МАНАС
Энциклопедия "Манас". ч.1.«МАНАС» — «СССР элдеринин эпостору» сериясынан кыргыз, орус тилдеринде чыккан «Манас» эпосунун 3-китеби (М., 1990). Китептин тексти негизинен Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча даярдалган. Китепте кыргыз элинин үрп-адат, каада-салты кеңири чагылдырылган. «Көкөтөйдүн ашы» эпизоду камтылган. Китеп кыргызча тексти жана орусча котормосунан турат. Аягында комментарийлер менен айрым сөздөрдүн түшүндүрмөсү берилген. Орусчага СССР Илимдер акдемиясынын А. М. Горький атындагы дүйнөлүк адабият институтунун илимий кызматкерлери А. С. Мирбадалева, Н. В. Кидайш-Покровская которгон. Басмага Б. М. Юнусалиев, С. Мусаев, Э. Абдылдаев, Р. Кыдырбаева, К. Кырбашев, А. Жайнакова, Р. Сарыпбеков, С. Бегалиев жана башкалар даярдаган.