МАНАС
Энциклопедия "Манас". ч.1.МАНАС — топоним. Дагстандын Ленин районунундагы климаттык курорт. Каспий деңизинин жээгинде. Махачкала шаарынан 50 км түштүк-чыгышта. Курорттун аймагында минерал суулар (йод-бром) бар. Мында «Каспий», «Чайка» санаторийлери, эс алуу үйлөрү иштейт. Бул курорттун, ошондой эле Дагстандагы башка жер-суу аталыштары (Манаскент, Манасмахи, Манас темир жол станциясы жана башкалар) мында илгертеден жашап келаткан ногой калкынын дастанына байланыштуу деп каралат. Ногой, кыпчак жана башкалар уруулар Түндүк Кавказга Алтын-Ордо кулагандан кийин (15-к.) ооп келген. Манас ногой уругунан чыккан дегенди эске алганда Дагстандагы топонимикалык «Манасиа» да Манастын ысымына байланыштуу экендигин байкоого болот.