МАНАС
Энциклопедия "Манас". ч.1.МАНАС, Манасаровар, Манам-Цо — топоним. Тибеттин түштүк-батышында Гималай тоо кыркаларынын түндүк этегиндеги көл. Сатлеж (Инди дарыясынын сол салаасы) өзөнүнүн башталыш жеринде. Көл деңиз деңгелинен 4557 м бийиктикте жатат. Аянты 500 чарчы км чамасында. Көл балык, каз-өрдөккө бай, жээктери малга жайыт. Индия, Тибет элдери Манас көлүн ыйык көрүп, ага сыйынышат.