МАНАС
Энциклопедия "Манас". ч.1.«МАНАС» (Тынчтык проспектиси 47, Бишкек шаары) — кең экрандуу кинотеатр. 1966-ж. ачылган. 740 орундуу. Советтик жана чет элдик фильмдер көрсөтүлөт. «Кино жана мезгил» студенттик кинолекторий, «Светофор», «Жылдызча», балдар киноклубдары, ошондой эле видеозалдары бар. Фоесинде кинорекламаларды жана хроника көрсөтүү үчүн күндүзгү проекция установкасы иштейт.