Энциклопедия "Манас". ч.1.
«МАНАС» — Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча жарык көргөн «Манас» үчилтигинин 1-китеби (Фр., 1978). Китеп бир колонка менен терилип, көлөмү 11308 сап ырдан турат. Китептин аягына айрым сөздөрдүн түшүндүрмөсү берилген. «Байыркы кыргыз рухунун туу чокусу» деген ат менен академик Чынгыз Айтматов баш сөз жазган. Басмага даярдап, сөздүгүн түзгөн, ошондой эле «Сагымбай манасчы жана анын варианты жөнүндө» деген көлөмдүү макаланы С. Мусаев жазган. Китепти көркөмдөгөн сүрөтчү Т. Герцен.
Өз доорунун мыкты жомокчуларын жакшы билген жана алардын варианттарындагы мурдатан салт катары аткарылып келген артык үлгүлөрүн чыгармачылык менен өркүндөтө алган Сагымбай Орозбак уулунун бул варианты ырынын кооздугу, түзгөн элестеринин тереңдиги, эл турмушун таамай сүрөттөй алганы менен белгилүү. Түзүүчү жомокчунун өзү кандай айтып жаздырса так ошол калыбында кийлигишүүсүз, башкача айтканда тексттеги сөздөр, ыр саптар оңдоого, орун алмаштырууга, бир сөздүн ордуна башка сөз пайдаланууга жол берилбей, эч өзгөрүүсүз, так берүүгө далалаттанат. Элибиздин байыркы ата мурасынын эң туу чокусу «Манас» эпосунун Сагымбай Орозбак уулунун айтуусундагы «Манастын» биринчи китебине Манас баатырдын тегинен кабар берген кара сөз түрүндөгү кыскача маалыматтан тартып жаш баатырды кан шайлоого чейинки окуялар кирген. Анын ичинде Жакып Чыйырды, Бакдөөлөт үчөөнүн көргөн кереметтүү түшү, Манастын туулушу жана ага той бергени, Жакып өзүнүн койчусу Ошпурга Манасты койчулукка бергени, Манастын Эсенкан жиберген тыңчыларын жайлаганы, Нескара менен Манастын урушу, Манас жолдоштору менен салбырынга барганы, Манастын кан шайланышы сыяктуу окуялар камтылган.
Ж. Сагынов