МАНАС Энциклопедия "Манас". ч.1. МАНАС — топоним. Дагстандын Ленин районунун аймагындагы темир жол станциясы. Каспий деңизинин жээгинде. Махачкала шаарынан 34 км түштүк-чыгышта. Станциядагы кыштакта кумык, авар, даргин, орус жана башкалар эл жашайт.