерлер, тарыхый эстеликтер, мазар, күмбөз жайлары эпикалык каармандардын ысымында аталат. Бул болсо элдин өзүнүн бардык жакшы тилектерин, жагымдуу ойлорун, элдик баатырдын айлана- Бакай-Таш тоосу (Талас өрөөнү).
сына топтошу, алардын адилеттүүлүктү көздөгөн көрүнүшүн, көрсөткөн эрдигинин эл кыялында жогору бааланышы менен түшүндүрүлөт. Эпостун баш жана негизги каармандары кыргыз эли үчүн ата мекен, эне дегендей эле сыймыктуу. Элдик уламыш боюнча үчилтиктин айрым каармандары — Бакай, Каныкей, Семетей, Күлчоро, Айчүрөк, ошондой эле Тайбуурул, Акшумкар, Кумайык өмүрүнүн акырында кайып болуп кетишет. Ошондуктан, эл сүйгөн каармандарынын ысымын сыймыктануу менен эскеришет. Алардын баатырдыгын арттырып, мифтик каармандардын деңгээлине чейин көтөрүүгө аракеттенишет. Буга Манастын доорундагы баатырлардын «Манастап» ураан чакырып согушка киргени гана күө болбостон, Ата Мекендик согушта Манас жана анын чоролору жөнүндө эл арасында тараган уламыштар далил. Согуш жылдары Манастын ысымы патриоттук сезимдин символу болуп, анын аты менен кыргыз аскерлери фашисттерге каршы күрөшүп, советтик жоокерлер менен бирдикте баскынчыларды жеңүүгө өз үлүштөрүн кошкон. Уулдарын, неберелерин согушка жөнөткөндө Манастын эрдигин эскерип, Манастай баатыр болуп, душманга Манастай сокку берүүлөрүн каалашкан. Манастын чакмак ташы (Талас өрөөнү).
Жолойдун бешиги (Боом капчыгайы).
Кыскасы, байыртадан бери Манас жана анын чоролорунун айрымдары, Семетейдин жана башкалар негизги каармандардын образы дайыма эл менен бирге жашайт. Кыргыз эли кийинки эле учурларга чейин Манастын атын жаңы төрөлгөн балага койбогон. Эл ишениминде «Манас» деген оор ысымды бала көтөрө албайт, ошол атка татыктуу болбосо ал наристе жаш курагында эле чарчап калат деген. Элдик идеал баатырды урматтоо, ыйык тутуу да турмуштук зарылчылыктан келип чыккан. Эл түшүнүгүндө алардын ыйыктыгына сөз тийгизип, касиеттүүлүгүнөн шек санаган адам сөзсүз бир кырсыкка учурабай койбойт имиш. Алсак, эл арасында «Манасты» айтпай коюп, кырсыкка учураган адамдар жөнүндө айтылат. «Манаска тил тийгизип» кырсыкка учураган адамдардын болгондугун белгилешет. Жоокерчилик заманында эпикалык каармандардын адилеттүү күрөшүнөн эл өз мүдөөсүн, кызыкчылыгын, ой-тилегин жана
келечегин көргөн. Элдик баатырларды урматтагандыктын, ыйык туткандыктын белгиси катарында өздөрүнүн жагымдуу кыялдарын алардын айланасына топтогон. Ошого жараша элдик баатырлардын жана тулпарларынын ысмына байланыштуу " айтылган топонимдердин — жер-суу, тоо-таш, кокту-колоттордун аталышын түшүндүргөн мифтер кыргыз жана башкалар жерлерде көп сакталган. Айрыкча, Кыргызстанда, Казакстанда, ошондой эле Синцзянда жана башкалар чет жерлерде Манастын жана негизги каармандардын атына эл тарабынан коюлган жерлер бар. Буга Манастын күмбөзүнөн тартып Кошой-Коргонго, Манастын ордо аткан жайынан таш тулгасына, Аккуланын акырынан Каркырадагы Көкөтөйдүн ашында казылган кемеге-очоктордун ордуна, кырк чоронун күмбөзүнөн Айчүрөк-Булакка, чет жерлердеги Манас көлү, Манас-Ашуусу, Манас шаарына чейинки энчилүү атоолор күбө. Биз билген дүйнөлүк эпостордун каармандарына бул сыяктуу коюлган наамдар чанда учурайт. Айрым күмбөздөрдүн, эскерткич жайлардын, мазарлардын Манас, Семетейлердин доору, өмүр баяны менен тике же кыйыр түрдө байланышы болгондуктан, эл турмушунун, ой-санаасынын, кыялданууларынын эстелиги катарында ал каармандардын ысымында аталып калган. Азыркы мезгилде да Манастын ысымын элдин рухий байлыгынан ажыратып кароого болбойт. Кыргыз эли өз жеринде учураган белгилүү, кооз ар бир көрүнүштү, реалдуу жайларды жана көркөм чыгармаларды Манас баш болгон элдик баатырдын ысымы менен байланыштырышкан. Мисалы, «Манас» аэропорту, «Манас» району, «Айчүрөк» универмагы, «Манас», «Айчүрөк» операсы, «Айкөл Манас», «Манастын уулу Семетей», «Сейтек» драмалары жана башкалар Мына ушунун өзү эле кыргыз элинин «Манасты» кол жеткис көркөм чыгарма жана өткөндүн артык эстелиги катары жогору баалап, кадырлап, сүйгөндүгүнүн айкын далили болот.
С. Алиев
МАНАСКЕНТ — топоним. Дагстан ССРинин Ленин районунундагы кыштак. Каспий деңизинин жээгинде. Махачкала шаарынан 34 км түштүк-чыгышта, Манас-Өзөн суусунун боюнда жайгашкан. Кыштакта кумук, даргын жана башкалар эл жашайт.
«МАНАС» КИРГИЗСКИЙ ЭПОС («Великий поход») — эпостун орус тилинде көркөм сүрөттөр менен кооздолуп чыккан көлөмдүү китеби (М., 1946). Которгондор: С. Липкин, Л. Пеньковский жана М. Тарловский. «Манас» кыргыз эпосу деген кириш сөзүн Е. Мозольков менен Ө. Жакишев жазган. Көркөмдөгөн сүрөтчүлөр: Г. Петров менен И. Костылёв. Китепке «Манас» эпосунун «Чоң казат» эпизоду кирген. Аягына кээ бир сөздөрдүн котормосу берилген. Котормочулар «Манас» эпосунун өзгөчөлүгүн, ыр түзүлүшүн, муундардын топтолушун, ар бир саптын маанисин сактоого аракеттенишкен. Бул китеп эпосту орус тили аркылуу башка элдерге тааныштырууда чоң мааниге ээ болгон. Манастын Кароол-Дөбөсү (Талас өрөөнү)
«МАНАС КЫРГЫЗ БААТЫРЫ» (Manas Kirgiz hosenek)— эпостун курама вариантынын (1—2-китеп) венгер тилине которулуп басылган китеби (Будапешт, Европа басмасы, 1979). Которгон Беде Анна. Текстти тандаган жана соңку сөзүн, эскерүүлөрүн жазган Урайне Кохалми Каталин, сүрөттөрү Касс Ианос Кесзитеттеники. Эпостун төмөндөгү эпизоддору кыскартылып ыр түрүндө которулуп китепке киргизилген: жомок башы; баатырдын төрөлүшү; Манастын балалык чагы; Манас менен Кошой балбандын жолугушу; Манастын колу душмандарын багынтып Тянь-Шанга көчүп келиши; Алооке кандын Манас баатырдан качышы; Азиз кандын Алтынайга үйлөнүшү, Алмамбет баатырдын туулушу, туугандарынан качып чыгышы; Алмамбеттин куугунчу жоо менен салгылашышы жана Манаска кошулушу; Манастын колуктусу менен таанышканы; баатырдын өлүмү.
МАНАСЛУ — топоним. Гималай тоо системасындагы өтө зор бийик тоо тобу. Непал мамлекетинин борбордук бөлүгүндө. Жер бетиндеги эң бийик тоолордун катарына кирет. Бийиктиги 8128 м. Тоонун башы, чоку бөлүгү тик, аска-зоокалуу, ага чыгуу өтө кыйын. Чокуга биринчи жолу жергиликтүү шерп Гиальцен Норгу баштаган жапан экспедициясы 1956-ж. чыккан. Тоону ыйык деп эсептеген Непал калкы ага чыгууга умтулган экспедицияларга каршылык көрсөтүп келишкен. Индия, Тибет элдеринде «Манас» «ыйык», «сыйынт» деген мааниде.
«МАНАС МЕНЕН АЛМАМБЕТ» — «Манас» эпосунун окуяларынын негизинде орус тилинде жазылган 4 көшөгөлүү, 6 сүрөттүү баатырдык драма (Фр., 1942). Автору К. Рахматуллин, Т. Сыдыкбеков. 1943—46-жылдары Фрунзедеги Н. К. Крупская атындагы орус драма театрында коюлган. Пьеса Кыргызстан Жог. Советинин Ардак грамотасына татыктуу болгон. Спектаклди койгон артист А. В. Милославский (кеңешчиси искусствого эмгек сиңирген ишмер. А. Куттубаев). Жасалгасы сүрөтчү М. Я. Гафтыкы, музыкасы М. Р. Раухвергердики. Спектаклдин негизги өзөгүн Чоң казат окуясы, Алмамбеттин Манаска келиши, алардын достугу жана душманга каршы күрөшү түзөт. Спектаклде баш каарман Манастын ролун А. В. Милославский, Алмамбетти В. С. Офицеров аткарган. Башка ролдорду аткаргандар: Каныкей — О. Д. Петрова, Алтынай — Н. И. Данилова, Бирмыскал — республиканын эмгек сиңирген артисти К. Г. Ефремова, Бурулча — 3. А. Корешкова, Тайхо — К. С. Лунгрен, Чубак — республиканын эмгек сиңирген артисти И. И. КовальСамбарский, Коңурбай — республиканын эмгек сиңирген артисти А. П. Розанцев, Азизкан — С. Г. Дигам, Мажик — А. Б. Прибыловский. Спектакль ийгиликтүү коюла баштаганы менен ошол мезгилде «Манас» эпосунун айланасында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу театрдын репертуарынан алынып ташталган.
К. Мукашева
МАНАС МӨҢГҮСҮ — Талас Ала-Тоосунун түндүк капталында. Талас суусунун сол куймасы Үрмаралдын алабында жайгашкан; узундугу 4,4 км, аянты 6,4 км2. Эпостун башкы каарманы Манастын ысымынан аталган.
МАНАС-ӨЗӨН — топоним. Дагстан ССРинин Ленин районун аралап агып өткөн суу. Чоң-Кавказ тоолорунун түндүк-чыгыш капталынан кар, жаан-чачын сууларынан куралат, Каспий деңизине куят. Манас, Манаскент, Манасмахи кыштактары ушул өзөндүн боюнда жайгашкан. Суунун чөлкөмүндө Манасавлан, Манас-матабы деген жерлер да бар. Бир Ленин районунун аймагында мынча Манас аттуу топонимдердин болушун Г. М.-Р. Оразаев (Махачкала, 1989, 1991) бул жерлерди илгери ногой калкы ээлеп турушуна байланыштырат.
МАНАС РАЙОНУ — Талас облусунун түндүк-батышындагы администрациялык район. 1980-ж. уюштурулган. Аянты 1.044,5 миң км2. Калкы 27,04 миң (1990); көбү кыргыздар, андан башка орус, казак, татар, немец жана башкалар улууттар жашайт. Райондо 5 айыл совети, 22 кыштак, 5 совхоз, 2 колхоз, 5 токой чарба бар. Борбору — Покровка кыштагы.
Райондун аймагы Талас өрөөнүнүн Кыргыз Ала-Тоосу менен Эчкили-Тоо, Ак-Таш, Кызыл-Адыр тоолорунун аралыгында жаткан бөлүгүндө жайгашкан. Чарбасынын негизги тармагы айыл чарбасы, анын ичинде дыйканчылык өнүккөн. Райондун аймагында Киров суу сактагычы курулган. Райондо кесиптик-техникалык окуу жайы, 12 орто, 6 сегиз жылдык, 2 башталгыч мектеп, 1 спорт мектеби, 20 китепкана, турмуш-тиричилик комбинаты, 13 клуб бар. 3 оорукана, 2 бейтапкана, 11 фельдшер-акушердик пункт, санитария-эпидемиология станциясы иштейт. Райондук «Эмгек даңкы» гезити чыгат.
МАНАС-САН — топоним. Казакстан (Жамбыл обл-нын Георгиевка району) менен Кыргызстандын (Чүй облусундагы Кемин районун) ортосундагы суу. Чүй дарыясынын оң куймасы, Каштек тоосунан куралат. Жай айлары өзөндүн суусу толугу менен сугатка жумшалат. Сай, арыктан башка бул жердеги полиметалл кени да Манас ысмы менен аталат. Манас баатырдын атына байланыштуу.
«МАНАС» СЕКТОРУ —1940—48, 1956—89-ж. Кыргыз республикасынын ИАсынын Тил, адабият институтундагы «Манас» эпосу боюнча илим изилдөө иштерин жүргүзгөн илимий бөлүм, 1989жылдан «Манас» бөлүмү.
«МАНАС» СЕКЦИЯСЫ — Кыргызстан жазуучулар союзунун алдындагы «Манас» эпосу боюнча иш алып баруучу бөлүм, 1982жылдын 15-сентябрында Кыргызстан КП БКнын токтому менен ачылып, аткарчу милдети белгиленген: «Манас» эпосун («Манас», «Семетей», «Сейтек») кара сөзгө айландырып, кыргызча, орусча басып чыгаруу менен эпосту СССР элдерине жана башка чет элдерге кеңири таанытуу; орусча поэтикалык котормосунун төрт томдугун даярдоо. Бул иш-чаралар келечекте «Манастын» миң жылдыгын өткөрүүгө карата алдын ала каралган даярдык болмокчу. Эпостун «Манас» бөлүмүн кара сөзгө айландырууну жазуучу А. Жакыпбеков (1-китеби К. Жусупов менен бирге; к. «Манас») иш жүзүнө ашырды. М. с-нын ишин бир окумуштуу секретарь алып барат. Ал эпосту кара сөзгө айландыруучу жазуучулардын, орусча котормосун жүзөгө ашырып жаткан котормочулардын, сөзмө-сөз котормосун даярдоочу окумуштуулардын, кеңешчилердин ишин көзөмөлгө алат, багыттайт. Эпосту, манасчыларды пропагандалоону жүргүзөт.
М. Төлөмүшев
«МАНАС СЕРИЯЛАРЫ» — «Манас» эпосунун айрым эпизоддору боюнча түзүлгөн китепчелер. 1940—45-ж. белгилүү манасчылардын варианттарынан алынган айрым эпизоддордон он бир китепче кыргыз тилинде жарык көргөн: Манастын балалык чагы — Сагымбай Орозбак уулунун айтуусу боюнча басмага даярдаган Ыбырайым Абдыракманов (Фр., 1940), Алооке кан — Сагымбай Орозбак уулунун айтуусу боюнча басмага даярдаган Ы. Абдыракманов (Фр., 1941), Каныкейдин жомогу — Саякбай Карала уулунун айтуусу боюнча басмага даярдаган Ы. Абдыракманов (Фр., 1940), Каныкейдин Тайторуну чапканы — Саякбай Карала уулунун айтуусу боюнча басмага даярдаган Өмүркул Жакишев (Фр., 1941), Макел Дөө — Сагымбай Орозбак уулунун айтуусунда басмага даярдаган Ы. Абдыракманов (Фр., 1941), Манастын өлүмү — Саякбай Карала уулунун айтуусунда басмага даярдаган Ы. Абдыракманов (Фр., 1940), Манастагы элестер — мектеп жашындагы балдар үчүн, түзгөн — Кубанычбек Маликов (Фр., 1941), Семетейдин Букардан Таласка келиши — Тоголок Молдонун (Абдыракманов Байымбет) айтуусунда басмага даярдаган Ы. Абдыракманов (Фр., 1941), Үргөнч — Акмат Рысменде уулунун айтуусу боюнча басмага даярдаган Ы. Абдыракманов (Фр., 1941), Алгачкы айкаш (Чоң казаттан үзүндү) — Сагымбай Орозбак уулунун айтуусунда басмага даярдаган Жамий Бейшекеев (Фр., 1942), Майдан («Семетейден») — Тоголок Молдонун (Абдыракманов Байымбет) айтуусунда басмага даярдаган Ж. Бейшекеев (1942), Биринчи казат — Сагымбай Орозбак уулунун айтуусунда басмага даярдаган Калим Рахматуллин (Фр., 1944).
Ж. Сагынов
МАНАС-СУПА, Манастын чокусу, Кароол-Чоку — топоним. Кеңколдун сол жагында, Талас суусунан 1,5 км түндүктө жайгашкан, өзүнчө обочо турган бийик дөбө, чоку. Абсолюттук бийиктиги 1428 м. Сүйрүчө түспөлдө: түштүк түндүккө карай 450—500 м созулат. Айлана-чөйрөдөн 70—80 м-че өйдө көтөрүлүп турат. Үстү кичинекей, бир боз үйдүн ордуна жетпеген, тегиз супача. Бетеге, тулаң, көөдө жана башкалар жамынган чоку жазда, жайда көркүнө келет. Эл оозундагы уламышта, Манас бул чокуда кароол кармаган, айлана-чөйрөгө көз салдырган. Манастын күмбөзү дал ушул тоонун түштүк-батыш этегинде. Аны жергиликтүү эл М-с., Манастын чокусу, Кароол-Чоку деп айтат.
МАНАСТААНУУ — кыргыз фольклористикасынын «Манас» эпосун илимий негизде изилдөөчү бөлүмү. Эпосту илимий аңдап билүү 19-кылымдын экинчи жарымында (Ч. Валиханов. В. В. Радлов) башталганы менен илим катары 20-кылымдын 30-жылдарында калыптана баштаган (М. Ауэзов). М. негизинен үч багытта өнүгүүдө: «Манас» эпосун жыйноо (к. «Манасты» жыйноо); бастырып чыгаруу (к. «Манасты» бастыруу)-, эпосту ар тараптан илимий изилдөө (к. Манасты изилдөөнүн тарыхы). 1940-жылдарда «Манас» эпосун изилдөө чөйрөсү бир кыйла кеңиген. К. Рахматуллин, А. Н. Бернштам, С. М. Абрамзон, В. М. Жирмунский, М. И. Богданова, Ө. Жакишев, Ы. Абдыракманов жана башкалар окумуштуулардын изилдөөлөрү эпостун актуалдуу маселелерине арналган. 1950-жылдарда, айрыкча «Манас» эпосун изилдөөгө арналган илимий конференциядан (1952) кийин эпосту изилдөө боюнча маанилүү иштер аткарыла баштады. 1957-ж. Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтунда «Манас» секторунун уюшулушу менен эпос боюнча топтолгон материалдарды системага салуу, басмага даярдоо жана илимий изилдөө багытындагы иштер улантылган. «Манас» үчилтигинин курама вариантынын төрт китеби чыккан (к. китептер жөнүндөгү макалаларды: «Манас» (1), «Манас» (2), «Семетей», «Сейтек»), «Мажму ат-таварих» аттуу тажикче кол жазманын табылышы да «Манас» эпосунун тарыхын изилдөөгө баалуу материал болду. 1961-ж. орус тилинде «Кыргыздын баатырдык эпосу "Манас" деген жыйнактын (к. «Киргизский героический эпос "Манас"») жарыкка чыгышы М-нун өнүгүшүндө жаңы баскыч болгон. «Манас» изилдөөчүлөр Б. Керимжанова, С. Мусаев, М. Мамыров, 3. Мамытбеков, Э. Абдылдаев. Р. 3. Кыдырбаева, К. Кырбашев, А.Жайнакова, Ошондой Сооронов, Р. Сарыпбековдун, ошондой эле А. Маргуландын монографиялык эмгектеринде эпостун поэтикалык өзгөчөлүгү менен стили, түрк элдеринин эпостору менен эпикалык карым-катышы, типологиялык байланыштары, эпостун циклдик мүнөзү жана башкалар түйүндүү маселелер каралган. 1968-ж. “Манас” — кыргыз элинин баатырдык эпосу» (к. “Манас”— героический эпос киргизского народа») жыйнагынын чыгышы да М-дагы жакшы саамалык болгон. Е. М. Мелетинскийдин «Баатырдык эпостордун чыгышы» (1963), С. М. Абрамзондун «Кыргыздар» (1971) аттуу монографияларында жана «Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгынын тарыхынын очерки» (1973) аттуу эмгекте да «Манас» эпосуна арналган атайын бөлүмдөр бар. 1970—80-жылдарда да М. боюнча омоктуу изилдөөлөр жүргүзүлдү. Эпостун Сагымбай Орозбак уулунун («Манас», 4 том), Саякбай Карала уулунун («Манас», 2 том; «Семетей», 2 том; «Сейтек») варианттары боюнча китептери жарык көрдү. «Манас» эпосун генетикалык, поэтикалык аспектиде изилдеген бир докторлук, Юдон ашуун кандидаттык диссертация корголгон (к. Диссертация). Бул мезгилге чейинки «Манастын» ар кайсы маселелери изилденген эмгектерде эпостун айрым орчундуу проблемалары чечилгени менен алигиче тактала элек, болжолдуу маселелери дагы эле көп. «Манас» секторунун өзүнчө бөлүмгө (к. «Манас» бөлүмү) айланышы менен эпосту ар тараптан, комплекстүү изилдөө иши жолго коюлууда.
Э. Абдылдаев
«МАНАСТАГЫ ЭЛЕСТЕР» — «Манас» серияларынан жарык көргөн китепче (Фр., 1941). К. Маликов мектеп жашындагы балдар үчүн түзгөн. Бул китепченин өзгөчөлүгү ага топтоштурулган үзүндү материалдар өз доорунун жомокчуларын жакшы билген жана алардын варианттарындагы мурдатан салт катары айтылып келген артык үлгүлөрдү чыгармачылык менен өркүндөтө алган Тыныбек Жапый уулунун, Сагымбай Орозбак уулунун, Саякбай Карала уулунун, Тоголок Молдонун, Ыбырайым Абдыракман уулунун айткандарынан алынган. Бирок, «үзүндүлөрдү жомокчулар кандай айтса, ошондой коё бербестен бир канча жерлери адабияттык жагынан мүмкүн болушунча каралып жана иштелип чыкты» дейт түзүүчү. Текст араларынан редакторлук максат менен Манас баатыр, анын жакын жоокер адамдары, минген аты, урунган курал-жарагы жөнүндөгү мурдатан иштелип чыккан даяр, элестүү ыр саптарын, таасирдүү сүрөттөөлөрдү тандап, топтоп берген. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Манастын портрети, Аккуланын сын-сыпаты, Аккелте, Айбалта, Кылыч, Күрсү, Сырнайза, Манастын соот чапаны, жалгыз көздүү Макел дөөнүн сыпаты, Жолой, Коңурбайдын портрети, Мааникердин сын-сыпаты, Чубак баатырдын портрети жана Манастын Ак-Сайда ууда жүргөнү сүрөттөлөт. Саякбай Каралаевдин варианты нын жана Тоголок Молдонун варианты боюнча алп Кошойдун, акылман Бакайдын, атка жеңил, тайга чак, уйкусу жок, жолго сак Сыргактын, ошондой эле Тыныбек жомокчунун айтуусунда «Семетей» бөлүмүнөн Үргөнчкө жакын жердеги жер көрүнүшүнүн кооздугу түшүнүктүү, терең маанилүү ыр саптары аркылуу тартылып, окуучуларга өтө күчтүү таасир кылат. Ар бирөө бири-бирине окшобой берилген образдар жомокту окуганда көзгө тирүү адамдай көрүнөт. Жогорку идеяны көксөгөн оң каармандардын элестүү тартылган сырткы көрүнүшүнө жаш өспүрүмдөр жан тартып, ички сезимдери козголот. Тетирисинче, терс каармандардын портрети жөнүндөгү ырларды окуганда аларга наалат айткысы келип, жек көрүүчүлүк сезим пайда болот. Мектеп жашындагы балдар үчүн түзүлгөн бул китепченин таалим-тарбиялык таасири, эстетикалык күчү мына ушунда.
С. Алиев
МАНАС ТАШ, Манастын ташы — топоним. Кыргызстандын (Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району) аймагындагы тоонун боору, алыс сырт жер. Көөлү кырка тоосунун түндүк капталындагы жантайма бет. Көөлү суусунун оң (түштүк-чыгыш) өндүрү, Борду-Төрдөн (Көөлүнүн оң куймасы) өйдө, 3400—3600 м бийиктикте жаткан чакан аймак. Уз. (батыштан чыгышты карай) 3—4 км, туурасы 1,5 — 2 км. Топографиялык картада аймак «ур. Манастын ташы» деген жазуу менен берилген. Топонимдин тарыхы, этимологиясы изилдене элек.
«МАНАС» ТРИЛОГИЯСЫНДАГЫ ЭПИКАЛЫК ОКУЯЛАРДЫН СҮРӨТТӨЛҮШ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ» — О. Соороновдун монографиясы (Фр., 1981). Эмгекте Тоголок Молдодон жазылып алынган «Манастын» варианты иликтөөгө алынат. «Сөз башында» автор Тоголок Молдонун жалпы чыгармачылыгына мүнөздөмө берип, белгилүү жомокчулардын ичинен вариантын өз колу менен жазып калтырган биринчи манасчы экендигин көрсөтөт. Тоголок Молдонун кыргыз элинин классик акыны болуу менен бирге эпостун үч бөлүмүн тең айта билгендигин, вариантынын жогорку көркөмдүгүн белгилеп, аны чоң манасчылардын тобуна кошот. Китептин «Манас» бөлүмүндө Тоголок Молдонун варианты Сагымбай менен Саякбайдын варианттарына салыштырылат. Варианттын айрым мотивдери Сагымбайдын вариантына кыйла жакындыгы белгиленет. Ошондой эле автор Тоголок Молдонун «Семетей» бөлүмүн да кеңири талдоого алат. Жыйынтыктоочу бөлүгүндө «Сейтек» эпосуна кайрылып, эпоско байланыштуу айрым маселелер боюнча учкай кеп козгоп, анын айрым варианттары туурасында өз алдынча ой жүгүртөт. Ы. Кадыров. С. Карагулов
«МАНАСТЫ» БАСТЫРУУ. «Манас» эпосунун мазмуну менен окурмандарды тааныштыруу иретинде эпостун текстинин үзүндүлөрү, эпизоддору жарыяланып, китептери жарык көрүп жатат. «Манас» эпосунун алгачкы жарык көргөн китептери.
«Манас» эпосу тууралуу жазуу жүзүндөгү эң алгачкы маалымат «Мажму ат-таварихте» жолугат. 1856-ж. Ч. Валиханов тарабынан жазылып алынган «Көкөтөйдүн ашы» 1904-ж. «Жунгария очерктери» деген эмгегинде биринчи жолу орус тилинде басылып чыккан. «Көкөтөйдүн ашынын» факсимилесин 1973-ж. А. X. Маргулан жарыялаган. В. В. Радлов жазып алган үзүндүлөрдүн кыргызчасы Санкт-Петербургда, немисчеси Лейпцигде 1885-ж. жарык көргөн. 1911-жылы Д. Алмаши «Keleti Szemle» журналына «Манастын уулу Семетей менен коштошкону» деген чакан текстти жарыялаган.
1925-ж. Москвадан араб ариби менен Тыныбек жомокчунун айтуусунда «Семетей» эпосунан үзүндү жарык көргөн (басмага даярдаган жана баш сөзүн жазган Эшеналы Арабай уулу; көлөмү 3617 сап ыр). Бул — «Манас» эпосунун Совет доорунда жарык көргөн эң алгачкы тексти. 30-жылдардын аягында эпостун тексттеринин үзүндүлөрү, эпизоддору күндөлүк басма сөздө да жана өз алдынча китеп болуп жарыялана баштаган. Ал эми 1940—45-ж. «Манас» серияларынан төмөнкү китептер жарык көргөн: Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча «Манастын балалык чагы» (кара сөз аралаш, Фр., 1940, 132 б.), басмага Ы. Абдыракманов даярдаган; « Алооке хан» (Фр., 1941, 56 б.), басмага Ы. Абдыракманов даярдаган; Саякбай Каралаевдин варианты боюнча «Каныкейдин жомогу» (Фр., 1941,108 б.), басмага Ы. Абдыракманов даярдаган; «Каныкейдин Тайторуну чапканы» (Фр., 1941, 156 б.), редактору Ө. Жакишев; Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча «Макел дөө» (Фр., 1941, 64 6.), басмага даярдаган Ы. Абдыракманов; Саякбай Каралаевдин варианты боюнча «Манастын өлүмү» (Фр., 1941, 64 б.), басмага даярдаган Ы. Абдыракманов; «Манастагы элестер» (мектеп жашындагы балдар үчүн, Фр., 1941, 39 б.), түзгөн К. Маликов; ТМВ боюнча «Семетейдин Букардан Таласка келиши» (Фр., 1941, 56 б.), басмага даярдаган Ы. Абдыракманов; Акмат Рысмендеевдин варианты боюнча «Үргөнч» (Фр., 1941, 64 б.), басмага даярдаган Ы. Абдыракманов; Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча «Алгачкы айкаш» («Чоң казаттан» үзүндү, Фр., 1942, 98 б.), басмага даярдаган Ж. Бейшекеев; ТМВ боюнча «Майдан» («Семетейден» үзүндү, Фр., 1943, 63 б.), басмага даярдаган Ж. Бейшекеев; Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча «Биринчи казат» (Фр., 1944, 108 б.), басмага даярдаган К. Рахматуллин. Б. Юнусалиевдин жалпы редакторлугу астында эпостун курама вариантынын төрт томдугу жарык көргөн: «Манас» (1-китеп, Фр„ 1958), «Манас» (2-китеп, Фр„ 1958), басмага даярдаган К. Маликов; «Семетей» (Фр„ 1959), басмага даярдаган А. Токомбаев; «Сейтек» (Фр„ 1960), басмага даярдаган Т. Сыдыкбеков. «Манастын» Ч.Айтматовдун башкы редакторлугу астында 1978— 82-ж. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча төрт томдугу, 1984—91-ж. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча «Манас» (2 китеп), «Семетей» (2 китеп), «Сейтек» (1 китеп) китептери жарык көрдү. «СССР элдеринин эпосу» сериясынан Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча «Манастын» төрт китебин кыргыз, орус тилдеринде Москвадан басып чыгаруу пландаштырылган. 1984-жылдан бери үч тому чыкты. Ошондой эле «Манастын» айрым эпизоддору орус, жана башкалар элдердин тилдеринде которулуп басылып чыгып жатат: «Алмамбет и Алтынай», (М„ 1936, 168 б.), эркин которгон С. Клычков; ««Манас — киргизский эпос» («Великий поход», М„ 1946, 372 б.), которгон С. Липкин, Л. Пеньковский, М. Тарловский, редакциялаган Ө. Жакишев, Е. Мозольков, И. Сельвинский, К. Юдахин; «Манас» (эпостон эпизоддор, М„ 1960, 310 б.), которгон С. Липкин, Л. Пеньковский; «Алгачкы айкаш» (Алматы, 1942), которгон Куандык Жеми; курама варианттын 4 томдугу (Алматы, 1 — 2-китеби, 1962; 3—4китеби, 1963), «Көкөтөйдүн ашы» (Алматы, 1973, А. Маргуландын котормосунда) казак тилинде басмадан чыкты. Ошондой эле курама варианттын өзбекче 1—2—3-китеби (1964, 1966, 1968) Ташкенде жарык көрдү. «Манас» (1982) тажик тилинде да өзүнчө китеп болуп чыккан. Кызыл-суулук манасчы Жусуп Мамайдын айтуусунда эпостун бир нече китеби чыккан. Моңгол тилинде «Манас» 1989-ж. Улан-Батырда басылган. «Манастын» айрым эпизоддорунан үзүндүлөр француз, немец, англис, венгер тилдерине которулуп, басмадан чыгарылды. 1977-ж. профессор А. Т. Хатто Ч. Валиханов жазып алган «Көкөтөйдүн ашын» Англияда кыргызчасын латын арибинде жана англисче котормосу менен бастырып чыгарган.
К. Кырбашев
«МАНАСТЫ» ЖЫЙНОО — тиешелүү мекемелерде сактоо, иликтөө, жарыялоо максаты менен эпосту эл оозунан жазып алуу. Кыргыз жергесине келген окумуштуулардын көпчүлүгү кыргыз элинин үрп-адаты менен оозеки чыгармачылыгына, өзгөчө «Манас» эпосуна аябагандай кызыгышкан. «Манас» эпосу жөнүндө биринчи жолу «Мажму ат-таварихте» эскерилет.
Казак окумуштуусу Ч. Валиханов кыргыз жерине үч жолу келген (1856, 1857, 1858). Ал саякаттарында кыргыз элинин оозеки адабиятын, тарыхын, этнографиясын изилдеген. «Манас» эпосунан «Көкөтөйдүн ашы» эпизодун жазып алып, жарыялаган.
В. В. Радлов кыргыздарга үч жолу келип кеткен (1862, 1864, 1869). «Манас» эпопеясынын үч бөлүмүн тең жазып алып, 1885-ж. кыргызчасы орус алфавитинин транскрипциясы менен Санкт-Петербургда, немисчеси өзүнүн котормосунда Лейпцигде жарык көргөн. «Манас» эпосунун В. В. Радлов жазып алган текстинин жалпы көлөмү 12454 сап ыр, анын 9449 сабы «Манас» эпосуна, калган 3005 сабы «Семетей» менен «Сейтек» эпосуна таандык. 1925-ж. Москвадагы СССР элдеринин борбордук басмасынан «Семетейден бир бөлүм» (Тыныбек жомокчунуку) деген китеп араб ариби менен жарык көргөн. Китепти басмага Эшеналы Арабай уулу даярдап, ага баш сөз жазган. Чындыгында эле китептин тексти Тыныбектики болсо анда ал жомокчунун көзү тирүүсүндө (ал 1902-ж. өлгөн) жазылган болот. Тексттин качан, ким тарабынан жазылып алынганы да көрсөтүлбөгөн. Тыныбектин өзүнүн эскерүүсүндө 1898-ж. Нарын участковою «Манас», «Семетейди» жазып бер деп буюрганда «Семетейден» айрым үзүндүлөрдү жаздырып берген. Мүмкүн, китеп ошол тексттен алынып басылган болушу да ыктымал.
1903-ж. Орус географиялык коому тарабынан уюштурган илимий комплекстүү экспедиция менен кыргыз жергесине сүрөтчү Б. В. Смирнов, этнограф А. Г. Белинский келген. Б. В. Смирнов Чүй боорунда кыякчы жана жомокчу Кенже Карага жолугат. Кенже Каранын айтуусунда «Семетейден» үзүндү жазып, аны 1914-ж. кара сөз түрүндө орусча которот. да, «Түркстандын талааларында» аттуу китебине чыгарат. Жазылган үзүндүдө «Семетейдин Айчүрөктү издеп чыкканы» окуясы баяндалат. Смирнов Кенже Каранын үнүн фоножазууга да жазып алган.
Будапештте чыгуучу «Keleti Szemle» журналынын 1911-жылдагы 12-номерине мажар окумуштуусу Д. Алмаши «Манастын өлүмү», «Манас баатырдын уулу Семетей менен коштошкону» деген ат менен эпостон чакан үзүндү жарыялап, текстке түшүндүрмө берген. Жарыяланган үзүндү 73 сап ырдан турат. Окумуштуу үзүндүнү Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында, Нарынколдун аймагындагы кыргыздардан жазып алган. «М.» ж. иши совет доорунда гана кеңири колго алынды. «Манастын» текстин көркөм чыгарма катары таанып, жазып алууга киришкен алгачкылардын бири — Каюм Мифтаков. Ал 1922-ж. манасчы Сагымбайдын айтуусунда «Манас» эпосун кагаз бетине түшүрө баштап, бир нече гана барак жазып алган. К. Мифтаковдон кийин Сагымбайдан «Манасты» жазып алууну Ыбырайым Абдыракманов уланткан.
Ы. Абдыракмановдун «Манасты» жазып алууда жана аны тартипке келтирүүдө сиңирген эмгеги зор. Ы. Абдыракманов «Манасты» жазып алуу үчүн манасчынын жанында 1922-ж. жай айларынан баштап 1926-ж. августка чейин төрт жыл жүрүп, эпостун «Манас» бөлүгүн гана кагаз бетине түшүргөн (180378 сап).
30-жылдардын башында республикада атайын илимий мекеменин уюштурулушу, «Манасты» жазуу иши биринчи жолу илимий принципте жүргүзүлө баштаган. Ар кыл кесиптеги жана жаштагы, илимий деңгээли да ар кыл адамдар катышкан бул иштин жүрүшүндө республикадагы илимий деңгээлге байланыштуу көпчүлүк учурларда илимий принциптер сакталбай да калган.
Саякбай Карала уулунун айтуусунда эпосту толук жазып алуу ишин К. Жумабаев, Ы. Абдыракманов. Ж. Рисов жана К. Кыдырбаева 1930-жылдан 1947-ж. апрелге чейин ар кайсы учурларда ишке ашырышкан. Бул мезгилде манасчыдан 500553 сап ыр көлөмүндөгү материал кагаз бетине түшүрүлгөн («Манас» 84513, «Семетей» 316157, «Сейтек» 84697, «Кенен», «Алымсарык», «Кулансарык» 15186 сап ыр). 1935-ж. башталган Шапак Рысменде уулунан эпосту жазуу ишине О. Кыштообаев, К. Кыдырбаева, Т. Байжиев катышып, эпос толук жазылып алынган (46671 сап ыр). 1944—45-ж. С. Байсалов, А. Тайкүрөңов, Ы. Абдыракманов Молдобасан Мусулманкул уулунан эпостун бардык эпизоддорун кыскача жазышкан (57688 сап ыр). 1938—40-ж. Т. Абдыракунов, М. Багышев, И. Мусаев Ба гыш Сазан уулунун вариантын жазып алууну ишке ашырышкан (41140 сап ыр).
Шапак Рысменде уулунан Ыбырайым Абдыракман уулу «Манасты» жазып алууда, 1940.
1937 — 39-ж. Тоголок Молдо өз вариантын (48492 сап ыр) жазып, фондуга тапшырган. Ыбырайым Абдыракман уулунун вариантында эпостун бардык негизги окуялары кыска берилген (14380 сап ыр). 1960 — 70-жылдарда «Манас» секторунун кызматкерлери тарабынан Мамбет Чокмор уулунан эпостун үч бөлүмү тең жазылып алынган («Манас» бөлүмү 103090 сап ыр). Эпостун 2—3-бөлүмдөрү жана үч бөлүмдүн айрым эпизоддору көптөгөн айтуучулардан жазылып алынган. «Манасты» жазууда Тил жана адабият институту, анын тутумунда ар жылдары ар кандай наам менен иштеп келген «Манас» сектору (к. «Манас» бөлүмү) көп иш аткарган. «Манас» бөлүмүнүн кызматкерлери фольклордук экспедицияларга чыгышып, эпосту жыйноону улантышууда. «МАНАСТЫ» ИЗИЛДӨӨНҮН ТАРЫХЫ. Эпосту илимий изилдөө өткөн кылымдын экинчи жарымынан башталып, манастаануу илими калыптанып, өзүнө мүнөздүү өзгөчөлүктөргө ээ болду.
«Манас» эпосуна биринчи илимий пикир айтып, чыгарманын үзүндүлөрүн кагаз бетине түшүргөн адам Ч. Валиханов болгон. Окумуштуу «Манас» эпосунун салттык туруктуу окуяларынын бири «Көкөтөйдүн ашын» жазып алып, анын зор көркөм эстелик экендигин адилеттүү белгилеген. Чыгарманын биринчи бөлүгү менен таанышкан, «Семетейди» буруттардын «Одиссеясы» деп атап, «Манас» эпосу ногой дооруна таандык деп, эпостун жаралыш мезгили жөнүндө да алгач пикир айткан.
«Манас» эпосу менен кеңири таанышып, чыгарманын бардык окуяларын кагазга түшүрүүгө аракет жасап, кеңири илимий мүнөздө талдоо жүргүзүүгө ниеттенген белгилүү окумуштуу В. В. Радлов болгон. Эгер кыргыз жергесине Ч. Валиханов өткөн кылымдын 50-жылдарында келсе, В. В. Радлов 60-жылдары эки ирет болгон. В. В. Радлов жазып алган тексттер «Манас» эпосунун үч бөлүгүн камтыйт. Бул материалдар 1885-ж. окумуштуунун көп томдон турган «Түндүк түрк урууларынын элдик адабиятынын үлгүлөрү» аттуу көп томдуу эмгегинин 5-томуна кыргыз, немец тилдеринде жарыяланган. Ырас, текстти жазып алууда кыйынчылыктар болгондугун окумуштуу өзү эскерип кеткен, тексттеги мүчүлүштөр да буга күбө. Радлов жазып алган материалдын илимий баалуулугу бөтөнчө зор. Баш сөзүндө бир катар илимий пикирлерин билдирген. Кыргыздарда сөз өнөрү, анын ичинде баатырдык эпос өзгөчө өнүккөндүгүн, эпостун бир катар олуттуу өзгөчөлүктөрүн туура байкап, адилеттүү баа берген. «Манас» эпосунун өзгөчө касиеттерин кыргыз элинин тарыхый жашоо турмушу менен тыгыз байланышта карап, манасчылардын чыгармачылык өзгөчөлүктөрү, угуучу чөйрөнүн ролу өңдүү эпостун маанилүү маселелери боюнча айткан ой-пикирлери өзүнүн актуалдуулугун жоготкон жок.
Октябрь Революциясына чейин «Манас» эпосуна кайрылып, ал жөнүндө илимий пикир айткан дагы бир окумуштуу — Д. Алмаши. Ал 1911-ж. «Манас баатырдын уулу Семетей менен коштошкону» аттуу эпизодду журналга жарыялап, ага комментарий берген. Комментарийде «Манас» эпосунун айрым орчундуу жерлери, ыр түзүлүшү, окуялары жөнүндө сөз болот. Окумуштуунун эпос менен жалпы мүнөздө тааныштыгы байкалат. «Манас» эпосун зор маданий эстелик катары кеңири планда илимий изилдөө иши советтик доорго таандык. Профессор П. Фалев «Кара кыргыздардын былинасы кандай курулат» (1922) деген макаласында «Манас» эпосунун айрым көркөм өзгөчөлүктөрү жөнүндө сөз кылат. Фалевдин байкоолору В. В. Радлов жазып алган материалдардын негизинде жүргүзүлгөн. «Манас» эпосунун тексттин байыркы Күлтегиндин эстелигиндеги жазмалар менен салыштырып, алардан окшоштуктарды көрөт. «Манас» эпосуна арналган биринчи фундаменталдуу илимий эмгекти М. Ошондой Ауэзов жазган. Окумуштуу «Кыргыздын элдик баатырдык позмасы "Манас"» аттуу эмгегинде чыгарманын көптөгөн мүнөздүү өзгөчөлүктөрүнө илимий жагдайда терең талдоо берген. М. Ауэзов 20-жылдардан тартып өмүрүнүн акырына чейин «Манас» эпосуна кызыгып, ой-пикирлерин айтып, манасчылардын чыгармачылыгы, чыгарманын сюжеттик курамы, образдык тутуму, көркөм формасы өңдүү эпостун негизги маселелерин кеңири илимий талдоодон өткөргөн. Ошондой эле «Манас» эпосунун жаралыш доору жөнүндө да окумуштуунун эске ала турган салмактуу көз карашы бар.
«Манас» эпосун изилдөө боюнча чыккан китептер.
«Манас» эпосун илимий изилдөөдө К. Рахматуллиндин эмгектерин («Манасчылар», «Улуу патриот, укмуштуу Манас») эске албай коюуга болбойт. Окумуштуу манасчылар жөнүндө көп материал жыйнап, алардын чыгармачылык өзгөчөлүктөрү, бөтөнчө улуу манасчылар Сагымбай Орозбак уулу менен Саякбай Карала уулунун варианттары боюнча баалуу пикирлер айткан.
«Манас» эпосун илимий изилдөөдө бөтөнчө орун В. М. Жирмунскийге таандык. Ал өзүнүн «"Манас" эпосун изилдөөгө киришүү» («Введение в изучении "Манаса"») аттуу эмгегинде тарыхый салыштырып изилдөө методун колдонуп, «Манас» эпосунун көптөгөн проблемаларын жогорку илимий деңгээлде иликтеп чыккан. Бөтөнчө «Манас» эпосунда кеңири учурап, дүйнөлүк эпосто салтка айланган жомоктук-фантастикалык мотивдерди салыштырып иликтейт да, эпостун сюжеттик курамына, образдар тутумуна, көркөм каражаттарына илимий талдоо жүргүзөт. Ошондой эле «Манас» эпосунун мазмунунан үч негизги катмарды көрүп, эпостун жаралыш доору боюнча да илимий негиздеги пикирин айтат.
«Манас» эпосун изилдөөгө арналган ар түрдүү мүнөздөгү, мазмундагы миңден ашуун эмгек бар. Анын ичинде Б. М. Юнусалиев, Р. 3. Кыдырбаева, С. Мусаев, Э. Абдылдаев, Р. Сарыпбековдордун эмгектерин бөтөнчө бөлүп көрсөтүүгө болот. Көркөмдүк жактан иштелип чыгып, эпостун курамынан орун алган сюжеттер, образдар, тарыхый окуялар, фактылар, аларды көркөм сүрөттөөнүн принциптери, эпостун жаралыш доору өңдүү масштабдуу проблемалар бул окумуштуулардын эмгектеринде бир кыйла кеңири жана ар тараптан изилденген. Эпосту илимий изилдөөдө «Манас» изилдөөчүлөр жалпы мүнөздөгү маселелерден конкреттүү, эпостун идеалык-мазмунун аныктай турган башкы проблемаларга өтө башташты. К. Кырбашев, М. Мамыров, А. Жайнакова, С. Бегалиев өңдүү окумуштуулар эпосту илимий изилдөөгө өз салымдарын кошууда.
«Манас» эпосун башка тилдерге которуу маселесине байланыштуу илимий ой-пикирлер өз кезегинде белгилүү советтик окумуштуу, котормочу Е. Д. Поливанов тарабынан ийгиликтүү башталган. Бирок, бул маселе кийинки жылдары окумуштуулардын көз жаздымында калып келе жатат.
Эпостун кыргыз элинин тарыхы, этнографиясы менен болгон байланышын А. Н. Бернштам, С. М. Абрамзон өңдүү советтик белгилүү окумуштуулар изилдешкен. Белгилүү кыргыз тарыхчысы Ө. Караев бул маселеге белсенип киришип жатат. «Манас» эпосун илимий изилдөөдө чыгарманын тексттерин басмадан чыгаруу зор мааниге ээ. Ушул күндө «Манас» эпосунун негизги варианттары боюнча китептердин (Сагымбай Орозбаковдун варианты — «Манас», 4 том; Саякбай Каралаевдин варианты — «Манас», 2 том; «Семетей», 2 том; «Сейтек») чыгып бүтүшү чоң маанилүү иш болду. Бул иште башкы редактор катары Ч. Айтматовдун да эмгеги зор. «Манас» эпосун орус тилине которуу иши негизинен ийгиликтүү жүрүп, СССР Илимдер акдемиясынын демилгеси менен Москвадан «СССР элдеринин эпосу» сериясынан «Манас» эпосунун төрт томдугу (Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча) чыга баштады.
Ошентип, «Манас» эпосун илимий изилдөө тарыхы негизинен бир кылымдан ашуун мезгилди камтыйт. Бул мезгилде эпостун көптөгөн олуттуу маселелери илимий изилденди. Бир катар чет өлкөлөрдө (КЭР, АКШ, Англия, Түркия, Франция, Германия, Венгрия жана башкалар)
«Манас» эпосун изилдеп жүргөн илимпоздор бар. Тилекке каршы алардын эмгектеринин көпчүлүгү менен кыргыз окурмандары тааныш эмес.
«Манас» эпосун илимий изилдөөдө зор ийгиликтер бар болгону менен эпоско байланыштуу көптөгөн маселелер, проблемалар кеңири илимий изилдөөгө муктаж. «Манас» бөлүмүнүн түзүлүшү менен «Манас» эпосун ар тараптан комплекстүү изилдөө иши колго алынууда.
С. Бегалиев
«МАНАСТЫ» КОТОРУУ — «Манас» эпосун таанытуу жана пропагандалоо үчүн башка элдердин тилине которуу. Кыргыз элинин эпосторунун ичинен эң биринчи жазылып алынганы да, башка элдердин тилине эң алгач которулганы да «Манас» эпосу. Эпосту башка тилдерге которуу маселелерине байланыштуу илимий пикирлерди айтууну белгилүү окумуштуу, котормочу Е. Д. Поливанов баштап, омоктуу бир топ ойлорун айткан.
«Манас» эпосунун башка тилдерде алгач баяндалышы «Мажму ат-таварихке» байланыштуу. Ушул чыгармада эпостун айрым окуялары тажик тилинде берилген. «Манасты» жыйноо, жарыялоо иши сыяктуу эле, «М». к. да Ч. Ч. Валиханов менен В. В. Радловдон башталат. Эпостун В. Радлов жазып алган тексти өзүнүн котормосунда немисче 1885-ж. Лейпцигде жарык көргөн. 1856-ж. жазып алган «Көкөтөйдүн ашын» Ч. Валиханов 1904-ж. кара сөз түрүндө которуп, «Жунгария очерктеринде» жарыялаган. 1911-ж. Д. Алмаши Манастын уулу Семетей менен коштошкону» деген чыккан текстти Будапештте кыргызча-немисче жарыялаган. «Манасты» орус тилине которуу ишине 1930-жылдары көңүл бурула баштаган. Кыргыз АССР ЭКСтин 1935-ж. февралдагы токтомунда «Манас» эпосун кыргызча, орусча басып чыгаруу иши каралган. 1935—45-жылдары республикалык, союздук, ошондой эле башка республикалардын газета-журналдарына Е. Д. Поливанов, С. Клычков, М. Тарловский, С. Липкин, Ф. Ощакевич, Э. Беккер жана башкалардын котормосунда эпостун көптөгөн үзүндүлөрү жарыяланган. 1936-ж. С. Клычковдун котормосунда «Алмамбет и Алтынай», эпостун үзүндүлөрү 1941-ж. («Манас»), 1961-ж. («Манас») өзүнчө китеп болуп жарыкка чыккан. Ал эми 1946-ж. Москвадан ««Манас» киргизский эпос» («Великий поход») китебинин чыгышы республиканын маданий турмушундагы маанилүү окуя болгон (С. Липкин, Л. Пеньковский, М. Тарловский которгон). 1937-ж. Парижде чыгуучу «Еurope» журналына жарыялаган «Чоң казаттан» үзүндүнү француз тилине Б. Болиславская менен Ролан Мальро которгон. 1942-ж. Куандык Жеминин котормосунда Алматыда «Алгачкы айкаш» казакча чыккан. Эпостун айланасында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу 1940-жылдардын аягы ченде М. к. жана жарыялоо иши дымый түшкөн. Курама варианттын төрт томдугунун жарык көрүшү менен эпосту башка тилдерге которууга ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Эпостун Курама варианты боюнча төрт томдугу тең казакчага которулуп, жарыкка чыккан (1—2-китеби —1962, 3—4-китеби —1963, Алматы). Ч. Валиханов жазып алган «Көкөтөйдүн ашын» А. Маргулан казакча которуп, жарыяланган (1973). Курама вариантынын негизинде эпостун котормосунун өзбекче эки китеби чыккан (1 —1964, Миртемир которгон; 2 —1987, Султан Акбари Которгон; Ташкен). Тажикче Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Атхам Асламдын котормосунда жарык көргөн (1982, Дүйшөмбү). Ал эми «СССР элдеринин эпосу» сериясынан Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча «Манас» эпосунун төрт томдугунун кыргыз-орус тилдеринде чыга башташы «М» к-дагы зор маанилүү окуя болду.
Эпостун уйгур тилинде чыккан журналдарга (КЭР, Үрүмчү шаары) жарыяланган үзүндүлөрү: 1. «Тарим» журналындагы «Семетейден» үзүндү. 2. «Манас» эпосунун «Шинжаң» адабияты журналындагы үзүндүсү. 3. «Манас» эпосунун «Тарим» журналындагы үзүндү.
Эпосту чет тилдерге которуу иши да жанданууда. 1977-ж. А. Т. Хатто Ч. Валиханов жазып алган «Көкөтөйдүн ашын» кыргызча (латын ариби менен) жана англисче Англияда бастырып чыгарган. 1988-ж. Улан-Батордо эпос В. Энэбиштин котормосунда эпос моңгол тилинде өзүнчө китеп болуп чыккан. Чет өлкөлүк окумуштуулар, котормочулар «Манас» эпосуна көбүрөөк кызыгып, аны которууга ынтызарланып жатышат. Мисалы, Венгриялык түрколог Иштван Коңур Мандоки эпосту венгер тилине которуунун үстүндө иштеп жатат. Ошондой эле эпостун которулган үзүндүлөрү ар кандай газета-журналдарга, альманахтарга басылууда. Мисалы, Шинжаң Уйгур автоном областында (КЭР) уйгурча чыгуучу журналдарга Сыдык Аблимиттин котормосунда «Манас», «Семетейден» үзүндүлөр жарыяланган.
С. Мусаевдин «Эпос Манас» деген монографиясы орус, немис, англис тилдеринде бир китеп болуп жарык көргөн (Фр., 1986).
С. Төлөгөнова
«МАНАСТЫН БАЛАЛЫК ЧАГЫ» — «Манас» серияларынан ТМВ боюнча латын ариби менен жарык көргөн үзүндү китепче (Фр., 1940). Басмага Ыбырайым Абдыракманов даярдаган (кара сөз аралаш). Манастын ата-энесинин карыганча балалуу болбой жүргөндөгү муң-зары, Жакып менен аялдарынын көргөн түштөрү, Бакдөөлөттүн түшү, Манастын туулушу, туулгандагы тою, ат коюлушу, Жакып Манасты койчулукка бергени кыскача баяндалат. Манастын биринчи жолу Алтайдагы калмактардын зордугуна каршы чыгышы, Нескара Манасты кармап алам деп барып жеңилип, качышы, уйгур кандарынын жиберген баатырларын Манас жарым жан кылып жибериши, Эсенкан экинчи жолу жиберген Нуукер дөөнүн Манастан өлүшү, Манастын кан болушу жөнүндөгү эпизоддорду камтыйт.
МАНАСТЫН ВАРНАНТТАРЫ — эпостун текстиндеги аткаруу-айтуу процессинде учуроочу түрдүү деңгээлдеги айырмачылык, чыгарманын оозеки жашоосуна байланыштуу ыр саптарындагы, окуялардагы алымча-кошумчалардын негизинде пайда болгон көп нускалуулук. «Манас» зор көлөмдүү, узак убакыт ооз жүзүндө гана жашап келген чыгарма болгондуктан анда өзгөрүүсүз сакталган (канондук) текст жок. Мазмуну, ыр саптары устаттан шакиртке, бир муундан экинчисине өткөндө, ал түгүл бир эле манасчы эпосту улам кайталап аткарганда өзгөрүүлөргө учураган. Шартка, түрдүү себептерге ылайык өзгөрүүлөрдүн деңгээли, мүнөзү да түрдүүчө болот. Ушундан келип эпостун варианттары жаралат. «Вариант» деген сөздүн терминдик жалпы мааниси бир нерсенин башка, өзгөргөн түрү дегенди туюнтат (к. Вариант).
«Вариант» термини адабият таанууда эки мааниде колдонулат. Кеңири планда — чыгарманын автографынын көчүрмөлөрүндөгү, басмадан чыккан тексттердеги өзгөчөлүктөр. Тар маанисинде адабият таануу илиминин түрдүү тармактарында спецификалык өзгөчөлүктөрү менен пайдаланылат. Фольклористикада айтуучу чыгарманы ар бир аткаргандагы текст вариант болуп түшүндүрүлөт. Анткени, оозеки чыгармалар, айрыкча көлөмдүүлөрү ар башка айтуучу аткарганда эле эмес, бир эле чыгарманы бир эле адам аткарганда да көптөгөн себептердин натыйжасында (мурда айтып жүргөндөрүнө чыгармачылык жаңы табылганы кошуу, бул же тигил деталдын эстен чыгып калышы, угуучулардын каалоосуна ыңгайлашуу, ошол учурда айтуучунун психологиялык, физиологиялык абалы жана башкалар) ар кандай өзгөрүүлөргө учурашы мүмкүн. Манасчылардын кимиси болсо да өзүнүн вариантын эч өзгөрүүсүз сөзмө-сөз кайта айтпайт, бул мүмкүн да эмес. Ал түгүл чоң-чоң окуялардын орун алмашуусу, кеңири белгилүү окуялардын биринде кенен, экинчисинде алда канча кыска айтылышы, айрым сүрөттөөлөрдүн, окуялардын айтылбай калышы да мүмкүн. Мисалы, Алгач Саякбай Карала уулу «Көкөтөйдүн ашын» «Семетейдин» окуяларынын арасында айтып берген, ал эми 1968-ж. эпостун бардык бөлүмдөрүнүн окуяларын ирети менен бүт магнитофон тасмасына жаздырганда бул эпизодду «Манастын» окуяларынын арасында — өзүнүн логикалык ордунда айткан. Бир эле окуяны же сүрөттөөнү кайталап айткан учурда ыр саптары сөзмө-сөз дал келбейт:
Мына ошондо Тору айгыр
Чакчалакей чаң болуп,
Көчүгүнөн быягы
Кызыл челек кан болуп,
Көкүлүн көккө зыргытып,
Туягын жерге мылгытып,
Өзүң көргөн Тору айгыр
Айтайын десе тили жок,
Айгайды салганы,
Атаңдын көрү дүнүйө,
Калдай уулу капырга —
Кан Коңурбай баатырга
Дарбазалуу коргонго
Каны туткан ордого
Качып кирип Тору айгыр
Жайдак качып барганы.
Айтайын десе тили жок,
Жышаналайт Тору айгыр
Ошондо кабар салганы (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 4074инв., 98-99-б.).
Ушул эле эпизод кайра кайталап айтканда:
Көкүлүн көккө зыргытып,
Туягын жерге мылгытып,
Мына ошондо Карагул,
Карагулдун Тору айгыр
Карасаат мына бул,
Бөксө менен желиптир,
Калдай уулу капырга
Кан Коңурбай баатырга,
Дарбазалуу коргонго,
Бүтүп аткан ордого,
Жолборсу он беш төлдөгөн,
Жолоп адам келбеген,
Бел байлаган бегине,
Бекип жаткан жерине,
Кумурскадай кайнаган
Куу кытайдын элине,
Атаңдын көрү дүнүйө,
Барса келбес Бээжиндин
Балаңдынын жолунан
Тору айгыр качып барды эми,
Карагулдун колунан.
Мына ошондо Тору айгыр
Көкүлүн көккө зыргытып,
Туягын жерге мылгытып,
Бээжинди көргөн эмедей
Бөксөлөп ичин тарткылап,
Кара жерди каккылап,
Өзүң көргөн Тору айгыр
Барган экен кысталак. К
ошкуруп курсак тарткылап,
Атаңдын көрү дүйнө күн
Окуранып алыптыр,
О, долуга Тору айгыр кабар салыптыр (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 4074-инв., 1-2-б.).
Үзүндүлөрдө бир эле окуя баяндалганы менен эки текстте сөзмө-сөз кайталанган айрым бир саптарынын бар экендигине карабастан экинчи текст биринчинин сөзмө-сөз кайталанышы эмес, анын варианты деш жөндүү. Тексттерден көрүнүп тургандай ыр саптарынын саны (19—33) да, алардагы маалыматтарда да айырма бар. Ал эми бир манасчы түзгөн вариантты экинчи адам өздөштүргөндө учураган түрдүү айырмачылыктар жана көлөмдөрүнүн бирдей эместиги табигый көрүнүш. «Манастын» ар кандай айырмачылыктар менен айтылары, көркөмдүк деңгээли, эстетикалык таасирдүүлүгү ар бир манасчыда ар башка экендигинде, айтуучунун жеке салымынын барлыгы айрым учурда чечүүчү мааниге да ээ болушу мүмкүн экендиги белгилүү. Буга бул же тигил варианттын аны жараткан жана айткан инсандын аты менен байланыштырылып аталышы да күбө (Сагымбайдын «Манасы», Саякбайдын «Манасы» жана башкалар). Варианттын мындайча айтылышы эпос ушул адамдын жеке чыгармасы дегендик эмес, эпостун көптөгөн варианттары бар экендигин белгилөөнүн өз алдынча көрүнүшү.
Манасчылардын чыгармачылык өзгөчөлүктөрүнө ылайык жомоктун варианттары эки багытта — айтуучунун эркинен сырткары жана анын каалоосу боюнча түзүлөт. Биринчисин ыр саптарын бүт эмес, окуялардын нугун, мазмундун негизин түзгөн салттык туруктуу эпизоддорду гана кабылдап, өздөштүрүп, мурдатан кеңири белгилүү айрым элестүү даяр ыр саптарын кенен пайдаланып, чыгарманы өз сөзү менен бере турганын, башкача айтканда дээрлик жаңы деп айтууга да боло турган чыгарма жаратарын айтышат. Башка-башка айтуучулар турмак бир эле айтуучу эпосту кайталап айткан сайын «жаңы» текст жаратарын белгилеп, В. В. Радлов чыгарманын түрдүү варианттарын кагаз бетине түшүрүүнүн зарылдыгы жок деп эсептеген. Чыгарманын мазмунунун кеңейишинде, өнүгүшүндө, көркөмдүгүнүн жогорулашында эпостун варианттарынын активдүү жаралуу ыгынын мааниси чоң экендиги түшүнүктүү. Ошондой эле бул ык чыныгы жана чоң манасчылардын чыгармачылыгына мүнөздүү.
«Манас» эпосунун негизги бөлүмдөрүнүн кагаз бетине түшүрүлгөн жетимишке жакын варианты белгилүү (буга кызыл-суулук, оогандык жана башкалар жерлердеги кыргыздардан чогултулган материалдардын так саны белгисиз болгондуктан, кошулган жок). Жомоктун улам жаңы үлгүлөрүн жыйноо иши дагы эле улантылууда.
«М.» в-нын көлөмү, мазмундук, формалык касиеттери, көркөмдүк деңгээли бир кылка эмес. Бири-биринен орчундуу айырмачылыктарга ээ варианттар да, көп белгилери боюнча жакын тургандары да, бир эле окуянын айрым өзгөчөлүктөр менен айтылышы да, ошондой эле чыгарманын толук сюжетинин варианттары да кезигет. Ошондуктан, аларды чыгарманын варианттары жана эпостогу айрым окуялардын варианттары деп негизинен эки топко бөлүп кароо жөн. Чыгарманын бардык негизги окуяларын камтыган толук кандуу варианттар чыныгы же чоң манасчылар тарабынан түзүлөт, ал эми окуялардын варианттары негизинен үйрөнчүк же чала манасчыларга таандык.
Эпостун окуяларынын варианттары, адатта, аны жаратуунун пассивдүү ыгы аркылуу пайда болот. Түп нускалык милдет аткарган текстти жаттоо жолу менен жүзөгө ашырылуучу мындай иштин алгачкы учурларында эки текстте дээрлик айырма да жок болушу мүмкүн. Эпизодду жаттап алып аткарып жүргөн үйрөнчүк манасчы болсо, кийин өз вариантын түзгөндө жаттап алган тексттерди ошол боюнча же өзгөртүүлөрү менен өз репертуарына киргизип, эпостун башка окуяларынын катарында айтып калат. Ал эми чала манасчыларда болсо адеп жаттаган текст негизинен ошол бойдон сакталып чыгарманын башка окуялары менен байланыштырылбай, үзүндү түрүндө аткарылат. Мындай учурда варианттык белгилер текст узак убакыт бою кайталанып аткарылуу процессинде тактоо, башкалардан уккандарынын өзү мыкты деп эсептеген үлгүлөрүн репертуарындагы текстке кошумчалоого аракеттенишинин натыйжасында жаралышы мүмкүн.
Эл арасындагы жана эпос изилдөөчүлөрдө кабыл алынган салт боюнча «М.» в. дегенде негизинен эпостун окуялары толук, көрүнүктүү айтуучулар түзүп жана аткарып жүргөн үлгүлөрү түшүнүлөт. Буга эпостун биринчи бөлүмүнүн Сагымбай Орозбак уулу, Саякбай Карала уулу, Шапак Рысменде уулу, Тоголок Молдо (Байымбет Абдыракман уулу), Багыш Сазан уулу, Молдобасан Мусулманкул уулу, Ыбырай Абдыракман уулу, Мамбет Чокмор уулу тарабынан түзүлгөн, «Семетей», «Сейтектин» Саякбай Карала уулу, Жаңыбай Кожек уулу, Молдобасан Мусулманкул уулу, Багыш Сазан уулу, Жакшылык Сарык уулу, Мамбет Чокмор уулу, Акмат Рысменде уулу, Актан Тыныбек уулу жана башкалар жараткан варианттарын кошууга болот.
«Манастын» түрдүү варианттарын бириктирип, алардын бир чыгарма экенин билдирип турган маанилүү белгилердин эң башкыларынын бири — чыгармадагы негизги окуялар, алардын өнүгүшү, жалпы сюжеттик нуктагы орду. Эпостун бул белгилери илимий эмгектерде эпостун туруктуу өзөк окуялары жана алардын салттык өнүгүш жолу деп аталат. «Манас» эпосунун туруктуу өзөк окуялары дегенде бардык варианттарда жолугуучу салттык эпизоддор түшүнүлөт. Бардык манасчыларга таандык сюжеттик бир канва да, эпостун идеялык багыты да ушул өзөк, уютку окуяларга карата белгиленет жана чыгармада чагылдырылган доордун мүнөзү да ушул өзөк окуяларга ылайык аныкталат. Бардык негизги варианттарга мүнөздүү өзөк окуялар: күчтүү душман тарабынан кыргыздардын чабылышы; баатырдын төрөлүшү жана бала чагы, алгачкы эрдиктери; ата журтту баскынчылардан бошотуу, Алтайдагы кыргыздардын Ала-Тоого кайра келиши; Шоорук, Алооке окуялары; Манастын Каныкейге үйлөнүшү; Көзкамандар окуясы; Алмамбеттин тарыхы; Көкөтөйдүн ашы; Чоң казат; Манастын өлүмү жана ага күмбөз салдыруу (к. «Манастын» сюжетиндеги туруктуу өзөк окуялары) жатат. Бул өзөк окуялардын берилиш ыгы, ар бир окуянын орду туруктуу. Айрым учурларда гана окуялар орун алмашып кеткен же айрым эпизоддор өз ордунда эмес башка бөлүмдө айтылып калган учурлар болот. Мисалы, Сагымбайда Алмамбеттин тарыхы өз алдынча чоң окуя катары Манас Каныкейге үйлөнгөнгө чейин айтылса, Саякбайда Чоң казат учурунда Алмамбеттин өзүнүн эскерүүсү түрүндө берилет. Туруктуу эпизоддордун берилиш системасындагы мындай айрым бузулууларды кандайдыр себептердин натыйжасы катары кароо зарыл. Чындыгында чыгармадагы окуялар системасы туруктуу, ар бир манасчы аны каалагандай өзгөртө берүүгө акысыз, тескерисинче, мурдатан кабыл алынган нукту сактоого милдеттүү. Ар бир чоң эпизоддун өз орду бар, алардын ирети так сакталууга тийиш. Бул факт «Манастын» калыптанып бүткөн, бардык окуялары бир композициялык бүтүндүккө бириктирилген чыгарма экендигин айгинелейт. Ар бир манасчыда өзөк окуялар ички мазмуну, деталдык белгилери менен айырмаланат. Бир манасчы бул же тигил эпизодду кенен, майда деталдарына чейин айтса, экинчиси өтө кыскартылган түрдө берет, ал эми үчүнчү айтуучу, аны такыр эле айтпашы ыктымал. Ушул белгилерге карай манасчылардын мектептик өзгөчөлүгү аныкталат. Окуялардын өнүгүш жолу, жалпы нугу, ички мазмуну жактан бири-бирине алда канча жакын турган айтуучулар бир мектептин өкүлдөрү катары эсептелет (к. Манасчылар мектеби).
Адатта, ар бир жаңы вариант негизинен даяр сюжетти өздөштүрүп, окуяларды өз сөзү менен айтып берүү аркылуу жаралгандыктан манасчынын өзгөчөлүгүн белгилөөдө чыгарманын көркөмдүк касиеттери чоң мааниге ээ. Бирок, манасчынын жеке өзүнө таандык белгилер, өзгөчөлүктөр менен катар эле айтуучулардын көптөгөн муундарынын табылгалары болгон, жалпыга туруктуу салттык мүнөзгө ээ белгилер да аз эмес. Сюжет куруу, образдар системасы, окуяларды берүүнүн ыгы сыяктуу белгилерден башка, көптөгөн манасчылардын варианттарында жолугуучу сөзмө-сөз окшош, элестүү ыр саптары, сүрөттөөлөр, баяндоолор, портреттик мүнөздөмөлөр жана башкалар да бар. Андай туруктуу ыр түрмөктөрү бир муундун өкүлдөрү болгон, бири-бирин билген аралашкан манасчылардын гана эмес, бирин-бири такыр көрүшпөгөн атүгүл башка муундун өкүлдөрү болуп, ар башка тарыхый шартта жашаган манасчылардын варианттарында да кеңири жолугат. Мисалы, «Манастын» В. В. Радлов жазып алган варианттарындагы:
Кара жерге кар жааса
Карды көрсөң этин көр,
Карлуу жерге кан тамса
Канды көр да бетин көр (Радлов жазып алган вариант, 389)
деген ыр саптары Саякбай Каралаевдин варианты нда төмөнкүдөй айтылат:
Кара жерге кар жааса
Карды көр да, этин көр,
Кар бетине кан тамса
Канды көр да бетин көр (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 540- инв., 1873-б.).
Бул өңдүү бирдей ыр саптары манасчылардын ар биринде бар. Мында эпостун муундан-муунга өтүү процессиндеги туруктуулук касиетинин белгилери жатат.
Эпостун бир чыгарма экендигин белгилеп турган анын негизги варианттарынын дээрлик баарында жолугуучу көрүнүштөрдүн катарына көркөм ыктар менен көркөм каражаттардын салттык түрлөрү да жатат. Аларды кеңири пайдалануу варианттын өзгөчөлүгүн жокко чыгарбайт, баасын төмөндөтпөйт, тескерисинче айтуучунун дараметин, талантын белгилеп турат.
Эпостогу салттык көрүнүштөрдү кандай пайдалангандыгы, чыгарманы кандай жаңы табылгалар менен байыта алгандыгы манасчылардын талантынын, аракеттенүүлөрүнүн деңгээли менен шартталат.
«Манастын» негизги варианттарынын ичинен чоң манасчылар Сагымбай Орозбак уулу менен Саякбай Карала уулунан жазылып алынган тексттер башка варианттарда материалдарынын толуктугу жана өзгөчө кеңири планда айтылышы, көркөмдүк деңгээлинин жогорулугу менен айырмаланып, ошондой эле эки вариант бири-биринен окуяларынын өнүгүшү, сюжеттик курулушу жана башкалар белгилери боюнча орчундуу өзгөчөлүктөргө ээ болгондуктан алардын маанисин белгилеп варианттарынын ичинен алган ордун атайылап көрсөтүү, элдин көңүлүн буруу максатында айрым эпос изилдөөчүлөр (М. Ауэзов, В. Жирмунский жана башкалар) ушул эки вариантка карата вариант менен катар эле «версия» терминин колдонушат.
Версия (лат. versio — түрүн өзгөртүү, бурулуш) — бир фактынын, окуянын бири-биринен айырмаланып, ар башка баяндалышы. Версия варианттан айырмаланып бир булак, бир негизге таянган материалдардын бири-биринен бир топ өзгөчө орчундуу белгилер аркылуу айырмалана тургандыгын туюнтат. Муну эске алганда «Манастын» түрдүү мектептин өкүлдөрү айткан үлгүлөрүн «версия» деп атоонун жөнү да бар, демек окумуштуулардын эпостун эки башка мектепке жата турган өкүлдөрүнө таандык материалдар жөнүндө сөз болгондо вариант менен катар «версиянын» да колдонулушу талапка ылайык.
С. Мусаев
«МАНАСТЫН» ГЕОГРАФИЯСЫ — көп пландуу терең мазмуну, көркөмдүк кудурети менен бирге, «Манас» эпосу өзүнүн түркүн маалыматтуулугу менен айырмаланат. Татаал көркөм сюжет, ар кыл окуялар эпостун башынан аягына чейин жаратылыш кубулуштары, дүйнөнүн көрүнүштөрү, элдердин карым-катышы, конкреттүү географиялык кырдаал менен айкалышып жүрүп олтурат. Географиялык маалымат — номенклатура (топонимия), термин, баян, мүнөздөмө, түшүнүк эпостун бүт тулкуна сиңип, коюн-колтугуна чейин тарап, анын организминин ажырагыс мүчөсүнө айланган. Географиялык маалыматтын мынча кеңири терең таркашы, «Манастын» географиясы деген атайын түшүнүктү пайда кылат. Эпостогу сюжет, окуялардын дааналыгы, реалдуулугу айрым өлкө, жер-суу, эл-журтка байланышы географиялуулуктун негизинде жетилген. «Манастын» тарыхтуулугу да белгилүү өлчөмдө географиялуулукка келип такалат.
Эпостун эпикалык географиясынын диапазону өтө зор. Ал кеңири аймакты — бүт Евразия материгин дээрлик өз кучагына алат. Байыркы кыргыз журтчулугунун географиялык маалымдуулугу (кругозору) чыгышта — Ыраакы Чыгышты «торогон» мифтик Көйкап тоолорунан тартып, батышта — Орол, Эдил, Кырым, Урум аркылуу жомоктук өлкөлөр — Желпиниш, Жеткайтка чейин созулган. Жетиген тарапта биздин бабаларыбыздын түшүнүгү Буурул түн аймагына, күн жүрүш жакта Тебит (Тибет); Ымалай (Гималай), Ындыстан (Индия), Меке, Мысыр (Египет), Магрипке (Түндүк-батыш Африка өлкөлөрү) чейин жеткен. Өтө белгилүү географиялык мейкиндиктин чордонун Казакстан, Алтай, Кытай, Орто Азия, Чыгыш Түркстандын ортосу түзгөн. Географиялык маалыматтардын экинчи, регионалдык жагы да өзүнүн так, дааналыгы, айрым, аймак, жер-сууну жана башкалар өтө кооз сүрөттөшү мүнөздүү. Түрдүү өлкө, эл-жерлер менен катар, эпосто Ала-Тоо аймагы, кыргыз эли, Талас, Чүй, Алай жана башкалар кыргыз жерлери да сүрөттөлөт.
Эпостун географиялык маалымдуулугун үчилтиктеги көп сандаган энчилүү аттар айкындап турат. Жалаң Сагымбайдын варианты боюнча жарык көргөн «Манастын» төрт томдугунда (1978—1982) 532 топоним (кайталануучу аттар менен бул сан алдаганча көбөйөт) кезигет. Географиялык, жалпы эле дастандын маалыматтуулугун арттырган дагы бир маанилүү көрүнүш — андагы илгерки, эл, уруу жана башкалар этностор жөнүндөгү даректер. Сагымбайдын вариантында 113 этностун аты аталат. Залкар илимпоз Махмуд Кашгаринин «Түрк тилдеринин сөздүгүндө» (11-к.) мындай 73 ысым эскерилген.
Эпостун географиялуулугу анын фактологиялыгы (түрдүү даректердин көптүгү), маалыматтуулугу алардын так, дааналыгы менен мүнөздөлөт. Географиялык маалыматтар эпосто эки түркүмгө бөлүнөт. Бири жалпы географиялык, жаратылыштын айрым компоненттери жөнүндөгү дарек, түшүнүктөр. Экинчиси — регионалдык жана локалдык (жалпысынан аймактык) мүнөздөгү маалыматтар, айрым ландшафттардын, кооз жерлердин көркөм сүрөттөлүшү.
Жалпы географиялык түшүнүктөр айрым космогониялык даректерди, жаратылыштын кубулуштарын, жер бетинин, климат, суу, өсүмдүк, жаныбарлар дүйнөсүнүн өзгөчөлүгүн, өзгөрүшүн, таркашын чагылдырат. «Манаста»:
Тоо бузулуп сай болду,
Сай козголуп тоо болду.
Аты калып өзү жок, А
р канча деңиз жоголду.
Элүү жылда эл жаңы,
Жүз жылда болуп жер жаңы (Курама варианты, 1. 2— 3),
— деп дүйнөдөгүнүн баары кыймылда, өзгөрүштө деген философиялык аксиоманы айкындайт. Ушул эле идея «Семетейде» дагы терең кеңири чагылдырылат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 3—4). Мындай географиялык маалыматтардын (жалаң топонимдер жүзгө жакын) арбын кезигиши түшүнүктүү.
Ушундай эле маалыматтардын ичинде элдердин чарбачылыгы, жол катнаштары, соода-сатыгы жана башкалар карым-катнаштары жөнүндөгү даректер «Манас» үчилтигинин ар бир бөлүгүнөн жолугат. Кыргыздардын илгертен бери эле жерге, малга, жайытка болгон мамилеси, аларды ылгап, кылдаттык менен пайдалануу жагы да унутта калбаган. Жол катнаштары, кошундардын жүргөн жерлери, өткөн ашуулары же ооруктардын орду эпосто дээрлик даана чагылдырылган. Андан кыргыздардын Алтайды карай көчүшү, ал жактан кайра кайтышы, Бокмурундун Ташкен тараптан Каркыраны көздөй жөнөгөн кошунунун маршруттары көбү азыркы кездеги географиялык реалиялар менен дал келет.
Эпостогу географиялык маалымдуулуктун негизин элдик географиялык терминдер түзөт. Лексикалык мааниси терең эски нукура терминдер «Манаста» өтө арбын. Өзгөчө топонимдердин маңызын талдоо үчүн алардын ролу зор. Баар, биябан, кесенде жана башка өтө сейрек учуроочу тарыхый географиялык терминдерге кирет.
Конкреттүү реалдуулугуна карабастан эпостогу географиялык маалыматтар эпос үчүн жеткиликтүү илимий негиз, толук тарыхый дарек боло албайт. Алар өзүнүн эпикалык мүнөзүндө кала берет. Бирок, эпикалык география белгилүү өлчөмдө дастанга тарыхый-географиялык негиз болушу ыктымал. Анткени, айтылып жаткан маалыматтар баары бир тарыхый географияга таандык. Эпосто кезигүүчү бир кыйла топонимдер (Алай, Алтай, Арабанты Артыш, Орхон, Гоби-Шаму, Көкө-Ноор, Кабакарт, Талас, Ашмара жана башкалар) тарыхый аталыштар. Алар тарыхта ошондой кылымдардын алгачкы мезгилинен бери белгилүү. Кыргызстандын аймагында деп эсептелген эпостук аттар да бери дегенде 17 — 18-кылымдан бери маалым болгон онимдер. Керме-Тоо, Кер-Көл, Кебез-Тоо, ОполТоо дагы ушул сыяктуулар эл оозунда илгертен айтылып келаткан жерлер.
Улуу эпостун географиялуулугу өтө жогору баалоого татыктуу. Ал «Манастын» кол жеткис бийиктигинин бири. Анын өз заманында мындай жогорку даражага жетишин илгерки бабаларыбыздын убагындагы маданий деңгээли, рухий дүйнөсүнүн байлыгы, географиялык түшүнүгүнүн кеңдиги менен, эл-журтубуздун дүйнөнүн чар тарабы менен болгон карым катышы аркылуу түшүндүрүү негиздүү көрүнөт.
С. Өмүрзаков
МАНАСТЫН ЖЕЛЕСИ — уламыш боюнча Манас баатыр бээ байлатып, желе тартып, түштөнүп өткөн жер. Талас районунундагы «Коммунизм» колхозунун аймагында (Арал айылынын тушунда). Желени жыйып кеткенде мамылары менен каккан казыктары бүрдөп, өсүп, кучак жеткис талга айланган.
МАНАСТЫН ЖЕЛЕСИ — Манас жана анын кырк чоросу ат байлаган жер. Токтогул районунундагы Желе-Терек кыштагында (Фрунзе атындагы к-з). Элдик уламыш боюнча бул жерде Манас кырк чоросу менен Анжыян тарапка өтүп баратып эс алчу экен.
МАНАСТЫН КАБЫРЫ — Тажик ССРинин, Гарм районунундагы Хаит кыштагынын жанындагы тоонун чокусундагы мүрзө сыяктуу дөбөчө. Жергиликтүү калк Манастын сөөгү ушул жерге коюлган, мүрзөсү ушул деген аңыз менен М. к. деп атайт. Кабырдын узундугу 9 кадам, туурасы 3—3,5 кадам, тегерегине кыдырата таш тизилген.
МАНАСТЫН КАЙРАГЫ — бир четинде «боо өткөргөн жери» деген тешиги бар чоң кайрак таш. Аксы районунундагы Жазы-Кечүү кыштагынан Бел-Мончок дабанынын наркы бетинде. Бул ташты эл ыйык тутуп, атам замандан бери бычактарын кайрап курчутуп жүрүшкөндүктөн анын эки капталы жешиле баштаган.
МАНАСТЫН КАН ОРДОСУ — Нарын жана Ат-Башы өрөөндөрүнүн ортосунда созулуп жаткан Кошойдун кара тоосунун эң бийик жери Кошойдун чокусундагы кенен, тегиз аянтча. Бул жерде Манас баатыр кырк чоросу менен Кошой аксакалга келгенде ар дайым ордо ойноп кетүүчү экен. Эл оозунда ушул ордодон Манас баатыр черткен чүкө Турпан жактан өтүп бара жаткан кербендердин төөлөрүнүн шыйрагын талкалап кеткен экен деп айтылат.
МАНАСТЫН КҮМБӨЗҮ — ошондой кылымга (14-к.) таандык архитектуралык эстелик. Эпос жана эл ичиндеги уламыш боюнча баатырды эскерип жүрүш үчүн бейитине анын жары Каныкей атайын тургузган көрөсөндүү курулуш. Ал ушул кезге чейин сакталган. 1893-жылда орустун белгилүү изилдөөчүсү академик В. В. Бартольддун Орто Азияга жасаган илимий саякаты жана 1895-ж. Ташкен шаарындагы археология ышкыбоздордун Түркстандык ийриминин уюштурулушу М. к-нүн илимий негизде изилденишине өбөлгө түзүлгөн. Ошол жылдары В. В. Бартольд тарабынан М. к-нүн абалы, негизги архитектуралык мүнөздөмөлөрү кагазга түшүрүлүп, ченөө иштери аткарылган. 1923-ж. Түркстандын архитектуралык эстеликтерин мамлекет тарабынан корукка алуу тууралуу атайын декрет жарыялагандан кийин М. к. Кыргыз мамлекет тарабынан коргоого алынган. Ал ким тарабынан качан, кимге арналып курулган деген көптөгөн суроолорго күмбөздүн башкы фасадындагы «куфи» жазмасындагы жазуу жооп берди. Жазуунун толук жандырмагын 1938-ж. А. М. Беленицкий сунуш кылып, кийинчерээк М. Е. Массон айрым өзгөртүүлөрдү кийирген: «Улуу даражалуу мазар», жакшылардын жакшысы, даанышман, сыпайы, бактылуулардын нускасы, кудаа таалага ылайык иштердин төртүнчү доордогу эгеси, аялдардын эң даңктуусу Кенизек-Хатун, урматтуу эмирдин кызы, марттык менен ырайымдын булагынын кылычы да, каламы да жеңилбес, Абуке эмирдин, алардын сырын кудаа таалам билгилик кылбасын да жүргөн жерин бейиш кылсын. Манастын реставрацияга чейинки күмбөзү.
Бул Рамазан айынын башында болгон да ал касиеттүү кудаа тааланын төртүнчү жылдагы «айы» жазуунун аягы сынып жок болгондуктан күмбөз 14-кылымдын кайсы он жылдыгында тургузулгандыгын аныктоого мүмкүн эмес. Буларды тарыхый маалыматтар менен бирге талдап Дуба кан эмир Абуке атасы, Кенизек-Хатундун чоң атасы экендиги жана Кенизек-Хатун 1334-ж. 6-майда жума күнү дүйнөдөн кайткандыгы аныкталган. Кенизек-Хатундун күмбөзүн эл ичинде М. к. деп аталганы баарыбызга белгилүү. «Семетей» эпосунун көпчүлүк варианттарында М. к. Талас өрөөнүнөн алыс эмес суу жээгиндеги Төрткүлдүн төмөн жагында Кайнардын как өзүндө курулгандыгы айтылат, башкача айтканда күмбөздүн төбөсү шоңшойбостон томпок (сферический) болуп тургузулат, анда Манастын курал-жарактарынын баары коюлуп, дубалдын ички бетин толтуруп, эпикалык баатырлардын жүрүштөрү, кан майдандагы салгылашуулары, айрымдарынын жеке портреттери тартылгандыгы айтылган. Чындыгында ушул көрүнүштөгү архитектуралык курулуштардын 6—8-кылымдарда Пенжикент, Варахша, Афрасиаб шаарында кенен колдонулгандыгы белгилүү. Алардын дубалдарынын ички беттерине «Шахнаме» эпосунун эпикалык сюжеттеринен образдуу сүрөттөрдүн тартылгандыгы археологиялык казуулардан маалым. Мамл. мекеме жайларды, сарайларды эпикалык сюжеттерден алынган сүрөттөр менен кооздоо бир кезде өзүнчө салтка айланган. Ушунун негизинде 8 — 10-кылымда Талас өрөөнүндө Текабкет, Шельджи, Сус, Куль, Ак-Төбө шаарларындагы сарайлардын ички бети элдик чыгармалардагы эпикалык сюжеттерди чагылдырган сүрөттөр менен кооздолгон сыяктанат. Анткени, 1903-жылдагы айрым маалыматтар боюнча күмбөздүн дубалдарында сүрөттөр болгон. Бирок, кандай мааниде экендиги белгисиз. Албетте, сүрөттөрдү «Манастын прототиптериники дешке негиз жок, бирок мындай пикирди таптакыр жокко чыгарууга да болбойт. Демек, эстеликтин М. к. деген атка конушу жок жерден чыккан эмес, анын элдик оозеки чыгармачылык менен байланышкан себептери бар экендиги шексиз. Уламыштардын дагы биринде күмбөздү Семетей салдыргандыгы айтылат. Кыш жасоо үчүн топуракты алыстан алдырып, ылайга эчкинин кылын кошуп, бышкан кыштарды эркечтин майына кайнаткан дешет. М. к. жөнүндө эпосто төмөндөгүдөй саптар бар:
Жети миң эркеч бир кырып,
Кыш бышырып бек салды.
Жети кылым өткүчө
Жетигимдин күмбөзү
Бузулбай турсун деп салды
Алты миң эркеч бир кырып,
Кыш кайнатып бек салды,
Алты кылым өткүчө
Айкөлүмдүн күмбөзү
Бузулбай турсун деп салды (Саякбай Каралаев, 1. 238).
Кыштын топурагынын составынан Кеңкол дайрасынын жайыктарына мүнөздүү болгон кесек кумдун табылышы кыш даярдоо үчүн жергиликтүү материал пайдалангандыгын айгинелейт. Кээ бир кыштарда кам кезинде беттерине батып калган айбанаттардын издери бар. Реставрациядан кийин.
Ал издер Талас өрөөнүндө таралган айбанаттарга таандык экени далилденген. Ошентип, М. к. Чүй, Талас өрөөндөрүндө отурукташкан «Согдалыктардын» салттык архитектурасынын негизинде курулуп (9—10-кылымда) кийинки тынымсыз кагылыштардын биринде кыйрап жок болгон. Бирок, 14-кылымда курулуп, кийин ушул чөлкөмдө жападан жалгыз бүтүн калган күмбөздү эл өзүнүн сүйүктүү баатыры
Манастын ысымы менен байланыштырып айтып калган.
К. Айдаркулов, М. Сыдыков
«МАНАСТЫН» МУЗЫКАСЫ. Кыргыз эл эпосу «Манас» — бул улуттук поэзия гана эмес, музыкалуу, обондуу ыр маданияты жагынан да зор көркөм чыгарма. Мазмуну, формасы боюнча фольклордук чыгармачылыктын түрлүү элементтеринен турган эң чоң катмар. Музыкалык аткаруучулук өнөр жагынан алып караганда согуш-казат, кошок, күлкү-тамаша, ашыктык, оюн-зоок өңдүү элдик ыр жанрларын өзүнө камтыган синтездик көркөм формага кирет. Бирок, «Манас» бири-биринен бөлүп алгыс сөз, музыка жана көркөм кол шилтемдерден түзүлгөн синкретизмдик же болбосо жарым синкретизмдик искусство болуп да эсептелинет. «Манастын» эң башкы музыкалык өзгөчөлүгү — анын жекече (соло) жана музыкалык аспаптын коштоосусуз аткарылгандыгы. Коштоочу аспаптык музыканын жоктугу өзүнчө бир ритмдештирилген актёрдук кол шилтемдер, жаңдоолор менен толукталып турат. Эпопеянын музыкалык интонацияларын өзүнчө эле жаткан обондор дүйнөсү, кыргыз эпикалык речитациясынын энциклопедиясы десе болот. Манасты аткарууга манасчылардын баарына орток, мүнөздүү обон, ык калыптанган, ошол белгилүү обон, ыкты ар бир аткаруучу өз талант-жөндөмүнө жараша өздөштүрөт, өз алдынча вариациялайт.
Демек, ар бир профессионал манасчынын жекече айтуучулук жөндөм-шыгына жараша эпостук обондордун ар кандай варианттары түзүлөт. Маселен, улуу манасчы Саякбай Карала уулу башка манасчылардан бөтөнчө экспрессиялуу үн интонациялары менен айырмаланып турат. Буга далил катары анын аткаруусунда «Каныкейдин Тайторуну чапканы» эпизодунан кичинекей үзүндүнүн нотасын келтиребиз.
Бул келтирилген музыкалык «тез сүйлөө» речитативи Саякбайдын экспрессиялуу аткарган обонун иллюстрациялоо менен бирге, жалпы эле эпос айтуучулардын Ысык-Көл аймактык мектебинин үлгүсү боло алат.
Сагымбай Орозбак уулунун үнү жазылып калбагандыктан анын айтуу стилин конкреттүү түрдө нота менен көрсөтүү мүмкүнчүлүгү жок. Бирок, Сагымбай жөнүндөгү эскерүүлөргө караганда, ал салмактуу, жай, академиялык мүнөздө ырдаган. Сагымбайдын аткаруучулук стилин улантуучулардын бири — манасчы Молдобасан Мусулманкул уулу болгон. Анын аткаруусундагы граммафон табагына жазылган «Манастын чоң казатка аттанышы» — деген үзүндүнүн негизинде жогоруда айтылган ойдун туура экендигине толук ишенүүгө болот. Ушул үзүндүдө Молдобасан «чоң» эпостун музыкалуу лейтмотиви болуп эсептелинген сегиз-тогуз добуштуу фраза менен варианттап кайталап айтат. Саякбайдай экспрессиялуу речитатив — тез сүйлөмө интонацияларды колдонбойт. Нотада Молдобасан «Манасынын» музыкалык лейтмотиви берилген.
«Манас» айтуучунун эң кийинки мезгилдеги өкүлдөрүнүн бири катары Кыргыз мамлекеттик филармониясынын манасчы-солисти Назаркул Эшенкул уулу Сейдиракмановду алууга болот. Ал ар кайсы аймактык «мектептердин» ыкма-каражаттарын пайдаланып, синтездештирилген өзүнчө бир речитатив обондуу жекече аткаруучулук. манерага жетишкен.
«М» м. кыргыз эл аспаптык чыгармачылыгына да чоң таасир тийгизди. Кээ бир божомолдорго караганда революцияга чейин чоң манаптардын (мисалы Ормондун) керней, сурнай, добулбастардан түзүлгөн аскердик (кошундук) оркестри болгон. Ошондой эле комузчулардын чыгармачылыгында «Манастын» лейтмотивинин негизинде түзүлгөн марш ритмдүү казаттык музыкалык чыгармалардын кеңири орун алышын белгилөөгө болот. Мисалы, А. Тыныбековдун «Чоң кошуун», «Семетей күү» аттуу комуз күүлөрү «М.» м-нын негизинде жаралган кыргыз эл аспаптык музыкасынын үлгүсү болуп саналат. «М.» м. кыргыз музыкасына да таасирин тийгизүүдө, к. Музыка жана «Манас».
К. Дуйшалиев
исполнитель эпоса "Манас" (этот термин появился после революции, раньше сказителей "Манаса", как сказителей вообще богатырского эпоса, называли жомокчу, см.).
адаб. Кыргыз элинин гениалдуу көркөм мурасы «Манас» эпосун айтуучу, аткаруучу таланттуу адам. Эл дегдешип манасчынын, ырчынын, комузчунун чыгышын күтүштү.