МАНАС
Энциклопедия "Манас". ч.1.«МАНАС» — Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча жарык көргөн «Манас» үчилтигинин 4-китеби. Китеп бир колонка менен терилип, көлөмү 15268 сап ырдан турат. Эпостун бул бөлүгүн басмага даярдап жана тиркемелерди түзгөн Э. Абдылдаев, китепти көркөмдөгөн сүрөтчү Т. Т. Герцен. Китепке эпостун белгилүү эпизоддору Жети кандын кеңеши, элчилердин Манаска барышы, Манастын кандарды күткөнү, колдун Бээжинге аттанышы, Каныкейдин сарамжалы, Алмамбетти кан көтөргөнү, аскерлердин жолго аттанышы, Алмамбеттин Сыргакты чалгынга барууга тандашы, Алмамбет баатырдын чалгынга жөнөөрдүн алдында кытайдын көптүгүн Манаска айтканы, Макел-Малгундун Алмамбеттен жеңилиши, Алмамбет менен Сыргактын Бээжинге чалгын чалышы, Алмамбет баатырдын эл-жерин, атасынын сарайын көрүп арман кылганы, Карагулга жолукканы, Карткүрөңдү жылкыга кошуп, жылкы тийгени, Коңурбай жылкылардын артынан келип уруш салганы, Кыргыздардын колуна Сыргактын кабар бергени сыяктуу окуялар киргизилген. Китептин аягына адам аттарынын, этноним, топонимдердин, ат (ысым) көрсөткүч тиркемеси берилген.
Ж. Сагынов
Ж. Сагынов