МАНАС
Энциклопедия "Манас". ч.1.«МАНАС» — «Манас» эпосунун орус тилине которулган китеби (М., 1960). Баш сөзү С. Липкин менен С. Дароняндыкы. Редактору Т. Колякина. Сүрөттөрүн Г. Фишер тарткан, которгондор С. Липкин менен Л. Пеньковский. С. Липкин баатырдын төрөлүшү, Каныкейдин каты, Коңурбайдын элдешүүнү бузушу, Баатырлардын өлүмү, Манастын кайтышы, Манастын керээзи, Манастын өлүмү, ал эми Л. Пеньковский Көкөтөйдүн ашын которгон. «МАНАС» —«Манас» эпосунун орус тилине которулган «Чоң казат» бөлүмү (М., 1941). Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча С. Липкин менен М. Тарловский которгон. Баш сөзүн жазгандар жана редакциялап басмага даярдагандар: Е. Мозольков, Ө. Жакишев. Сүрөттөрүн тартып кооздогондор: Г. Петров, И. Костылев. Китеп СССР элдерин «Манас» эпосу менен тааныштырууда белгилүү роль ойногон.