МАНАС
Энциклопедия "Манас". ч.1.МАНАС — топоним. Казакстан (Жамбыл облусунун, Георгиевка району) аймагындагы бейит, мазар. Чүй дарыясынын оң жээгиндеги Какпак-Суунун чатынан бир аз ылдый. Мазардын орду революцияга чейин жарыяланган топографиялык карталарда көрсөтүлгөн.