МАНАС
Энциклопедия "Манас". ч.1.«МАНАС» — Саякбай Карала уулунун варианты боюнча жарык көргөн «Манас» үчилтигинин 2-китеби (Фр., 1986). Китеп эки колонка менен терилип, көлөмү 30000 сап ырдан турат. Эпостун бул бөлүгүн басмага даярдап, сөздүгүн түзгөндөр: С. Мусаев жана М. Мукасоветтик Китептин аягына айрым сөздөрдүн түшүндүрмөсү берилген. Аны көркөмдөгөн сүрөтчү Т. Курманов.
Бул китепте Көкөтөйдүн ашы, жети кандын чатагы, колдун чоң казатка аттанышы, Алмамбет менен Сыргактын чалгынга жөнөшү, Чубактын чатагы, Алмамбеттин жомогу, чалгын чалуу, кытай жеңилип, Эсенкан Манаска Чет-Бээжиндин кандыгын бергени, Манастын жарадар болгону, Кожожаштын келиши менен кыргыздардын жеңилиши, баатырлардын өлүшү, Таластан Тайбуурулдун келиши жана Манастын акыркы урушу, колдун кайтышы берилген. Китеп Манастын өлүмү, Каныкейдин Манаска күмбөз салдырганы, акылмандык менен Манастын сөөгүн жашырын койгону менен бүтөт.
Саякбай алгач Көкөтөйдүн ашын «Семетейде» жаздырган. 1968-ж. эпосту кайталап жаздырганда ушул тартипте айткандыктан түзүүчүлөр аштын окуяларын «Семетейге эмес», «Манаска» киргизишкен.
Ж. Сагынов