МАНАС
Энциклопедия "Манас". ч.1.«МАНАС» — «СССР элдеринин эпостору» сериясынан кыргыз жана орус тилдеринде жарык көргөн «Манастын» 1-китеби (М., 1984). Тексти Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча даярдалган. Китепке Манас баатырдын төрөлүшү, балалык чагы, өспүрүм кезиндеги алгачкы эрдиктеринен баштап кыргыз урууларынын башчылыгына — кан шайлаганга чейинки окуялар камтылган. Орусчага СССР Илимдер акдемиясынын А. М. Горький атындагы дүйнөлүк адабият институтунун илимий кызматкерлери А. С. Мирбадалева, Н. В. Кидайш-Покровская которуп, Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын «Манас» секторунун ал кездеги башчысы С. Мусаев, сектордун илимий кызматкерлери менен бирдикте басмага даярдаган. Орусча котормосу улуттук өзгөчөлүгү менен берилип, сөздүк жана айрым сөздөрдүн түшүндүрмөсү менен коштолот.