МАНАС
Энциклопедия "Манас". ч.1.«МАНАС» — «Манас» эпосунун кара сөз түрүндөгү баяндамасы (Фр., 1986). Сагымбай Орозбак уулу менен Саякбай Карала уулунун варианттарынын негизинде жазылган. Түзүүчү — С. Мусаев. Жооптуу редактору — Э. Абдылдаев. 284 беттен турат. Китепте Манастын төрөлүшү, балалык чагы, алгачкы каршылашкан душмандарын жеңип, өз эли-жерине ээ болушу, үйлөнүшү, чоң казат, баатырдын өлүмү сыяктуу эпостогу туруктуу салттык окуялар толугу менен камтылган. «Манас» үчилтигинин 1-бөлүмү менен окурмандарды тааныштыруу, эпостун көптөгөн варианттары жөнүндө жалпы түшүнүк берүү максатында кара сөз түрүнө келтирилген. Эпостун окуяларынын өнүгүш нугу, ар биринин салттуу орду өз үлгүсүндө так сакталган.