МАНАС
Энциклопедия "Манас". ч.1.«МАНАС» (киргизийн ардын туульсаас) — «Манас» эпосунун моңгол тилине которулуп чыккан китеби (Улан-Баатыр, 1988). Аны В. Энэбиш которгон. Китепке эпостун төмөнкү окуялары кирген: баатырдын төрөлүшү, Көкөтөйдүн керээзи, Көкөтөйдүн ашына Манас баатырдын келиши, жамбы атуу, Манас менен Коңурбайдын эр сайышы, Кошой менен Жолойдун күрөшү, Каныкейдин каты, Коңурбайдын элдешүүнү бузушу, баатырлардын өлүмү, Манастын кайтып келиши, Манастын керээзи, Манастын өлүмү. Китептин аягына кээ бир сөздөргө түшүндүрмө берилген. Бул китептен моңгол окурмандары кыргыз элинин турмушунун көркөм энциклопедиясы болгон «Манас» эпосу жөнүндө толук маалымат алышат.