Энциклопедия "Манас". ч.1.
«МАНАС» — Кызыл-Суулук (КЭР) кыргыз манасчы Жусуп Мамайдын варианты боюнча кыргыз тилинде араб ариби менен жарык көргөн «Манас» үчилтигинин 1-китеби (Үрүмчү, 1984). Басмага даярдаган Асанбай Матили, жооптуу редактору Норух Үсөналы. Анда жалпы эле «Манас» эпосунун мааниси жана дүйнөлүк оозеки адабияттан алган орду көрсөтүлүп, «кыргыздардын саясий, экономика, заң-закүн, философия, тарых, география, дин, турмуштук салт-санаалар, табигый жагдай жана адам мүнөздөрү сыяктууларды бир-бирлеп өз ичине сиңирген.


Ал канчалаган узун тарыхты басып өтүп, Түндүк Моңгол аймактарына, Орто Азиянын жер-жерлерине чейин баскан изин көрсөтө алат. Атап айтканда бул чыгарма кыргыз турмушунун энциклопедиясы болуп саналат. Бул улуу чыгарма жалгыз гана кыргыз элинин кымбаттуу байлыгы болуп калбастан Жаңгуа улутунун баа жеткис байлыгы, ошондой эле дүйнө элинин кымбаттуу байлыгы болуп каралат», — деп тарыхый-философиялык жана эстетика-тарбиялык маанисине кириш сөздө токтолгон. Ошондой эле «Манас» эпосунун мазмуну, көркөмдүгү, улуттук өзгөчөлүгү, эпос пайда болгон доор, эпостун таралышы жана манасчылар жөнүндө кеңири баяндама берилип талдоо жүргүзгөн.
Китепке Кыргыздардын таралышы, Алоокенин кыргыздарды чабышы, Кардыгачтын туулушу, Жакыптын Магдымды алышы, Манастын төрөлүшү, Манастын Турпанда эгин эгиши, Жакыптын кандык алышы, Аккулага ээ болушу, Манастын куттуу үйүнө кайтышы, Манастын Балта дөөгө барышы, Акбалтанын Манаска айткан насааты, Манас менен Дөөдүр алптын кагылышы, Манастын Кошойго конок болушу, Манастын Бөдөнөнү кооптон куткарышы, Кырк душмандын кырылышы, Манастын каруу-жарактарынын жасалышы, Аколпокту алып келүү, Кырк чоронун куралышы, Жаш Манастын Көңтөйдү сайышы, Манастын элге акыл-насаат айтышы, Жеңиштен кийинки той, Жайлоо, Манастын качкан калмакты кубалап Шоорукка барганы, Шооруктун Манастан жеңилиши, Манастын Накылайды алышы сыяктуу «Манас» эпосунун сюжеттик сызыгын түзгөн негизги туруктуу окуялар орун алган.
К. Кырбашев