Энциклопедия "Манас". ч.1.
МАНАС, Манас-Ата — топоним. Талас Ала-Тоосунун эң бийик жеринин бири. Бийиктиги 4483,8 м. Талас тоо кыркаларынын күн батышында, Күркүрөө суу алабынын баш жагында жайгашкан. Казакстан менен Кыргызстанды бөлүп турган чек арадан 3125 м түндүктө. Өзгөчө бийиктиги, сөлөкөтү, алып турган орду менен Манас-Ата башка тоолордон бөлүнүп, айырмаланат. Жалпы туругу сүйрүчө: түштүктөн түндүктү карай узун (8—9 км), туура жагы кыска (5—6 км). Тулку байыркы палеозойдук сланец, акиташ, кумдак таш (песчаник) тоо тектеринен курулган.
Тоонун баш жагы, чоку бөлүгү (400 м өйдө) конус формасында, тик, жылаңач. Анын бир гана түндүк бети тайпак, узун, 7—8 км созулуп, этеги 1500—2000 м бийиктикте бүтөт. Калган жактары тик, жантык. Батыш капталы 3—4 км, түштүк бети кыска 500—600 м, чыгыш тарабы аска-зоокалуу, 4000—3800 м чейин гана созулат. Түштүк жана чыгыш жагынан коңшу бийик тоолор менен туташып кетет. Манастын тоосунан бир кыйла майда суулар (Куруч-Көлдүн, Аташ-Чапкандын оң куймалары) куралат. Алардын ирилери — Кара-Шылдыр, Дандыр.
Элдик уламыш боюнча Манас Талас Ала-Тоосунун жонуна чыгып, эл-журт тынчпы, келеткан душман — жоо барбы, жокпу деп ары жак, бери жакты карачу экен. Ошондон эл тоону ыйык көрүп, Манас-Атанын тоосу деп атап калган дейт.
С. Өмурзаков